Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Москвада кызга бычак урган кыргызстандык кармалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын полициясы 22-июлда Москванын түштүк-батыш аймагында соода борборлордун биринин жанында кызга үч жолу бычак урган 22 жаштагы кыргызстандык кармалганын билдирди.

Бул тууралуу Тергөө комитетинин Москва шаардык башкы башкармалыгынын Телеграм-каналында кабарланды.

Видеосу дагы жарыяланып, анда киши кызга кол салып, качып кеткенин көрүүгө болот. Учурда полиция “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат. Бычак жеген кыз шаардык ооруканага жаткырылды.

Айрым Телеграм-каналдар шектүү кол салган кыз анын аялы экенин жазып жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG