Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Орусиянын эл артисти Олег Газманов мигранттардын жүрүм-турумун сынга алды


Олег Газманов.
Олег Газманов.

Орусиянын эл артисти, өткөн шайлоодо президент Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлү болгон Олег Газманов бийлик көп сандагы мигранттардын киришине жол бербеш керек эле деген пикириде. Бул тууралуу ал "Белта" агенттигине курган маегинде билдирген. Анын айтуусуна караганда, мигранттардын жүрүм-туруму орус элинин маданиятына шайкеш келбейт.

Газманов бүгүнкү күндө миграция маселеси абдан курч экенин белгилеп, бул маселени чечүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлөрүнө ишенерин айтты. Ал ошондой эле чет жактан келгендердин көбү орус тилин такыр билбестигин же эптеп сүйлөрүн кошумчалады.

Газманов мигранттар менен иштешкен аткаминерлердин ишин кылмышка теңеди.

"Баарына жашыл жарык берип жаткан аткаминерлерди диаспоралар сатып алып жүрүшкөн жана сатып алууну улантып жатышат. Менимче, бул кырдаалдын мурда эле алдын алыш керек эле. Азыр бул тема абдан курч болуп турат",- деди ал.

Орусияда соңку күндөрү мигранттарга каршы билдирүүлөр байма-бай жасалып келет.

27-июнда Петербург эл аралык юридика форумунда сүйлөгөн учурда Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Орусия эмгек мигранттарын өлкөдөн кетириш үчүн аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын айткан.

Олег Газманов Украинадагы согушту колдоп ырдаганы үчүн Батыштын санкциясына киргизилген.

XS
SM
MD
LG