Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

УКМК Кербен шаардык кеңешинин депутаты кармалганын билдирди


Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген шек менен Кербен шаардык кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты (Н.Ж.К.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Фейсбуктагы баракчасында чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен кулатууга чакырыктарды жарыялап турган деп айыпталууда.

Кербен шаардык кеңешинин депутатына Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кине коюлуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары кармалган адам Надырбеков Жанарбек Канатбекович экенин жазышууда. УКМК тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет. Ал Фейсбукка акыркы убактарда бийликти сындаган постторду жазып жаткан.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Жогорку Кеңеште да 19 депутаты бар. Партиянын төрагасы катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн. Ал жана камакка алынган Кербен шаардык кеңешинин депутатынын жакындары акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы баракчаларына жазган билдирүүлөрү үчүн иш козголуп, сот жообуна тартылган окуялар болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG