Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

"Айчүрөк" соода борборунун ээсине козголгон кылмыш иши токтотулду


Анвар Габбазов. УКМК тараткан сүрөт.
Анвар Габбазов. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси Анвар Габбазовго (атайын кызматтын маалыматына караганда, ал фамилиясын Маметов деп өзгөрткөн) козголгон кылмыш иши токтотулганын кабарлады.

Атайын кызматтын кабарлашынча, Анвар Габбазов 16-июлда Кыргызстанга келип, аны катышуусу менен бир катар тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катыштыгы бар деген айып алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулду.

УКМК 2023-жылы Габбазовго эл аралык издөө жарыялаганын билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен шек саналып, сыртынан айып тагылганын кабарлаган.

Анвар Габбазов маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгенин билдирген.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. 9-октябрда УКМК аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG