Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:21

“Харьковду колдон чыгарууга жол бере албайбыз”


Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьковдо аскерлерди сыйлап жаткан учур. 16-май, 2024-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьковдо аскерлерди сыйлап жаткан учур. 16-май, 2024-жыл.

Орус армиясы Украинанын Харьков облусундагы Волчанск шаарына чабуулун улантууда. Расмий Киев майдандын бул багытында кырдаал турукташып калганын билдирди. Буга чейин украин президенти Харьковду колдон чыгарууга алар жол бербестигин айткан.

Орусиянын лидери Владимир Путин Кытайдагы сапары маалында Москванын максаты Харьковго көзөмөл орнотуу эмес, ал жакта "буфердик зона түзүү" экенин билдирди.

Орус армиясы 17-майга караган түнү Украинанын аймактарына абадан сокку урууну улантты. Харьков облусуна кеминде беш дрон менен чабуул коюлганын аймактын аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Синегубов билдирди. Дрон калдыктары түшкөн жайлардын биринде өрт тутанды. Жабыркагандар жана курман болгондор тууралуу маалымат жарыяланган жок. Жергиликтүү журналисттердин эсебинде, түнкүсүн коркунуч тууралуу эскерткен сиреналар 16 сааттан ашуун тынбай жаңырган.

Анын алдында эле Харьковго украин президенти Владимир Зеленский барып кеткен. Ал фронттогу кырдаалды көрүп, ооруканадагы жарадар аскерлерден кабар алган. Ушул эле күнү америкалык телеканалдардын бирине курган маегинде “украин эли Харьковду колдон чыгарууга жол бербестигин” айтып, "орус агрессиясынан" коргоп кала албаган дүйнөнү күнөөлөгөн. Зеленский Харьков үчүн абадан коргонуу системалары абдан зарыл экенин баса белгиледи.

Орусиянын айрым аймактары жапырт дрон чабуулуна кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00

Президенттин мындай сөзүнө аскердик эксперт Игаль Левин да кошулат.

“Patriot системалары Харьковдо калааны тынымсыз бомбалоону, террорчул соккулардан баштап, аскерлерди аткылоого чейин баарын токтото алат. Эмне болгон күндө да мындай масштабдагы согушта курал-жабдыктан тартып зениттик-ракеталык комплекстерине чейин токтоосуз жеткирилип турушу зарыл. Бул жерде жетишет деген түшүнүк болбойт”, - деди ал “Настоящее время” телеканалына курган маегинде.

17-майда расмий Киев майдандын Волчанск багытында кырдаал турукташып калганын билдирди. Бул маалыматты баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту да ырастады. Мекеме тараткан билдирүүгө караганда, Харьков облусундагы орус армиясынын чабуулдары бир аз басаңдай түшкөндөй болду. Институт мунун себебин орус күчтөрүнүн жоготуулары менен түшүндүрөт.

Орус күчтөрү Харьков облусундагы чабуулдарын 10-майда күчөткөн. Андан бери Волчанск шаарынын тегерек-четиндеги тогуз калктуу конушту өз карамагына алууга үлгүргөн. Киев бул маалыматты расмий ырастабаганы менен Зеленский соңку күндөрү орус армиясы 10 чакырым алдыга жылганын айтты. Сөз болуп жаткан Волчанск шаары Орусиянын чек арасынан беш чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул калааны орус армиясы 2022-жылы февралда согуштун алгачкы күнү эле басып алган. Жарым жылдан кийин аны украин аскерлери бошоткон. Орус армиясынын соңку күндөрү тездик менен алдыга илгерилегенин бир катар эксперттер украин күчтөрүнүн коргонуусундагы кемчиликтерден көрүшөт.

Согуш башталгандан бери Киевге олуттуу колдоо көрсөтүп келаткан НАТОнун көз карашында Харьковдо орус күчтөрү ийгиликке жете албайт.

- Жок, орус армиясында стратегиялык алдыга жылуу үчүн аскерлеринин саны жетишсиз. Биз буга ишенбейбиз. Алтургай аларда чоң операция өткөрүүгө, жер-жерлердеги илгерилөөсүн пайдаланып, стратегиялык жактан чоң секирик жасоого жөндөмү жок. Алар айыл-кыштактарда ийгиликке жете алды, ошону менен бирге жоготууларга да учурады, - деди НАТОнун Европадагы биргелешкен күчтөрүнүн башкы командачысы Кристофер Каволи.

НАТОнун Европадагы биргелешкен күчтөрүнүн башкы командачысы Кристофер Каволи. 18-январь, 2024-жыл.
НАТОнун Европадагы биргелешкен күчтөрүнүн башкы командачысы Кристофер Каволи. 18-январь, 2024-жыл.

Орусия Харьковдо "буфердик зона" түзгүсү келеби?

Ушул күндөрү Кытайда мамлекеттик сапарда жүргөн Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын Харьковго көзөмөл орнотуу планы жок экенин билдирди.

“Харьков багытында болуп жаткандардын баары - өзүлөрүнүн күнөөсү. Анткени алар чек аралаш аймактарды, анын ичинен Белгороддун карапайым тургундары жашаган аймактарын аткылашты жана аны улантып жатышат. Ал жакта жайкын тургундар өлүп атпайбы”, - деди Путин.

Орусиянын бийлиги дрондор менен жасалган аба чабуулдун баарын Киевден көрүп келет. Украин бийлиги Орусиянын аймагында болуп жаткан окуяларга адатта комментарий бербейт. Ал эми Кремль дагы көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан карапайым тургундар жашаган үйлөрдү бутага алганын танып, бир гана аскердик жайларга сокку урганын билдирип келет.

“Мен буга чейин ачык эле айткам, эгер соккулар улана берсе, коопсуздук зонасын, санитардык зонаны түзүүгө аргасыз болобуз. Мына ушуну эле ишке ашыруудабыз. Ал эми Харьковду алсак, бүгүнкү күндө андай пландар жок”, - деп кошумчалады Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин. 18-март, 2024-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 18-март, 2024-жыл.

“Санитардык зона” түзүү планы тууралуу Орусиянын лидери март айында Белгород облусу кезектеги дрон чабуулуна кабылгандан кийин айткан.

“Франц-пресс” агенттиги жазгандай, 10-майдан бери орус күчтөрү украин аймагынын 278 чарчы чакырымын ээлеп алууга үлгүрдү. Ал эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин айтканы боюнча орус армиясы активдүү согуш жүрүп жаткан аймактарды 70 чакырымга кеңейте алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG