Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Ишкерди камакка албоо мыйзамына кол коюлду   


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты өлкөдөгү ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган. Кылмыш-жаза кодексине кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамдуу ишине тоскоолдук жараткан кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо тууралуу жобо киргизилди.

Ишканаларды мыйзамсыз текшерүү боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексте жоопкерчилик күчөтүлдү.

Сотто ишкерлер жана инвесторлордун бөгөт чарасын аныктоодо биринчи кезекте электрондук билериктер, күрөө менен бошотуу же үй камагы колдонулат.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган, президент кол койгондон 10 күндөн кийин күчүнө кирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG