ТИМ элчи Уланбек Тотуяевдин сынына жооп берди
Мекеменин 28-июнда тараткан маалыматында Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин эмгек жамааты Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине элчиси Уланбек Тотуяевге чара көрүү боюнча сунуш менен кайрылганы, ушундан улам текшерүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.
“Ал жетекчилиги алдындагы кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, аларга этикага туура келбеген мамиле жасап, күнүмдүк көйгөйлөрүн чечпей, жашоого ылайыксыз шарттарды түзүп берип, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келген. Ошол эле учурда, ал өзү үй-бүлөсү менен коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, бардык шарттары түзүлгөн, кароолчулар тарабынан кайтарылган өзүнчө резиденцияда, “падышалык” шарттарда жашап келген”, - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында бул маселе каралып, Уланбек Тотуяевди кызматтан бошотуу боюнча президентке сунуш киргизүү чечими кабыл алынган.
Министрлик ал купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого макул болуп, кол койгонун жана Уланбек Тотуяевдин акыркы аракетине тиешелүү органдар чара көрүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганын президенттин расмий сайты 27-июнда кечке маал жарыялаган. Анда элчи “жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн” кызмат ордунан бошотулганы белгиленген.
Ал кызматтан алынгандан кийин “Азаттыкка” комментарий берип иштен алынганына тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана анын орун басары Авазбек Атахановдун жеке дооматтары себеп болушу мүмкүн экенин айткан. Уланбек Тотуяев элчи кызматына 2021-жылы июлда дайындалган.
Элчи Тотуяев: Кызматтан эмне үчүн бошотулганымды түшүнбөй калдым
“Азаттык”: Уланбек мырза, президенттин 27-июндагы жарлыгы менен сиз Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулдуңуз. Ал жарлыкта сиздин “жүктөлгөн милдеттердиңизди талаптагыдай аткарбаганыңыз” негиз катары көрсөтүлгөн. Бул чечимге сиздин реакцияңыз, оюңуз кандай болду?
Тотуяев: Мен да бүгүн окуп, кызык абалда болуп калдым. Кандай себептен мындай жарлык чыгып калганын өзүм да түшүнбөй калдым. Бирок мен кесиптештеримден сурап билгеним боюнча, биздин тышкы иштер министр Кулубаев Жээнбек Молдоканович жана анын орун басары Атаханов Авазбек Койлубаевич тарабынан биздин президентке каттар жазылыптыр. Президентке “өзүнүн милдетин туура эмес аткарат” деген сыяктуу кат киргизип, кол койдуруп чыгышыптыр.
Бизге эки жума мурда Тышкы иштер министрлигинин жабык комиссиясы келип кеткен. Кайсы мыйзамдардын негизинде келип, текшерип кеткенин мен да өзүм түшүнбөй калдым. Анткени ошол комиссиянын негизинде 11-июнда Тышкы иштер министрлигинде коллегия өтүптүр. Беш-алты күн мурда ошол коллегиянын чечимин көрдүм, окудум. Мага көп нерсе кызык болуп жатат.
“Азаттык”: Ошондо сиз өзүңүздү элчилик кызматтан четтеткен чечимди негизсиз деп мүнөздөйсүзбү?
Тотуяев: Эми чечимди президент кабыл алды. Мен ал чечимге эч нерсе деп айта албайм. Бирок биздин Тышкы иштер министрлиги, айрыкча тышкы иштер министри [Жээнбек Кулубаев] менен анын орун басары Атаханов Авазбек Койлубаевичтин, эки адамдын сунуштамасынын негизинде президенттин буйругу чыкканын билип турам. Алар менин “кызматтык милдетимди так аткарбайт” деп жазышыптыр.
Тилекке каршы көп нерсени айтпайын дедим эле. Бирок азыр айтканга мажбур болуп жатам. Себеби дегенде биздин коомчулук да Тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан ички саясатты, документ жүргүзүү боюнча [абалды] билиши керек. Көп нерселер коомчулукка чыкпаганына байланыштуу мен ачык айтайын деп чечтим. Биринчи маселе катары тышкы байланыштардын болбогону тууралуу жазылыптыр. Мен ага каршымын. Себеби министрликте көп нерсе чечилбегенине байланыштуу болбой калды деп айта алам.
2022-жылдын башында Кулубаев өзү [президенттик администрациянын] тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда мен эки-үч жолу ал киши менен жолугуп, ал өзү мага биздин президенттин Пакистанга иш сапарын уюштуруу боюнча тапшырма берген.
Ал кезде ошол кездеги министр Казакбаев Руслан Айтбаевич менен да макулдашып, ал процедураны баштаганбыз. 2022-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинде Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф президентти [Садыр Жапаровду] расмий түрдө чакырган. Андан тышкары бир айдан кийин чакыруу катын да жөнөткөн. Тилекке каршы ошол кат биздин Тышкы иштер министрлигинде биздин министрибиз Кулубаевдин астында калган. Белгисиз себептерден улам үч айдан ашык ошол документке жооп берилген жок. Андан тышкары администрацияга сунуш катары да жөнөтүлбөптүр.
Муну дагы биздин кемчилигибиз катары эсептейм. Анткени официалдуу түрдө чакыруу жөнөтүлгөндөн кийин, өзгөчө президентти чакырып жаткандан кийин биз расмий түрдө ошого жооп беришибиз керек болчу. Тилекке каршы ага да жооп берген жокпуз. Аны мен Кулубаевге да айткам.
Андан тышкары 2023-жылы Кулубаев мырзанын өзүнүн визависи катары Пакистандын ошол кездеги тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардарини расмий түрдө чакырган. Тилекке каршы чакырып алып, датасын берген эмес. Мен өзүм бир нече жолу ага да чалдым, бизди тескеген департамент менен да сүйлөштүм. Баары министрге шылтап, датасын бербегенине байланыштуу мен Билавал Бхутто Зардари менен бир нече жолу жолукканда ал өзүнүн нааразычылыгын билдирген.
“Эмнеге силер чакырып, жооп берген жоксуңар?” [деген]. Былтыр 7-8-июнда келмек болчу. Тилекке каршы келбей калды. Ошонун баарын азыр мага оодарып (ред. орусча: С больной головы на здоровую), ошолорду жасаган жок деп мени айыптап жатышат. Менин оюмча, бардык жагдай [айтылгандан] башкача болду.
“Азаттык”: Бир жагдайды тактай кетейин. Сиз ушундай негиздер менен кызматтан алынганыңыз тууралуу маалыматты кайдан алдыңыз? Кызматтан бошотулганыңызга ушул жагдайлар негиз бергени такпы?
Тотуяев: Ал маалыматты мен тышкы саясат бөлүмүнүн кызматкерлеринен алдым. Андан тышкары кесиптештерим менен сүйлөштүм. Ошолор ушундай сунуштаманын негизинде ушундай буйрукту жасадык деп айтышты.
Андан тышкары 2023-жылы Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясы өзүнүн ишин улантып, 10-ноябрга элчиликтин күчү менен өткөрдүк. Себеби Тышкы иштер министрлиги, айрыкча тышкы иштер министрдин орун басары Атаханов Авазбек Койлубаевич Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Байсаловго кат жазыптыр. “Бул өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын жылдыралы, документтер толук эмес” деген таризде кат менен кайрылыптыр. Мен өзүм Эдил Жолдубаевичке чалып, “төрт-беш жылдан бери өтө элек экен, ошону өткөрүш керек” деп суранып жатып, 10-ноябрда өткөрдүк. Эми буга окшогон көп маселелер бар. Мен алардын баарын майдалап айта берсем, абдан көп убакыт алат.
2023-жылдын аягында “канааттандыраарлык эмес” деген баа берилиптир. Мен май айында Кулубаев мырза менен жолугуп, ал кишиден “эмне себептен элчиликке ушундай баа бердиңиз” деп сурагам. “Кандай кемчиликтер болду?” десем, “экономикалык дипломатияга карап, премьер-министрдин тапшырмасынын негизинде баа бердик” деди. Анан мен ал кишиге түшүндүрүп айттым. “Бизде 2021-2022-жылга караганда товар жүгүртүүнүн көлөмү үч эсе жогорулаптыр, инвестициянын көлөмү да жогору, элчилик тарабынан инвестициялык долбоорлор боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөн, конкреттүү жооп бересизби” десем, ал киши биздин төртүнчү саясий департаменттин директору Алмакунов Азамат деген жигитке шылтап, “силерди коргогон жок, силер тууралуу маалымат берген жок” деген жооп менен мени акырын узатып жиберди. Андан кийин мен ал директорго да кирип айткам, ал директорубуз кайра министрге шылтап жатат. “Ушундай, сен бир жолу министр менен учурашпай коюпсуң” дейт. Мен анысын да билбейт экенмин. Ушундай майда-майда нерселердин баарын чогултушуп, эки жума мурун жанагыдай комиссия жөнөтүштү. Менде Молдалиев Мелис деген кеңешчим бар. Ал киши менен чогуу булар коллективдүү “элчи элчиликте жакшы эмес моралдык-психикалык абал түздү, бизге көп талап коюп жатат” деген сыяктуу арыз чогултушат.
11-июнда коллегия өткөрүшөт. Мага да эч нерсе айтышпайт. Менден эч нерсе сурашпайт дагы ошол коллегиянын чечиминин негизинде катты президентке алып барып беришет экен.
“Азаттык”: Эмненин негизинде сизди кызматтан алуу тууралуу сунуштама президентке киргизилгенин биз журналист катары азыр так айта албайбыз. Бул тууралуу расмий булактарда маалымат жарыяланган жок. Биз май айында пакистандык студенттердин Бишкекте сабалышы менен коштолгон окуядан кийин Пакистан тарап Кыргызстанга нааразылыгын билдиргенин билебиз. Ал мезгилде сиз Кыргызстанда болчусуз. Ошол окуя же ошол кездеги Бишкектеги жагдай тууралуу Пакистан тарапка маалымат жеткирүү маселесиндеги болжолдуу мүчүлүштүктөр кызматтан кетишиңизге себеп болушу мүмкүнбү?
Тотуяев: 18-май күнү мен Кыргызстанда эмгек өргүүсүндө болчумун. 18-май күнү мен эртең мененки саат алтыдан тартып, мага Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен чала башташты. Жанагы окуя боюнча маалымат сурашты. Мени чакырган. Мен Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү департаментине маалымат бергем. “Мен азыр эмгек өргүүсүндөмүн. Менин ордумда азыр кеңешчим бар. Ошол киши Тышкы иштер министрлигине барат” деп айткам.
Андан кийин Тышкы иштер министрлигинин биздин ишти тескеген төртүнчү саясий департаментинин башчысы Азамат Алмакунов менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги чакырып жатканын, кеңешчиме ал жакка барып келишин айтканымды, ал маалымат бере турганын билдирдим.
Андан тышкары 18-май күнү эртең менен мага Гилгит-Балтистан иштери боюнча министр Амир Мукам чалган. Ал Кыргызстанга ошол маселе боюнча келе турганын мага айткан. Бул маселе боюнча да мен саясий департаментинин башчысы Азамат Алмакунов мырзага да маалымат берип, “министрге жана анын тиешелүү тармакты тескеген орун басарына айтып коюңуз” деп билдиргем. Ал түшкө жакын мага чалып, чукул Исламабадга учушум керек экенин айтты. Ошол күнү Бишкек-Лахор каттамы боюнча рейс бар экен. Мен ошол күнү эле учуп кеттим.
Саат 11лерде мен Пакистанга кондум. Конгондон кийин мага Пакистандын премьер-министринин кеңсесинен чалышты. Министри да чалды. Алар ошол күнү келебиз деп жатышкан. Бул маалыматты мен Алмакунов мырзага, министрдин орун басары Атахановго айткам. Ал киши да абдан ачуулу түрдө мага чалып, “сен өзүң эле тышкы саясаттагы иштерди жасап жатасың, визиттерди уюштуруп жатасың” деп мага нааразычылыгын айткан.
Мен ал кишиге “бүт маалыматтарды биздин ишти тескеген департаменттин директоруна бергем, сиз ал киши менен сүйлөшүп алыңыз, мен эмгек өргүүсүндө болчумун, азыр сиздин тапшырмаңыз менен Пакистандамын” деп ушунтип сүйлөшүп кеткенбиз. Дагы көп, официалдуу эмес, жакшы эмес сөздөр болгон. Анын баарын мен өзүм ичиме алып калдым.
“Азаттык”: Бирок Бишкектеги ошол окуялар, алардын кесепети, ал учурда Пакистан тарап менен болушунча кат-кабарлашып туруу маселеси сиздин кызматтан алынышыңызга себеп болушу мүмкүнбү? Сураганымды себеби, ошол кезде Пакистанда Бишкекте болгон окуялар тууралуу бир топ так эмес маалыматтар тарап жатпадыбы.
Тотуяев: Жок. Мен 19-май күнү эртең менен Пакистандын маалымат каражаттарына Кыргызстандагы кырдаал боюнча маалымат бергем. Андан кийин бир нече ирет расмий маалыматтарды берип турдум. Биздин позициябызды жеткирип жаттым. Бизди тескеген департамент менен 24 саат байланышта болдук. Маалымат жетишпеген учур болгон жок.
“Азаттык”: Сиз 2021-жылы бул кызматка дайындалгансыз. Соңку жылдарга көз чаптырсак, сиз өзүңүз айткандай, Пакистан менен Кыргызстандын соода алакасы жанданып, товар жүгүртүүнүн көлөмү өскөн экен. Акыркы бир жылда Пакистандын Карачи шаарынан Кыргызстанга биринчи жолу жүк ташыла баштаганын уктук. Мындан тышкары Кыргызстан Карачи жана Гвадар портторуна чыгууга мүмкүнчүлүк алып жатканы да кабарланды. Эгер иш жүрүп жаткан болсо, сиз жумушуңузду толук, жеткиликтүү аткарып жаткан болсоңуз, анда эмне үчүн кызматтан алындыңыз? Ошондо бул министр жана министрдин орун басары менен пикир келишпестик себеп болуп жатабы? Же сиздин ордуңузду мелжеген бирөө болуп жатабы? Сиздин дипломат экениңизди билип турам. Бирок шайма-шай, сонун иштеп жаткан болсоңуз, анда иштен кетишиңизге эмне себеп болмок?
Тотуяев: Мен эми абдан сонун иштеп жатам деп айта албайм. Министрлик, биздин кесиптештер баа бериши керек. Менин жеке оюм: 2020-жылы мен Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директору болуп турганда Кулубаев мырза Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болчу. Ошол кезде бизде бир-эки жолу катуу сүйлөшүүлөр болгон. Тактап айтканда, биздин президенттин биринчи официалдуу сапары Астанага шаарына болгон. Ошондо биз Орусиядан кийин официалдуу сапар менен Астанага барып, ошол сапарды уюштурдук. Ошол кезде Кулубаев менен бир-эки жолу катуу сүйлөшкөнбүз. Себеби ошол сапардагы кемчиликтер тууралуу ал кишиге мен ачык эле айткам. Ошол да себеп болсо керек деп ойлойм.
Биздин Тышкы иштер министрлигиндеги кесиптештердин айтымында, бул киши көп нерсени ичине кармап турат экен. Ыңгайлуу учур болгондо жооп берет экен деп айта алам.
“Азаттык”: Ошондо кызматтан алынышыңызга тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаевдин ишке байланыштуу эмес, жеке дооматы себеп болду деп ойлойсузбу?
Тотуяев: Менин оюмча, ошондой болду. Андан тышкары Атаханов мырза менен да мен... Менин оюмча, булардын айтканын жасаш керек экен. Мындай, тигиндей деп, кандай десем, кошоматчы адамдарды жакшы көрөт окшойт. Мен андай шартта өскөн эмесмин. Бирөөгө жасакерлене албайм. Бирөөдөн суранып иш кылган эмесмин. Мен ачыкмын. Иштебеген адамдар болсо, мен ачык эле “бул иштебейт” деп айтам. Көп адамдарга мындай нерселер жакпайт экен.
“Азаттык”: Министр жана министрдин орун басары Кыргызстандын тышкы саясий мекемесин жетектеген адамдар болуп жатпайбы. Иш жүзүндө сиздер алардын айткандарын аткарууга, идеясын ишке ашырууга милдеттүү эмессиздерби?
Тотуяев: Жок, мен милдеттүүмүн. Мен айткан тапшырмаларын, берген каттарын 100 пайыз аткардым деп айта алам. Себеби, ал менин жумушум. Андан качкан жокмун. Бирок адамдык мамилеге келгенде, билесиздерби, кошоматчылык керек экен. Мен андайга бара албайм.
“Азаттык”: Сиз президент чечим кабыл алганын, анын чечимине комментарий бере албай турганыңызды айттыңыз. Бирок бул интервьюдан түшүнгөнүм боюнча, министр, министрдин орун басары кабыл алган чечимге каршы экенсиз. Ошондо президентке киргизилген сунуштама негизсиз болгон деп эсептейсизби?
Тотуяев: Биринчиден, бул мыйзам актыларына туура келбейт. Себеби биринчи кезекте мени коллегиянын чечими жана комиссиянын актысы менен тааныштырышы керек болчу. Ал жасалган жок. Бир тараптуу жазылып калды. Эгер ошондой кемчиликтер болсо, жасаган ишим туура эмес болсо, мага өзүмө айтылышы керек эле. Мен акт менен таанышып, кол коюшум керек болчу. Эгерде мен макулмун десем, макулдугумду бермекмин. Жоопкерчиликтен качкан жокмун. Эгер алар жазганы туура болсо, мен жоопкерчиликти тартам, андан качканым жок.
Төртүнчү саясий департаменттин директорунун катынын негизинде эле чечим чыгарды деп ойлойм.
“Азаттык”: Ошондо бир тараптуу болсо, сиздин оюңузча бул сунуштама негизсизби?
Тотуяев: Сунуштама, мүмкүн, туурадыр. Бирок мен ага кол койгон жокмун. Ошондуктан ал сунуштаманы туура эмес деп эсептейм.
“Азаттык”: Биз, албетте, Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинин бул маселе боюнча позициясын азыр билбейбиз. Бирок сиздин сөзүңүздөн Тышкы иштер министрлигиндеги ишке байланыштуу олуттуу бир айыптоону уктум. Эгер бир элчинин маалыматы же каты жетпей, иш аткарылбай, же жүрбөй жатканы чын болсо, анда бул жагдай кандайдыр бир маселе бар экенин туюнтуп турса керек. Сиз ошол жөнүндө конкреттүү айта аласызбы? Тышкы иштер министрлигинде башкаруу начар болуп жатабы? Буга эмне себеп болуп жатат? Жөн гана сөз менен эмес, мисалдарды келтире аласызбы?
Тотуяев: Мен сизге мындай деп айта алам. Былтыр президенттин, премьер-министрдин атына беш саясий кат жөнөтүптүрбүз. Беш саясий кат ошол Тышкы иштер министрлигинде эле калып калыптыр. Андан тышкары өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны боюнча сизге айтып кеттим.
Мен да түшүнбөй калдым. Тышкы иштер министрлиги бүт өкмөттө отурган министрликтердин ишин туура эмес деп чечкенби, же кандай... Булар теңтөрага “муну өткөрбөйбүз, жылдырыш керек” деп кат жазышат. Ушуга окшогон маалыматтар көп.
Жакында эле премьер-министрге да кат жазгам. Пакистанда NLS деген эң чоң соода-логистикалык компания бар. Сиз айтып жаткан Карачиден баштап, Кытай аркылуу Кыргызстанга, Казакстанга, биздин регионго товар ташып жаткан компания боюнча мен апрель айында премьер-министрге кат жазгам. Компаниянын башчысы менен жолуккам.
Ал киши апрелдин аягында же май айында Кыргызстанга барып, Кыргызстанда соода-логистикалык борбор ачуу боюнча маселени көтөрүп, иш жүргүзөлү деп абдан ниеттенип турган. Ошол кат дагы премьер-министрге жетпептир. Ушуга окшогон көп нерселер бар. Ар бирөөнү айта берсек көп убакыт талап кылынат.
Акырында президентке ыраазычылык билдирем. Мен ак ниетим менен, таза иштеп, элчи катары Кыргызстандын аброюн өйдө көтөргөнгө, желегин желбиретип, алдыга жылдырганга иш-аракеттеримди кылдым. Үч жылдын ичинде беш чоң бизнес форум өткөрдүк. Үчөө Кыргызстанда, экөө Пакистанда өттү. Былтыр эле 500гө жакын бизнес өкүлдөрдү Кыргызстанга жөнөттүк. Азыр пакистандык бизнес биздин экономикада байкалып жатат. Чоң салым кошуп жатат. Көптөгөн иш-аракеттерди кылдык.
2021-жылы дайындалганда биздеги 24 университеттин үчөө гана Пакистандын медициналык каттоосунан өтүп, таанылган. 2023-жылга чейин 14 жогорку окуу жайын тизмеге киргизүү боюнча иш жүргүздүк.
2021-жылы 7 миңдей [пакистандык] студент болсо, 2023-жылдын маалыматы боюнча 10 миңден ашык студент Кыргызстанда окуду. Көп ишти кылдык. Ар бир ишке мамлекет башчыбыз, башка мамлекеттик кызматтагы адамдар, жеке жарандарыбыз баа берет деп ойлойм.