Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

ИИМ баңгизат саткан канал жок кылынганын кабарлады


Уюшкан кылмыштуу топтон алынган маңзат. Июль, 2024-жыл. ИИМдин сүрөтү.
Уюшкан кылмыштуу топтон алынган маңзат. Июль, 2024-жыл. ИИМдин сүрөтү.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Мыйзамсыз баңгизатка каршы күрөшүү кызматы маңзат сатууга шек саналып, уюшкан кылмыш топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди. Анын ичинде үчөө милиция кызматкери экени аныкталган.

ИИМдин сайтындагы маалыматка караганда, бул топту кармоо узак убакыттан берки жүргүзүлүп келген иш-чаралардын жана атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында ишке ашырылганы жазылган.

"Бул топтун мүчөлөрү баңгизаттарды жана психотроптук заттарды Кыргызстандын аймагына алып кирип, жана өлкө ичинде нарколабораторияларда синтетикалык баңгизат даярдап, интернет аркылуу сатууну көздөгөн", - деп жазылган маалыматта.

Кылмыштуу топто ар бир мүчөнүн ишин бөлүштүрүп берүүчү "кураторлору" болгону, алар маңзатты даярдоочу, сатуучу, жеткирип берүүчү болушуп, башкаларды үйрөтүп турушканы, топтун мүчөлөрү бири-бирин тааныбай турганы айтылган.

Кылмыштуу топтун кармалган 13 мүчөсү 18-36 жаштагы жарандар, анын ичинде үчөө милиция кызматкерлери болгон. Кармалгандардын баары камакка алынган.

Жалпы суммасы 60 млн сомдук 12 кг синтетикалык баңгизат мыйзамсыз сатыктан алынган.

4-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клуб иштеткендерге маңзатка байланыштуу эскертүү берген. Ал акыркы кездери рейддердин алкагында түнкү клубдарда маңзаттар табылганын, көбү синтетикалык кошулмалар экенин билдирген. Ташиев баңгизаттарынын кайсыл гана түрү болбосун түнкү клубдарга алып кирүүгө, сатууга жол берилбей турганын эскерткен. Мындай учурлар катталса, клуб иштеткендерге жана ээлерине мыйзамдуу чара көрүлөрүн кошумчалаган.

УКМК бир апта мурда Бишкекте наркы 500 миң долларга бааланган ири көлөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылганын кабарлаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG