Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Орусияда портко жасалган дрон чабуулу киши өмүрүн алды


"Кавказ" порту
"Кавказ" порту

Орусиянын түштүгүндөгү "Кавказ" портундагы жүргүнчү паромго жасалган дрон соккусунан кеминде бир кишинин өмүрүн кыйылды. Бир нече адам жараат алганын Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев Телеграм-каналда билдирди. Анын сөзүнө караганда 23-июлдун таңында украиналык дрондор паромго чабуул коюшкан.

"Тилекке каршы бир киши набыт болду, экипаж мүчөлөрүнүн жана порттун кызматкерлеринин арасында жараат алгандар бар", - деп жазды Кондратьев.

"Кавказ" портунан Керч булуңу аркылуу аннексияланган Крымга паромдор жөнөтүлөт.

Андан тышкары аннексияланган Севастополдун Кремль дайындаган губернатору Михаил Развозжаев калаага 15 дрон менен чабуул жасалганын, Керч көпүрөсүндөгү кыймыл убактылуу токтотулганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 23-июлдун таңында аймактарда жалпы 25 украин дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Расмий Киев бул маалыматтарга комментарий берген жок.

Ал арада Украина орусиялык күчтөр 23-июлга караган түнү Сумы облусундагы маанилүү инфратүзүм объектисине сокку урганын билдирди.

Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Украинанын армиясы тараткан билдирүүгө караганда, Сумы облусуна чабуул койгон сегиз дрондун жетөө атып түшүрүлдү.

XS
SM
MD
LG