Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:33

Ош шаарындагы жылуулук борбору мэриянын менчигине өтөт


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Ош шаарындагы жылуулук электр борбору мэриянын менчигине өтөт. Бул тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-июлда кол койду.

Учурда жылуулук электр борбору “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун эсебинде турат.

Токтомго ылайык, мэрия “Электр станциялары” мекемесинин жылуулук борбору боюнча бардык укуктарын, штаттык орундарды, мүлкүн жана керектөөчүлөрдүн, насыя бергендердин алдындагы жоопкерчилигин өзүнө алат.

Мэриянын алдында тиешелүү жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишкана түзүлөт. Шаардык бийлик 2028-жылдан тарта жылуулук борбордун бардык чыгымын өзүнүн эсебинен камсыздай турганы, ага чейин керектүү даярдыктар көрүлүшү керектиги токтомдо жазылган.

Эми Ош шаарынын мэриясы электр жана жылуулук энергиясын колдонуу үчүн тарифти аныктайт.

Президент Садыр Жапаров 5-апрелде “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда башка маселелер менен катар "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын филиалдары: Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана Ош ЖЭБи, “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы да муниципалдык жылуулук менен жабдуучу ишканаларды түзүү жолу менен тиешелүү мүлкү, штаттары, каржылоосу жана милдеттенмелери менен чогуу жергиликтүү бийликтин жана шаар мэрияларынын балансына өткөрүп берүү каралган.

Майдын аягында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында борбор калаадагы Чыгыш автобекетинин имаратын, “Бишкек жылуулук тармактары” мекемесинин филиалдарын, Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жана башка объектилерди Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору жактырылган. Жогорку Кеңеш бул боюнча мыйзамды июнда кабыл алып берген.

XS
SM
MD
LG