Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Бишкекке кирген машине, туристтерден акча алуу сунушталды


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаарынын мэриясы калаа аймагында салыктык эмес жыйымдарды киргизүү боюнча пилоттук долбоорду Министрлер кабинетине сунуштады.

Коомдук талкууга коюлган документте башка аймакта жана чет өлкөдө катталган автоунаалардын Бишкекке кирүү акысын, калаада ижарага берген электрондук чыгырык сыяктуу транспорттордон жана шаарга келген туристтерден акча алуу сунушталууда. Бул пилоттук долбоор 2024-жылдын 1-августунан баштап алты айлык мөөнөткө белгиленген.

Токтом долбоорунда салыктык эмес жыйымдардын суммасы, аларды чогултуу жана көзөмөлдөө механизмдери жазылган. Маселен, Бишкек шаарынын аймагына шаардан башка аймактарда катталган автотранспорттун кириши үчүн жыйымдын өлчөмү жеңил машинелерге 50 сом, чет өлкөлүктөргө 200 сом деп сунушталууда. Токтом долбоорун бул шилтеме аркылуу толук окусаңыз болот.

Мэрия мунун максатын “салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, Бишкек шаарынын бюджетин көбөйтүү" деп түшүндүрдү. (TSh)

XS
SM
MD
LG