Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:29

Ошко Европа инвестициялык банкынан 6 миллион евро насыя алуу жактырылды


Ош шаарынын кире бериши
Ош шаарынын кире бериши

Министрлер кабинети Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жана Балыкчы шаарына маданий-тарыхый объектилерди курууну көздөп жатат.

24-июлдагы жыйында ал жактагы жерлерди трансформациялоо чечими кабыл алынганы расмий кабарланды. Бул кадам инвестициялык климатты жакшыртуу чарасы катары түшүндүрүлдү. Тарыхый-маданий объектилер кайсы каражаттан жана качан курулары тууралуу маалымат берилген жок.

Мындан тышкары, Финансы министрлиги Европа инвестициялык банкынан Ош шаарынын мэриясына 6 миллион евро өлчөмүндө насыялык каражат бөлүүнү жактырды. Бул чечим экономикалык, экологиялык жана социалдык потенциалды жогорулатууга, жергиликтүү инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө шарт түзөрү белгиленди.

Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн меморандумга быйыл 30-январда кол коюлган. Каражат өлкөдөгү транспорт тармагындагы долбоорлорду каржылоого жумшалары айтылган. Меморандумга кол коюу аземи Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча алгачкы Global Gateway инвесторлор форумунун алкагында болгон. (SE)


XS
SM
MD
LG