Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Өзбек президентине "акаарат келтирген" деп айыпталган жаран беш жылга соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда “президентке акаарат келтирген” деген айып менен жергиликтүү тургун беш жылга соттолду. “Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, Наманган шаардык соту бул калаанын 28 жаштагы тургунун социалдык түйүндөргө президент Шавкат Мирзиёев тууралуу “акаарат келтирүүчү, мамлекетке каршы мүнөздөгү” комментарийлерди жазган деп айыптады.

Соттолгон жаран жаза мөөнөтүн жатак-абакта өтөй турганы маалымдалды. Ал коюлган айыпты жарым-жартылай моюнуна алды.

Комментарийлер Мирзиёевдин 2023-жылы Москвада Жеңиш парадына катышары тууралуу жана Сауд Арабиясына ажылык сапарга барганы тууралуу жаңылыктарга Facebook аркылуу жазылганы маалымдалды, бирок так мазмуну айтылган жок.

Соңку бир жылда, «Озодлик» радиосу билдиргендей, Өзбекстанда ондон ашуун блогер жана активист соттолду. Аларга алдамчылык жана президентти кемсинтүү тууралуу айыптар тагылган.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун соңку баяндамасында 2023-жылы Өзбекстанда адам укуктары боюнча абал кыйла начарлаганы айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG