Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министр Бишимбаев 24 жылга кесилди


Куандык Бишимбаев жана Салтанат Нукенова (коллаж сүрөт)
Куандык Бишимбаев жана Салтанат Нукенова (коллаж сүрөт)

13-майда Астана соту аялын өлтүрүүгө айыпталган Казакстандын экс-экономика министри Куандык Бишимбаевге өкүм чыгарып, 24 жылга кести. "Кылмышты жашырган" деп күнөөлөнгөн анын тууганы Бакытжан Байжанов төрт жылга кесилди.

Бишимбаев "Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" жана "Кыйноо" беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

Ишти караган судья Айжан Кулбаева өкүмдү окуду:

"Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 1-пункту, 99-беренесинин 2-пункту менен күнөөлүү деп табылды. Биринчи берене менен 7 жылга эркинен ажыратылсын, экинчи берене менен 20 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралсын. Жалпы жонунан Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылынсын".

Ал эми Бишимбаев менен кошо "кылмышты жашырууга аракеттенген" деп айыпталган Байжанов 4 жылга эркинен ажыратылды. Ал өкүм угузулгандан кийин ага макул эместигин билдирди.

31 жашында күйөөсүнүн колунан жайран болгон Салтанат Нукенованын бир тууганы Айтбек Амангелди чечим тууралуу мындай пикири менен бөлүштү:

“Биз мындай өкүмгө да даяр болгонбуз. Биз ушуга деле макул болуп калдык. 24 жылдан кийин ал 68 жашка чыгат экен. Муну деле өмүр бою эркинен ажыратуу деп эсептесек болот. Бул күрөш оңой болгон жок. Биз аябай көп күч сарптадык”.

Маркумдун атасы Амангелди Нукенов чечим чыгардын алдында Куандык Бишимбаевди өмүр бою эркинен ажыратышы керек экенин айткан болчу:

"Бүткүл дүйнө өмүр бою абакта кесилишин каалап жатат. Биздин кызыбызды мыкаачылык менен өлтүргөн ал адам эмес. Өмүр бою эркинен ажыратылышын каалайм", - деген ал өкүм угузулардын алдында.

Бишимбаевдин сунушу менен анын тагдырын сот арачылар чечти.

Сот арачылар бул иш боюнча 13 суроого жооп берди. Үч суроо Бишимбаев менен кошо "кылмышты жашырууга" айыпталып жаткан анын жакын тууганы Бакыт Байжановго байланыштуу, калган 10у Куандык Бишимбаевге коюлган “өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” жана "кыйноо" беренелеринин алкагында.

Анда "Нукенованын ден соолугуна оор залал келтирип, шалаакылыктан жабырлануучу каза болгондугу далилдендиби? Бул кылмышты Бишимбаев жасаганы далилдендиби жана анын күнөөсү барбы?" деген соболдор бар эле.

Юристтер сот арачылардын ушул суроолорго жообуна жараша Куандык Бишимбаевдин жазасы жеңилдеши мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Соттук териштирүү 11-мартта башталган. Жараяндар түз эфирде көрсөтүлүп, аны миллиондогон кишилер көрүп жатат.

Прокурорлор сотто "экс-министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаган, натыйжада Салтанат Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган" деген корутунду менен тааныштырган. 6-майда Бишимбаев акыркы сөзүндө "айыптуумун, бирок атайылап өлтүргөн жокмун" деп айтты.

Ал “жубайын өлтүрүүнү ниет кылбаганын, өз аракети мындай аяктайт деп ойлобогонун” кошумчалады. Соттолуучу кылган ишине өкүнөрүн айтып, баарынан кечирим сураган.

2023-жылы 9-ноябрда Астанадагы BAU ресторанына тез жардам чакырылган. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер жаш келин каза болгонун билдирген. Анын бети жана денеси канга боёлгон. Милиция кызматкерлери маркумдун жарандык күйөөсү Куандык Бишимбаевди кармап, камакка алган.

Кийинчерээк көзөмөл камерасына тартылган видеодон Бишимбаевдердин үй-бүлөсү иштеткен ресторанда жубайлар ортосунда чыр чыгып, күйөөсү аялын ур-токмокко алганы белгилүү болгон.

Тергөө учурунда калыбына келтирилген видеодо (тасма каргашалуу окуядан кийин Бишимбаевдин буйругу менен өчүрүлгөн) күйөөсү аялды бетке муштап, жерге жыгылгандан кийин тепкилегенин көрүүгө болот.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылордо айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулган.

Салтанат Нукенованын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялдар менен балдарды кордогондордун жазасын катаалдаштыруу тууралуу мыйзам кабыл алынган.

Кырчындай куракта зомбулуктун курмандыгы болгон Салтанаттын кейиштүү тагдыры, ага айыпталган Бишимбаевдин соту бир эле Казакстан эмес, дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду.

Эркектердин зомбулугунан өмүрү кыйылган аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:48 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG