Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Жо Байден Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяху менен жолукту


Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден бейшембиде Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алды. АКШ администрациясынын өкүлүнүн айтымында, жолугушууда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) уюму менен ок атышууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча макулдашуу ыктымалдыгы талкууланды.

Жолугушуунун алдында лидерлер журналисттердин суроолоруна жооп беришкен жок, кыска кайрылуу менен чектелишкен. Анда Нетаньяху жакында экинчи президенттик мөөнөткө ат салышуудан баш тарткан Байденге “Израил мамлекетин 50 жылдан берки колдоосу” үчүн ыраазылыгын билдирди. Байдендин саясатта жүргөнүнө 50 жылдан ашты, ал алгачкы жолу 1972-жылы Сенатка шайланып келген.

АКШ президенти Нетнаньяхуга кайрылып, алар талкуулай турган көп маселе бар экенин белгиледи. Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби жолугушууда президент Газадагы ок атышууну кыска убакытта, болбоду дегенде алты жума ичинде токтотуу боюнча келишимге келүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилегенин айтты.

Байден менен Нетаньяху жакындары ХАМАСтын туткунунда турган АКШнын жана Израилдин жарандары менен да жолугушту.

Нетаньяху Байден баш тарткандан кийин президенттикке демократтардын атынан талапкер болгону жаткан вице-президент Камала Харрис менен жолугушканы да кабарланды. Израилдин өкмөт башчысы анын шайлоодогу республикачылардын атынан чыга турган атаандашы, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен да жолугууга ынтызар болууда.

Шаршембиде Израилдин премьер-министри Вашингтондо АКШ Конгрессинин алдында кайрылуу жасаган. Ал сөзүндө Жакынкы Чыгышта жана жалпы дүйнөгө негизги коркунуч катары Иранды атаган. Ал АКШны Израил менен бирге Ирандын коркунучуна каршы аскердик альянс түзүүгө чакырган.

Ал ошондой эле Газа секторунда ХАМАСты толук жок кылуу үчүн АКШны Израилге аскердик жардамды тездетүүсүн суранган.

Нетаньяхунун Вашингтонго сапары нааразылык акциялары менен коштолду. Капитолийдин имаратынын алдына миңдеген адам чогулуп, Палестинага тилектештигин билдирип, Газа секторундагы жайкын тургундардын геноциди үчүн Израилди айыптап турушту. Конгресстин ондогон мүчөлөрү Нетаньяхунун саясатына протест катары анын кайрылуусуна катышуудан баш тартты.

Буга удаа эле Вашингтондо Нетаньяхуну туткундарды куткаруу үчүн жетиштүү аракет кылбай жатат деп айыптаган Израилге тилектештик билдиргендердин акциясы өтүп, алар өкмөт башчыны ХАМАС менен туткундарды бошотуу боюнча келишимге тезирээк келүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG