Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:51

Байден Украинаны, демократияны коргоого убада берди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден шайлоого катышуу ниетинен баш тартканын алгачкы жолу эл алдына чыгып жарыялады жана кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин Кошмо Штаттардын өзүндөгү демократияны жана Украина сыяктуу өнөктөштөрдү колдоосун уланта берерин билдирди.

24-июлдагы жалпы америкалыктарга кайрылуусунда Байден 5-ноябрда өтө турган шайлоого катышуудан баш тарткан себебин жеке амбицияларды четке кагып, жаңы муундун бийликке келишине шарт түзүүгө убакыт келгени менен түшүндүрдү.

"Биз [Орусиянын президенти Владимир Путинге] Украинаны басып алуусуна, азыркыдан да көп зыян келтиришине жол бербөө үчүн намыскөй мамлекеттердин коалициясын түзүүнү уланта беребиз. НАТОну күчтүүрөөк кылып сактайбыз, мен аны мурдагыдан да күчтүү жана бирдиктүү кылам», - деди Байден түз эфирдеги 10 мүнөттүк кайрылуусунда.

Байдендин президенттик мөөнөтү расмий түрдө 2025-жылдын 20-январында аяктайт. Жакында ал демократтардын президенттик кызматка талапкери катары өзүнүн ордуна мурдагы прокурор жана сенатор, 59 жаштагы вице-президент Камала Харристи сунуш кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG