Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Азербайжанда бийликти сындаган мурдагы дипломат кармалды


Эмин Ибрагимов.
Эмин Ибрагимов.

Азербайжанда 22-июлдун кечинде мурдагы дипломат Эмин Ибрагимов кармалганын "Азаттык" радиосунун азери кызматы жазды.

Ибрагимов ага метро станциясынын жанынан белгисиз бирөө кол салып, көп өтпөй формачан адамдар келип кармап кетишкенин адвокатына айтып берген. Мурдагы дипломат "атайылап кимдир бирөөнүн ден соолугуна залака келтирген" деп айыпталып жатат.

"Аны кимдир бирөөгө бычак менен жараат келтиргени үчүн камашкан имиш. Эмин мунун баары жалган экенин айтууда", – дешти мурдагы дипломаттын жакындары.

Ал эми Turan агенттиги Ички иштер министрлигине таянып, Ибрагимов 37 жаштагы киши менен жеке пикир келишпестиктин айынан мушташа кеткенин жазды.

"Ал жаран бычак жеп, ооруканага жеткирилди. Ибрагимов кармалды",- деп билдирген мекеме.

Эмин Ибрагимов мурда Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинде иштеп, кийин дипломатиялык кызматтан кеткен. Соңку жылдары ал бийликти сындап жүргөнү менен белгилүү. Июнь айында Азербайжанда экономист Фарид Мехрализаде Abzas Media басылмасынын ишине байланыштуу кармалган. Аталган медианын кызматкерлери уюшкан топтун курамында валюта аткезчилигине айыпталып жатышат.

Президент Илхам Алиев башкарган 20 жылдан бери өлкөдө саясий дискуссияларды чектеген мыйзамдар кабыл алынып, оппозиционер саясатчылар жана көз карандысыз журналисттер камалып келгенин эл аралык укук коргоо уюмдары билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG