Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келди


Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассисти тосуп алуу учуру.
Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассисти тосуп алуу учуру.

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис Кыргызстанга расмий сапар менен учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Кассис 3-июлга караган түнү "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конду.

Сапардын алкагында ал кыргызстандык кесиптеши, министр Жээнбек Кулубаевге жолугуп, кыргыз-швейцария кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулайт.

Швейцариянын тышкы иштер министрин президент Садыр Жапаров кабыл алышы күтүлүүдө.

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылдан тартып түзүлгөн. 1996-жылы Бишкекте Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин кеңсеси ачылса, Кыргызстан ошол эле жылы Швейцарияда элчилик ачкан. Швейцария болсо Бишкекте 2012-жылы элчилик уюштурган.

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө Тышкы иштер федералдык департаменти деп аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG