Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Мэрия Бишкекте автоунааларды көчөгө кезек менен чыгарууну сунуштады


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек мэриясы шаарда автоунааларды номуруна карап кезектештирип чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Анда долбоордун максаты ири шаарларда жол тыгындарын азайтуу, жөө жүргөндөргө ыңгайлуу шарт түзүү, экологиялык абалды жакшыртууга багытталганы айтылат. Мыйзам долбоордун негиздеме катында республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда машинелердин номердик белгилери боюнча чектөө киргизүү сунушталды.

Ага ылайык, дүйшөмбүдө 1-2 сан менен аяктаган, шейшембиде 3-4 сан менен аяктаган, шаршембиде 5-6 сан менен аяктаган, бейшембиде 7-8 сан менен аяктаган, жума күнү 0-9 сан менен аяктаган номерлүү автоунааларга саат таңкы 7ден кечки 9га чейин шаардын жолуна чыгууга тыюу салынат. Мыйзамды сактабагандарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган.

Мындай чектөөлөр ишемби, жекшемби жана майрамдык эс алуу күндөрү колдонулбайт. Чектөө атайын жана коомдук автоунааларга тиешеси жок. Мэрия мындай кескин чара жолдогу тыгындарды 20% жеңилдетүүгө алып келет деп эсептейт.

2023-жылы дагы Бишкек мэриясынын автоунааларды номуруна карап кезеги менен чыгаруу сунушу социалдык тармактарда кызуу талкууланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG