Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалды


Жапарбек Ормонов.
Жапарбек Ормонов.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 15-августтагы чечими менен Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов 4-сентябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Соттун маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда.

Жапарбек Ормоновго козголгон кылмыш иши тууралуу ИИМ азырынча маалымат бере элек.

Жапарбек Ормонов бул кызматка 2023-жылы дайындалган. Ага чейин Чолпон-Ата шаарынын мэри, Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинен ат салышкан.

Анын жакындары менен адвокаттары акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo/KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG