Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Харристи партия курултайынын көпчүлүк делегаттары колдоого даяр


АКШнын вице-президенти Камада Харрис. 22-июль, 2024-жыл.
АКШнын вице-президенти Камада Харрис. 22-июль, 2024-жыл.

Американын вице-президенти Камала Харристи президенттик шайлоого расмий талапкер катары көрсөтүү үчүн Демократиялык партиянын курултайынын көпчүлүк делегаттары колдоого даяр. Бул тууралуу айрым америкалык маалымат каражаттары жазышты. Анын кампаниясы бир күндө эле 80 миллион доллар топтоп, рекорддук көрсөткүчкө жетти.

AP агенттигинин 22-июлда жарыяланган бейрасмий сурамжылоосунун жыйынтыгына ылайык, Харристи кеминде 2579 делегат колдоого даяр. Демократиялык партиядан номинацияны жеңип алуу үчүн 1979 делегаттын добушу жетиштүү.

Харрис X социалдык түйүнүнө "кеңири колдоого ээ болгону менен сыймыктанарын" жазды.

Шайлоого 100 чакты күн калганда АКШ президенти Жо Байден жарыштан чыгып жатканын жарыялап, Камала Харриске колдоосун көрсөткөн. Бир катар таасирдүү демократтар, анын ичинде Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелоси да ага колдоосун билдиришти. Харристен башка бир демократ азырынча президенттикке баруу ниетин жарыялай элек. Буга чейин Харриске атаандашы катары чыгышы мүмкүн деген бир нече губернатор дагы азыркы вице-президентти колдорун ачык айтышты.

Анткен менен айрым көрүнүктүү демократтар Харриске колдоо көрсөтүүдөн карманып турушат. Арасында Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер да бар.

The Hill басылмасы жазгандай, 72 сурамжылоонун жыйынтыгында Ресупбликачылар партиясынын талапкери Дональд Трамп Харристен 2,5% алдыда баратат.

Президенттикке талапкер партиянын 19-21-августта Чикаго шаарында өтө турган улуттук курултайында аталууга тийиш.

XS
SM
MD
LG