Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:47

"Баш көтөрбөй сабалып, жылаңач жөрмөлөдүк". Туткундагы украин жоокерлери мекенине кайтты


Орусияда туткунда эки жылдан көп убакыт жатып, бошотулган украин аскерлери.
Орусияда туткунда эки жылдан көп убакыт жатып, бошотулган украин аскерлери.

Орусия менен Украина Бириккен Араб Эмирлигинин ортомчулугу менен “95ке 95” формуласына ылайык туткундарды айырбаштады. Ушуну менен эки тарап жыл башынан бери бешинчи ирет мындай кадамга барды. 18-июлга караган түнү Орусиянын бир нече аймагы абадан аткыланганы маалым болду.

28 ай же эки жылдан ашуун Орусияда туткунда жаткан украиналык аскерлер мекенине аман-эсен кайтып келгенине ишене албай турушат.

Чарчап-чаалыккан, арыктаган аскерлер колуна телефон тиери менен жакындарына чалып жатышты.

"Апаке, мен дагы бир мүмкүнчүлүк болору менен сизге кайра чалам. Апаке, мен сизди жакшы көрөм. Суранам, күт мени, күт",-деп алардын бирөө канча айдан бери энесинин үнүн укканда көздөрүнө жаш алды.

Айрымдары учакка отургуча мекенине кайтып жатканына ишенишпегенин айтып жатышты. Бошотулгандардын арасында украин Куралдуу күчтөрүнүн, Улуттук гвардиясынын аскерлери жана чек арачылар бар экенин буга чейин президент Владимир Зеленский билдирген. Ал ошондой эле туткундарды айырбаштоого көмөк көрсөткөн Бириккен Араб Эмирликтерине ыраазычылыгын айтты.

“Мен туткундарды айырбаштоо менен алектенген биздин командага жана Бириккен Араб Эмирликтерине көмөгү үчүн ыраазычылык билдирем. Канчалык кыйын болбосун биз туткунга түшүп калышы мүмкүн делген ар бир адамды издейбиз. Баарын кайтарышыбыз керек”,- деп Зеленский Телеграмга жазды.

Мекенине кайтып келгендердин арасында Мариуполдогу Азовсталь заводу үчүн бир нече ай салгылашып, акырында туткунга түшкөндөр да бар.

Орусиядан туткундан бошотулган украиналык аскерлер.
Орусиядан туткундан бошотулган украиналык аскерлер.

Аларды украиндер көчөлөрдүн боюна тизилип туруп, кубануу менен тосуп алышты. Айрымдары жетине албай белек-бечкегин да берүүгө үлгүрүштү.

Орусиянын Коргоо министрлиги 17-июлда Телеграм аркылуу билдиргендей, эки тараптан тең мекенине 95тен киши кое берилди.

“Куткарылган [орусиялык] аскерлер Коргоо министрлигине караштуу медициналык мекемелерде дарыланып, реабилитациядан өтүү үчүн Москвага аскердик учактар менен жеткирилет”,-деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Орусия менен Украина 95тен туткун алмашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

Ушуну менен быйыл жыл башынан бери бешинчи ирет Бириккен Араб Эмирликтеринин ортомчулугу менен эки тарап ортосунда туткундар айырбашталды.

Алгач 3-январда Киев 248 орусиялыкты бошотуп, ал эми Москва 230 украиналыкты үйлөрүнө кое берген.

Февралда эки тарап 100дөн туткунду бошоткон. Алардын арасында Украинанын Улуттук гвардиянын сержанты Андрей Старинщак да бар эле. Ал Орусияда туткунда 678 болгон.

Старинщактын айтымында, ал Чернобыль атомдук электр станциясын коргоп жаткан маалда колго түшкөн.

"Биз 169 адам элек. Бизге каршы төрт танк кербени кирди. Биз станцияда жардырууларга жол бербеш үчүн колдон келгенин кылдык. Анткени "Чернобыль-2" бизге кереги жок эле. Станцияда кан төгүү болгон жок."

Украинанын Улуттук Гвардиясынын сержанты Андрей Старинщак.
Украинанын Улуттук Гвардиясынын сержанты Андрей Старинщак.

Андрей Старинщакты Украинанын аймагынан Беларус аркылуу алып чыгып кетип, алгач Брянск облусундагы түрмөдө кармашкан. Бир жылдан кийин аны Тула облусундагы түрмөгө которушкан.

"Бир күнү эле баарыбызды Тула облусуна которуп салат деп элестеткен эмеспиз. "Кабыл алуу" (Приемка) абдан кыйын процесс. Баш көтөртпөй сабашат. Бир жолу узак аралыкка курттай кылып жылаңач жөрмөлөтүштү. Биринин артынан бирин..."- деп айтып берген Старинщак "Азаттыктын" украин кызматына берген кеңири маегинде.

Ал эми быйыл июнь айында ошол эле Перс булуңунда жайгашкан өлкөнүн көмөгү менен Украина менен Орусия 90дон туткунду айырбаштаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты орус аскерлери 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын февралына чейинки аралыкта эле туткундагы украин жоокерлеринин кеминде 32син өлтүргөнүн билдирген. БУУнун эксперттеринин сурамжылоосуна катышкан 44 орусиялык согуш туткуну Украинанын абагында кандайдыр бир ырайымсыз мамилеге кабылганы тууралуу айтышкан эмес, колго түшкөн учурда же абакка жеткирилип баратканда гана кыйноого кабылганын билдиришкен.

Украина орус аскерлеринин кылмыштары, анын ичинен туткундагы украиндерди өлтүргөнү тууралуу 50 миңден ашуун кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Орус тарап бул боюнча комментарий берген эмес.

Согуш туткунун өлтүрүү эл аралык укук тажрыйбасында согуш кылмышы катары бааланат.

Орусиядан туткундан бошотулган украин аскерлерин жол боюнда тосуп турган украиналыктар.
Орусиядан туткундан бошотулган украин аскерлерин жол боюнда тосуп турган украиналыктар.

Аннексияланган Крым жана Орусиянын аймактары аткыланды

Ал арада 18-июлга караган түнү Орусия аннексиялап алган Севастополдо тынч болгон жок. Аймактын Кремль дайындаган жетекчилиги Крымдын жээгинен экипажсыз катерди жок кылганын билдирсе, Новороссийск шаарынын мэри Краснодар крайына деңиз дрондору чабуул койгонун кабарлады. Ал эми Белгород облусунун бийлиги соңку бир суткада аба чабуулдардан эки кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Орусия чабуулдарды украин бийлигинен көрөт. Расмий Киев Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.

ЖМК: Украин армиясы Крынкини колдон чыгарды

Фронттогу кырдаалга кайрылсак, 16-июлдун кечинде "Суспилне" жана "Украинская правда" басылмалары Башкы штабдагы булактарына таянып, украин күчтөрү Днепрдын сол жээгиндеги Крынки айылынан чыгып кетишкенин жазды. Маалыматка караганда чегинүү бир нече жума мурда болгон. Ошондо эле Liga.net басылмасы армиядагы булактарына таянып кабарлагандай, мындай чечим украин аскерлеринин өмүрүн сактап калуу максатында кабыл алынганын жазган. Көп өтпөй бул маалымат сайттан өчүрүлгөн. Ал эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Крынкиден чегинүү тууралуу маалыматты ырастай элек. Крынки айылын украин армиясы 2023-жылдын октябрь айындагы контрчабуулдун жыйынтыгында өз карамагына алышкан. Ал жак Крымга чабуул коюуга плацдарм болуп берери боолголонуп жаткан.

"Слідство.Інфо" басылмасы болсо былтыр октябрдан бери Крынки коргоо операциясы маалында 788 украиналык аскер дайынсыз жоголгонун жазды. Журналисттерге тийген маалыматка караганда, ушул эле убакытта Крынкиден 262 украин аскеринин сөөгү чыгарылган. "Слідство.Інфо" жазгандай, быйыл жыл соңунда кыштак дээрлик жер менен жексен болгон.

Ал эми согуштагы техникалык жоготуулардын санын эсептөө менен алектенген Naalsio долбоору Крынкиде украин тарап 58 техникасын жоготконун, ал эми Орусия 271 техникасынан айрылганын жазды.

XS
SM
MD
LG