Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Бишкекте 60 баланы окуткан мыйзамсыз медресе аныкталды


Милиция тараткан видеодон алынган сүрөт.
Милиция тараткан видеодон алынган сүрөт.

Бишкек шаарында тийиштүү уруксат кагаздары жок балдарга диний сабак берген “Ыйман” деп аталган мыйзамсыз медресе аныкталып, иши токтотулду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

19-июлда шаардык милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы мыйзамсыз медресени аныктап, текшерүү жүргүзгөн. Анда жарым жертөлө болгон нымдуу жайда алтымыш бала окуу куралы жок тарбияланып жатышкан. Имараттын абалы санитардык талапка жоо берген эмес. Анын ээси 31 жаштагы жаран болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер калк арасында кеңири жайылганын, арасында түрдүү салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары шектүү окуу борборлорун жана лагерлерди мыйзамсыз иштетип жатканын кабарлап келет. Соңку айда эле бир нече мыйзамсыз медресе жабылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG