Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Гаага сотунун укуругу Израил премьерине, ХАМАС лидерлерине жетеби?


Карим Хан
Карим Хан

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Израилдин өкмөт башчысын, коргоо министрин жана ХАМАС радикал тобунун үч лидерин Газадагы кылмыштар үчүн айыптап, аларды камоого ордер чыгарып берүүнү өтүндү. Израилдин бийлиги прокурордун өтүнүчүн дароо айыптады.

Премьер Нетаньяху прокурордун билдирүүсүн "акылга сыйбайт" деп, Израил бийлигин террорчулар менен бир тепкичке коюу аракети сыңары сындады. Франция, Белгия прокурордун кадамын колдосо, расмий Вашингтон айыптады. Эми Эл аралык кылмыш сотунун судьялары ордер берүүгө добуш берип, чечим кабыл алынышы керек. Алар прокурордун өтүнүнчүн канааттандырышы мүмкүнбү?

Гаагадагы прокурордун өтүнүчү

19-майдаЭл аралык соттун прокурору Карим Хан билдиргендей, Израилдин жетекчилери согушту жүргүзүү ыкмасы катары карапайым калкты ачарчылыкка кептеп, атайылап запкыга салып, жайкын тургундарды бутага алганы, адамкерчиликке каршы ыктымал кылмыштарды ишке ашырганы үчүн күнөөлүү.

"Кеңсем чогулткан жана иликтеген далилдерге таянуу менен Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Йоав Галлант 2023-жылдын 8-октябрынан бери Палестинанын аймагында жасалган эл аралык кылмыштар үчүн жоопкер экенин бүгүн ырастай алам", - деди Хан.

Ал ошондой эле ХАМАС (Евробиримдик менен АКШ террордук деп таанылган) радикал уюмунун үч лидери Яхья Синаварды, Мохаммед Дейфти жана Исмаил Ханияны туткундарды барымтага алуу, зордуктоо, адамдарды кырып, кыйноого алуу жана башка адамкерчиликке каршы кылмыштар үчүн айыптоодо.

Эми үч судьядан турган коллегия прокурордун өтүнүчү боюнча чечим кабыл алышы керек. Бир катар медиа каражаттары эксперттерге таянып жазгандай, судьялар адатта чечимди бир нече жумада же айда кабыл алат.

Прокурор Ханга кеңеш берген топтогу беш адистин катарында адам укуктары боюнча эл аралык юрист Амаль Клуни да бар. Ал комиссия ХАМАС менен Израилдин лидерлери аскердик кылмыштарга барганы боюнча негиздер бар экенине бир добуштан макул болгонун белгилейт.

Израилдин жообу

Израилдин бийлиги дароо прокурордун өтүнүчүн айыптады. Тышкы иштер министрлиги Израил прокурордун аракеттерине тоскоолдук жаратыш үчүн атайын комитет түзүүнү пландап жатканын билдирди. Ал эми өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху Карим Ханды жөөттөргө каршы "жек көрүүчүлүккө май куюп жатканын" айтты. "Гаагадагы прокурор, сиз кантип ХАМАСтын "желмогуздарын" дүйнөдөгү эң барктуу ЦАХАЛ армиясынын аскерлери менен салыштырып жатасыз?", - деди премьер.

"Гаагадагы прокурордун акылга сыйбаган, чындыкка коошпогон ордери бир гана Израилдин өкмөт башчысы менен коргоо министрине эмес, бүтүндөй Израил мамлекетине каршы багытталган. Ал акылга сыйбаган зулумдук менен бизге 7-октябрда кол салган ХАМАСтын кылмышкерлерине каршы согушуп жаткан ЦАХАЛдын аскерлерине багытталган", - деди Нетаньяху.

Президент Ицхак Герцог прокурордун кадамын "эл аралык система уроо алдында турганынан кабар берет" деп сыпаттады. Парламент спикери Амир Охан "Гаагадагы эл аралык кылмыш соту легимдүү эместигин далилдегенин" айтты.

"Агрессор менен коргонуп жаткандарды, адам укуктарын коргогон демократиялуу өлкө менен террордук уюмду айырмалай албаган мекеме адамзат үчүн коркунуч жаратат", - деген Охандын сөздөрүн The Times of Israel басылмасы жарыялады.

Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан. 26-сентябрь, 2022-жыл.
Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан. 26-сентябрь, 2022-жыл.

Эл аралык реакция

Гаага сотунун прокурорунун кадамы эл аралык коомчулукта кескин реакцияны жаратты. 20-майдын кечинде Франция менен Бельгиянын тышкы иштер министрлери Гаага сотун колдогон билдирүү таратты.

"Франция Эл аралык кылмыш сотун жана анын бардык жагдайдагы жазасыздыкка каршы күрөшүн колдойт", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми АКШнын президенти Жо Байден израил лидерлерин камоого ордер берүү өтүнүчүн сындады.

"Эл аралык кылмыш сотунун прокурорунун израил лидерлерин камоого уруксат берүү өтүнүчү нааразылыкты жаратат. Ал прокурордун көздөгөнү кандай болсо да айтып кетерим, Израил менен ХАМАСтын ортосунда эч бир эквивалент жок", - деди АКШнын президенти Жо Байден.

"Биз прокурордун Израилди ХАМАСка теңеп жатканын четке кагабыз", - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык сотунда Израилге каршы геноцид боюнча арызданган Түштүк Африка республикасы Хандын билдирүүсүн кубаттады.

"Эл аралык укук үстөмдүгүн колдоо үчүн мыйзам баарына бирдей болуш керек", - деп жазылат президент Сирил Рамафосанын кеңсеси тараткан билдирүүдө.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту 2002-жылы негизделген. Анда аскердик кылмыштар, адамзатка каршы кылмыштар жана геноцидге айыпталгандардын иши каралат.

Сот Улуттар Уюму 1998-жылы кабыл алган Рим статутуна таянып, иш алып барат.

Эл аралык кылмыш сотуна 124 мамлекет мүчө. Ордер чыгаруунун алдында сот шектүүнү жакшылап изилдеп, жетиштүү далилдерге негиздеши зарыл.

Сот Нетаньяхуну камоого уруксат бериши мүмкүнбү?

Блумингтондогу Индиана университетинин профессору жана Эл аралык кылмыш сотунун эксперти Дэвид Босконун "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде прокурордун өтүнүчүнө ар дайым эле оң жооп болбостугун билдирди.

"Прокурор бардык өтүнүчтөрүнө ордер алары белгисиз. Мурда деле прокурор ушундай өтүнүч келтиргенде судьялар "бул жерде такталган маалыматтар жетиштүү деп ойлобойбуз же бул айыптоолор негиздүү деген ойдо эмеспиз" деп жооп берген учурлар болгон. Ошондуктан судьялар кандай чечим алары кызык", - дейт Боско.

Израил Эл аралык кылмыш сотуна мүчө эмес, андыктан ордер чыгарылган күндө да Нетаньяху менен Галлант сот алдында жооп берер-бербеси белгисиз. Британиялык юрист Жеффри Найстын пикиринде эгер ордер чыгарылса анда Израилдин лидерлери эки жакка кенен чыга албай калышы ыктымал.

"Эгер ордер беришпесе ушуну менен баары бүтөт. Ал эми ордер чыгарышса анда бул кишилер же колго түшүп бериши керек же сотко барышы керек же эки жакка чыкканда камалып калбайбыз деп коопсуздугунан чочулап жүрүшөт. Эмне болорун көрөбүз", - дейт Найс.

Ал эми ХАМАСтын лидерлерине келсек, прокурор айыптап жаткан үч адамдын экөө Газанын аймагында жашырынып жатканы боолголонуп келет. Бул Яхья Синавар жана уюмдун аскердик канатынын башчысы Мохаммед Дейф. Израил жети айдан бери экөөнү колго түшүрө албай келет. Ал эми үчүнчү лидер, топтун саясий бюросунун жетекчиси Исмаил Хания Катарда жашайт. Бул мамлекет да Израилдей эле Рим статутуна кол койгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG