Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Акылбек Жапаров ЖЭБдин модернизацияланган блокторун көрдү


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) модернизацияланган блоктордун жана көмүр кампасынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинети тараткан маалыматка ылайык, Жапаров күз-кыш мезгилинде шаарды электр энергиясы менен камсыздоо, жабдууларды модернизациялоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чараларына токтолду.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияда дарыланып келди. (TSh)

XS
SM
MD
LG