Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

"Ооруну тиш доктурдан жугузган". Мукам үндүү ырчы кырктын кырында дүйнөдөн өттү


Рустам Сагыналиев менен коштошуу зыйнаты Бакайырда өттү.
Рустам Сагыналиев менен коштошуу зыйнаты Бакайырда өттү.

Белгилүү ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев кырчындай 40 жашында оорудан улам акка моюн сунду. Ал тогуз жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы  “Эл шайырлары” тобунда эмгектенип жаткан.

Сагыналиевдин боор циррозунун оор түрүнө кабылганы коомчулукка былтыр жыл башында белгилүү болуп, кайрымдуулук концерти өткөн. Санаалаштарынын айтымында, ырчыга ушу кезге чейин ылайыктуу донор табылган эмес.

"Өтүнүч"

Бул мукам ырдын сөзү Сакен Дүйшекеевге, обону Сабатар Искаковго таандык. “Өтүнүч” аттуу ыр 90-жылдары жаралып, бир топ ырчылар ырдап жүргөнү менен калың элге дал ушул Рустам Сагыналиевдин аткаруусунда кеңири тарады. Анын ысымын элге тааныткан ыр да ушул болду.

Ырчы өзү да көп маектеринде “Өтүнүч” визиттик карточкасына айланганын кеп кылчу. Санаалаштары, күйөрмандары аны эскерип жатышат. Ал өмүрдөн өткөн 12-майдан бери социалдык тармактарда бул ыры кайрадан жаңырууда.

Аккордеондо да, комузда чебер кол ойноткон Сагыналиев мындан сырткары да Текебай Мураталиевдин айтылуу “Акинге” аттуу ашыктык ырын, атактуу обончу Асанкалый Керимбаевдин, Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын ийнине жеткире аткарып келген.

Рустам Сагыналиев Таластын Кара-Буура районундагы Бакайыр айылындагы мектепти бүтүп келгенден кийин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окуган. Аны аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайда билим алган. Ырчы катары элге таанылгыча жергиликтүү телеканалдардын биринде алгач айдоочу, кийин үн режиссеру, алып баруучу болуп да эмгектенген.

Рустам Сагыналиев.
Рустам Сагыналиев.

"Жашагым келет"

Сагыналиев 20 жыл мурун сарык менен ооруп, таза айыккан экен. Бир нече жыл мурда гастролдоп жүрүп тиш доктурда гепатит жугузуп алганын билген. Бир жылдан кийин ал циррозго айланып кеткени белгилүү болуп, достору, жакындары анын боорун алмаштыруу үчүн кайрымдуулук концертин уюштурушкан.

"Алдыда көп пландарым бар болчу, быйыл чоң концерт берет элем. "Жашагым келет" деген ыр бар эмеспи, ошонун саптарында айтылгандай жашагың келет экен. Ооруну берген Кудай шыпааны да берет дейт эмеспи. Жараткандын сыноосуна эле кабылдым деп ойлойм. Ушул дартым сыноо эле болуп калса экен деп тилек кылам. Ошол эле учурда жанымда жүргөндөр ким экенин, мен аларга ким экенимди билип алдым”, - деген ырчы.

Маркум боорунун 20% гана иштеп жатканын бир жарым жыл мурун Индияга барганда дарыгерлерден уккан. Алар ага тез арада органын алмаштыруу керектигин айтышкан. Жамы журт ага каражат топтой баштаган, бирок ага донор табылган эмес.

Ал өмүрүнүн соңку күндөрүнө чейин чыгармачылыгын токтотпой, жакшылыктарда ырдап, концерттерге катышып келген. Кесиптештери ал ооруга карабай сахнаны таштабаганын, жан кейиткен илдеттен өзүн ыр менен алаксытып жүргөнүн айтышат.

Аны менен узак жыл бирге иштешкен “Эл шайырлары” тобунун мурунку жетекчиси, ырчы Кылычбек Бекишов сахналашын мындайча эскерди:

Кылычбек Бекишов.
Кылычбек Бекишов.

“Чыгармачыл адам катары репертуарды жакшы тандачу. Аккордеонду жакшы ойночу. Жарк этип эки-үч обон ырдаса дагы элге эрте таанылды. Жеке концертин берүүгө жетишти. Жамаатта да улуу-кичүү менен тамашалашып, өзүн шайыр алып жүрчү. Ооруп калам деп адам эч качан ойлобойт да, Рустам да жашоонун баркын билип, абдан жашагысы келди. Сурап калганда “Дарыланып жатам, бирок донор табылбай жатат” дечү. Бир туугандары, жакындары донорлукка макул болгону менен кан группасы дал келбей жатты окшойт. Анткени мунуку сейрек кан группасы экен. Соңку кездери балам да 3-4 жылдан кийин донор болууга жарап калат экен деп үмүттө жүрдү эле. Өкүнүчтүү, эрте кетип калды”.

Сагыналиев соңку ирет сахнага апрелдин аягында чыккан экен. “Эл ырчысы Эстебес” жана “Эл шайырлары” тобунун биргелешип өткөргөн концерти Рустам катышкан акыркы концерт болуп калды.

"Экинчи өмүрү башталат"

Рустам Сагыналиевдин өмүрдөн өтүп кеткенине үй-бүлө, ата-эне, жакындары эле эмес, жоро-жолдош, тели-теңтуш, санаалаш, сахналаштары, жамы журт да кабыргасы кайышып турат.

Кан досунан айрылып, кан жутуп турган ырчы, алып баруучу Чыңгыз Мырзаевди Рустам менен мындан 20 жыл мурда чыгармачылык табыштырган. Маркум 12-майда капилеттен абалы начарлап ооруканага түшүп, ошол күнү кечке жуук үзүлгөн. Чыңгыз Мырзаев досунун жанында акыркы демине чейин болгон.

Чыңгыз Мырзаев.
Чыңгыз Мырзаев.

“Көп сырдаштык. Көп жамандык-жакшылыктарда бирге болдук. Бири-бирибизге арка-бел болуп жүрдүк. Барган жери майрам болгон жигит эле. Чыгармачылыкта өзүнүн орду бар, билимдүү талант эле. Колубуздан эч нерсе келбейт экен. Илешкен оорунун артынан кете берди. Бирок катуу аракет кылды. Өзү ырга-шаңга эле эмес, спортко да жакын, күчтүү бала эле. Аяш апама, аяшыма, балдарына, Рустамды сүйгөн жалпы элге кайрат айтам. Досум өткөнү менен экинчи өмүрү башталат. Эки баласы тең таланттуу балдар. Алар атасынын ордун жоктотпойт деп үмүт кылып жатабыз”.

Рустам Сагыналиев жана Азамат Болгонбаев.
Рустам Сагыналиев жана Азамат Болгонбаев.

Эл акыны Азамат Болгонбаев да Сагыналиев менен студент кезинен дос болгон.

Азамат Болгонбаев.
Азамат Болгонбаев.

"Кыргыздын элдик чыгармаларын, аккордеон менен аткарыла турган классикалык чыгармаларын, анан кийинки учурда жаралган лирикалык ырларды да мыкты аткарчу. Боор оорусуна кабылгандан кийин Индия, Орусия, Түркияга чейин барып дарыланып келди. Чыгармачылык менен өзүмдү алаксытайын, саламаттыгыма кам көрөйүн деген нерселер менен гана алек болуп калган. Тилекке каршы донор чыкпай койду. Бир донор чыгып, анын боору жарабай калыптыр. Оорусу акыры жеңип кетти. Минтип аны колдон алдырып, баарыбыздын кабыргабыз кайышып турат. Мындайда оозго сөз да келбей калат экен. Эми Рустамдын аткарган ырлары эл ичинде жашап калат деп ойлойм", - дейт Болгонбаев.

"Куулугу жок, шар мүнөз эле"

Ырчы Кундуз Таштаналиева сахналашын мындайча эскерет:

Кундуз Таштаналиева.
Кундуз Таштаналиева.

"Рустам менен мектеп курагымдан таанышмын. Республикалык кароо-сынактарга чогуу барчубуз. Бала күнүнөн аккордеонду жакшы тартып, ырдачу. Жакшы орундарды жеңип жүрчү. Куулук-шумдугу жок, бетке айтма, шар эле. Ошол себептен да шар келип, кетип калдыбы деп ойлоп кеттим. Анда өнөр адамына таандык бардык сапат бар эле. Өң-келбети, коңур үнү, баары жайында эле. Мындай инсандар саналуу десем да жаңылбайм. Жараткан дагы өмүр берсе, таланты менен далай жандын жан дүйнөсүн аруулап, руханий азык тартуулап, өнөрдүн үрөнүн себет эле, аттиң. Тилекке каршы, арабыздан эрте кетип калды".

Рустам Сагыналиев менен коштошуу зыйнаты.
Рустам Сагыналиев менен коштошуу зыйнаты.

Көзү тирүү кезинде "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алган Рустам Сагыналиевдин сөөгү 14-майда Таластагы өзү туулуп-өскөн Бакайыр айылына коюлду. Маркумдун артында келинчеги, эки уулу калды.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG