Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:53

Жаңы окуу жылынан тарта Бишкектеги 44 мектепте сабактар саат 7:30да башталат


Бишкек шаарындагы мектептердин бири.
Бишкек шаарындагы мектептердин бири.

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы окуу жылынан баштап дагы 30 мектепте сабактар саат 7:30дө баштала турганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, буга чейин 14 муниципалдык мектепте сабактар 7:30да башталып келсе, эми алардын саны 44кө жетти.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 103 муниципалдык мектепте 198 миң 129 бала билим алат. Жогорудагы өзгөртүүдөн кийин мектептердин 42-44% эрте мененки 7:30дан тарта билим берүүгө өтөт.

“Мындан тышкары, жол-транспорт инфраструктурасындагы тыгындарды жоюу максатында Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын эскертет, эреже бузган учурда аларды айып пул менен эвакуациялоо чаралары көрүлөт. Ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ата-энелерден балдарынын жакын жердеги мектептерде билим алуусун алдын ала пландаштырууну суранабыз”, - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында, 25-июлда Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкектеги мектептерде сабактарды саат 8:00дөн эрте баштоого уруксат берилген. Ошол эле документте борбор калаадагы кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керектиги жазылган.

Бишкек шаарында жалпы саны 167 миң 727 окуучуну түзгөн 129 кесиптик-техникалык билим берүү уюмдары бар.

Буга чейин шаар мэри Айбек Жунушалиев жол тыгынын чечүү үчүн мектептерде сабактарды саат 7де, айрым мекемелерде саат 10до баштоо сунушун жарыялаган. Буга социалдык тармактарда сын-пикирлер да айтылган.

XS
SM
MD
LG