Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Ишканаларды диний сөздөр менен атоого тыюу салган мыйзам ишке кирет


Президент Жапаров
Президент Жапаров

Президент Садыр Жапаров кол койгон “Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, ишкана, фирма жана компаниялардын аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салынат.

Жарандык кодекстин 89-беренесинин 1-бөлүгү “диний коммерциялык эмес уюмдарды, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт”, - деген ченем менен толукталат.

Диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер, аныктамалардын тизмесин жана аларды пайдалануу тартибин Министрлер кабинети бекитет. Бул мыйзамды 27-июнда парламент кабыл алган.

Кыргызстанда диний ат менен аталган ар кандай каржы уюмдары, кооперативдер арбын. (TSh)

XS
SM
MD
LG