Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Франциядагы шайлоодо солчулдар алдыга чыкты


Шайлоонун экинчи айлампасынын алдын ала жыйынтыгын уккан франциялыктар майрамдап жатышат. 7-июль, 2024-жыл.
Шайлоонун экинчи айлампасынын алдын ала жыйынтыгын уккан франциялыктар майрамдап жатышат. 7-июль, 2024-жыл.

Францияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында күтүүсүздөн солчулдардын "Жаңы элдик фронт" альянсы алдыга чыкты.

7-июлда өткөн добуш берүүнүн бейрасмий, алдын ала жыйынтыктарына ылайык, ашынган оңчулдардын "Улуттук биримдик" партиясы үчүнчү орунда. Ал эми экинчи орунду президент Эммануэл Макрондун борборчул блогу ээлей турганы боолголонууда.

TF1 жана France 2 телеканалдары кабарлагандай, бир да саясий күч парламенттеги көпчүлүк орунга ээ боло албайт. Маалыматка караганда, солчулдар 171-199 мандат алса, Макрондун тарапташтары 152-169 орунду ээлеши мүмкүн. Ал эми "Улуттук фронт" өнөктөштөрү менен 134-152 мандат алышы ыктымал.

Шайлоонун экинчи айлампасына добуш берүүчүлөрдүн 67,1%дайы катышты. Бул 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экени белгиленип жатат.

"Жаңы элдик фронт" альянсы президент Макрон 10-июнда парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн жарыялагандан кийин түзүлгөн. Анын лидери Жан-Люк Меланшон альянсы жеңгенин айтып, өкмөт башчы Габриэль Атталь кызматтан кетиши керектигин айтты.

Ал эми Атталь 8-июлда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазарын билдирди.

"Биздин партия күтүлгөндөн үч эсе көп орунга ээ болгону менен көпчүлүктү түзө алган жок",-деди ал.

Ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен алардын жеңиши бир аз жылып калганын билдирди.

1-июлда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында ашынган оңчулдардын "Улуттук биримдиги" алдыга чыккан.

XS
SM
MD
LG