Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

WSJ: Лола Каримова-Тиллаева хансарайын 36 млн долларга сатты


Лола Каримова-Тиллаева. 2017-жылдагы сүрөт.
Лола Каримова-Тиллаева. 2017-жылдагы сүрөт.

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова-Тиллаева менен анын күйөөсү, ишкер Тимур Тиллаевге байланышы бар компания Беверли-Хиллздеги Le Palais деген аталыш менен белгилүү 4 450 чарчы метрлик хансарайды 36 миллион долларга сатты.

Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы аймактын Кыймылсыз мүлк реестриндеги маалыматтарга таянып кабарлады. Билдирүүдө хансарайдын сатып алуучусу жөнүндө эч кандай маалымат жазылган эмес.

Маалыматка ылайык, алар аталган үйдү 2013-жылы 32,75 миллион долларга сатып алган. 2011-жылы курулган хансарай Beverly Hills мейманканасынын маңдайында жайгашып, фасады колго кесилген француз акиташынан жасалган. Документтеринде үйдө жети уктоочу бөлмө бар экени көрсөтүлгөн.

WSJ бул хансарай Өзбекстандын экс-президентинин кызына таандык кыймылсыз мүлктөрдүн тизмесиндеги эң кымбаты эместигин белгиледи. Макалада анын Швейцариядагы хансарайы болжол менен 47 миллион жергиликтүү франкты түзөрү жазылган.

Лола Каримова-Тиллаеванын жолдошу Тимур Тиллаев Өзбекстандагы "Абу-Сахий" ири дүң соода базарына ээлик кылган.

The Black Sea жана Mediapart басылмалары 2017-жылы жарыялаган иликтөөдө "Абу-Сахий" компаниясы каржы схемаларын колдонуп, Бириккен Араб Эмираттары менен Швейцариядагы офшордук банк эсептери аркылуу 127 миллион доллар которгону көрсөтүлгөн.

2020-жылы августта басылмалар Лола Каримова-Тиллаева АКШдагы эң кымбат райондордун бири эсептелген Голливуд дөңсөөлөрүндөгү үч вилласын сатыкка койгонун кабарлашкан. Үчөө тең 2014-жылы офшор компаниялары аркылуу 16,1 миллион долларга сатып алынган. 2020-жылы августка карата алардын баасы 18,9 миллион долларга чейин жогорулаган.

Америкалык басылмалардын маалыматы боюнча, Каримова-Тиллаева үйлөрдү сатып алган 2014-жылдан 2020-жылдын августуна чейин алардын биринде да жашаган эмес.

44 жаштагы Лола Каримова-Тиллаева Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун экинчи кызы. Улуу кызы Гүлнара Каримова Өзбекстанда "Ири өлчөмдөгү коррупция" жана "Акча адалдоо" беренелери менен айыпталып, узак мөөнөткө камалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG