Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Орусия Молдовадагы шайлоого "кийлигишүүдө" деген кооптонуу айтылды


Вашингтон жана Кишинев Орусия Молдовадагы быйылкы шайлоо өнөктүгүнө таасир этип, жалган маалымат таратуу аркылуу тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатат деп эсептешет. Мындай пикирин алар 23-июлда Вашингтондо өткөн жыйында билдиришти жана мындай аракет өлкө азыркы президенти Майя Сандунун жетекчилиги астында ийгиликтүү реформаларды ишке ашырып келаткан чакта көрүлүп жатканын белгилешти.

Молдованын АКШдагы элчиси Виорел Урсу калкы 2,5 миллиондук, демократияга жана базар экономикасына өтүү жараяны башка постсоветтик республикаларга караганда жайыраак жүрүп жаткан өлкө үчүн бул шайлоонун мааниси «тарыхый жана чечүүчү» экенин белгиледи.

Урсу Молдова курамындагы орусиячыл жикчил Приднестровье аймагында 1 миңге жакын орус аскери жайгашып турганын, Украинадагы согуш башталгандан бери бул өлкөдөн 1 миллионго жакын качкын киргенин, мындан улам жоопкерчиликти талап кылган кооптуу абал жаралып жатканын, Орусия Молдованы жалган маалымат таратуу үчүн «сыноо аянтчасы» катары колдонуп, мындай аракетин улам күчөтүп келатканын айтты. Дезинформация мурда орус тилинде жүргүзүлүп келген болсо, эми молдован тилине окшош румын тилинде да таратылып жатканын кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Кристофер Смит быйылкы шайлоо Молдова эли үчүн «тарыхый мүмкүнчүлүк» экенин белгилеп, Орусиянын агрессиясы, кийлигишүүсү жана жалган маалымат таркатуусу коркунуч жаратып жатканын айтты. Смиттин белгилешинче, Орусия Молдовада туруксуздук тутантуу, ар кандай нааразылык акцияларын уюштуруу, шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн олигархтарынын каражатын жумшоодо.

"Биз алардын максаты Кремлге ыктаган талапкерди кызматка алып келүү экенин ачык көрүп турабыз", - деди Смит.

Быйыл 20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо менен катар 27 өлкөдөн турган Европа Биримдигине кошулуу маселеси боюнча референдум да өткөнү жатат. Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылы 14-декабрда башталган.

Шайлоого катышарын азыркы президент Майя Санду жана андан тышкары дагы он чакты киши жарыялашты, арасында орусиячыл саясатчылар да бар.

2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан Майя Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда. (RK)

XS
SM
MD
LG