Экинчи дүйнөлүк канабайрамда канча тагдырлар экчелип, адам өмүрү түккө арзыбай турган чакта улуу сезимге, айныксыз махабатка кабылган жан бактылуу адам. Чоочун жерде мусапыр турмуш кечирип аткан адамдын бакытка балкышы кыска, аягы армандуу бүттү. Арслан Койчиевдин “Вице-президенттин” соңку каты” - өктөлүү дүйнөнүн арманын козгогон кызыктуу баян.
“Адлон” мейманканасы
Чыгармада экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, алман жеринде “Түрк легионунда” кызмат кылып жүрүп арзуу сезимине туш келген жигиттин оор тагдыры сүрөттөлгөн. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн болочок жазуучу канмайданда согуштун биринчи жылында туткунга түшкөн. Уруш башталганда он миңдеген, жүз миңдеген, миллиондогон кызыл жоокерлер немистин колуна түшүп, алары “тикенектүү зымдар менен курчалган лагерлерге тыгылып, жарадарлар менен ал-күчтөн тайыгандар жутта калган малдай четинен кырылып, акыр заман маңдайдан тооруп турганда жаны бир кейиди”.
Адам жаны ушунчалык бекем, ошол эле кезде аябай морт болорун туткундар лагеринде көрдү. Күн сайын боо түшүп кырылып калгандарды сүйрөп барып бир аңгекке көмүшөт. Ошентип качан жайрайбыз деп үшү качып турганда, мусулман журтунан чыккан Мустафа Чокой уулу түркстандыктардан атайын легион түзөрүн угуп калышты, көп өтпөй аскер башчынын өзүн көрдү. Таңдайынан чаң чыккан эчен чечендерди уккан, бирок бул казак баарынан ашып түштү. “Миңдеген туткунду кыркалекей тиздирип, жыйырма мүнөттөй жаагын жанып сүйлөдү. Оболу казакча какшана сүйлөдү, анан орусча сүйлөп, аягын такылдап немисче бүтүрдү”.
Анын сөзүнө берилип, артынан жүздөп-миңдеп адамдар ээрчиди. Согуштан да командирлердин кол алдындагыларга жасаган мамилесин көрүп, ичи сууп жүргөн С.А. “орустун убал-соопту ойлобогон генералын ээрчип бейишке барганча, Чокой уулун ээрчип тозокко барайын!” деп ойлоду. Ошол легиондо ротаны жетектеп жүргөндө “вице-президент” деген лакап атка ээ болгон. Кийин Түркстан комитетине өтүп ал жерден “Миллий Түркстан” деген калың журнал ачышып, анда иштеп калды. Немис аскер формасын кийип Берлиндеги “Адлон” мейманканасынын жанынан өтүп баратса, жергиликтүү бир бийкеч аны аңырайып эле карап калганын байкады.
“С.А. башын көтөрүп, боюн түзөп, немистин аскеринен калышпай колун бийик созуп, үн салып учурашып койду. Немка күлкүсүн тыя албай, каткырып ийди. Анын шылдың күлкүсүн суу сепкендей тыяйын деген С.А. :
- Мен деген оберст-лейтенантмын, фрейлина! – деди.
- Самурай? – деди немка ууртун араң жыйып. – Сен – самурай?
- Оберст-лейтенант! – деди С.А.
Фрейлина Эриканы алгач ошондо көргөн, алгач ушинтип көргөн. Ошондон кийин “Адлон” отелинин жанынан күн алыс жай басып өткөндү эрмектечү болду. Кокус кашынан баягы көзү көк, чачы сары фрейлина чыга калса, апкаарыбай колун бийик созуп, аскерче учурашып койгонго ичинен камданып жүрдү.”
Ошол кырк үчүнчү жылдын кеч күзүндө жолуктурган “көзү көк, чачы сары фрейлинаны” көрүп каламбы деп колу бошосо эле көөнүнө түшкөн мейманканын жанынан өтчү болгон. Ак жоолукту көргөндө буга чейин мынчалык толкундап, көрүшсөм, сүйлөшсөм деген эңсөөнү башынан кечирген эмес эле. Алман кыздын “бийик өкчөлүү, кончу узун кызыл өтүгү, көгүш плащы эсинде калды”.
Мейманкананы акмалап жүргөндө бир байкаганы бул жерде кудайдын куттуу күнү фортепиано жаңырып, Бетховендин “Айлуу түн сонатасы” ойнолчу. Кийин билсе, чыгарма “ашык болгон сулуусу чанып кетип, өкүттө калган жигиттин сүйүүсү тууралуу экен”. Ошол керемет музыка экөөнү тааныштырбадыбы. Бир күнү майрамдын урматына деп алман арагынан уруп алып мейманканага кирип барса, “кош келипсиз” деп татынакай отелдин кызматкери тосуп атпайбы.
Фрау Эрика
Тааныбай калыптыр, эчен күндөн бери жолуксам деп издеп жүрчү бийкечи Эрика фон Дитрих менен ошол жерде таанышты.
"- Немисчени мынча жакшы билет экенсиз. Кайдан билип жүрөсүз? – деди фрейлина.
- Ушунда иштеймин. Кызматтамын.
- Кызматтамын?
Фрейлина аябай таңыркады. С.А. кайсы кызматка салынгандагысын айтты эле, андан бетер таң калды. Ал эми кантип кызматка салынгандагысын айтууга шарт да, убакыт да жок эле, ал жагын купуя калтырып, майрамдан кийин жолугушууга убадасын алганга сүйүнгөн С.А. эки жагын элеңдей карады да, фойеде көп турбай чыгып кетти”.
Дүйнөлүк согуш оту алоолонуп, күнүгө жүз миндеген адамдар кырылып жаткан, опсуз алааматты баштаган калаада экөөнүн сүйүүсү күчөп, бир укмуш сааттарды өткөрүп жатышты. Кең ааламдын кайгысы деле эстерине келбей, кырды-бычак болуп урушуп аткандар менен деле иши болбой, бул турмушта экөө гана бардай өрөпкүп жүргөн сааттардын биринде Эрика “мен эми фрейлина эмесмин, мындан ары фрау деп жүр” деп жылмайды. Кыялга баткан экөө ошондо баласы эркек төрөлсө атын Тяньшань, кыз төрөлсө Анн деп атоону чечишкен. Сыртта Чыгыш фронт, Батыш фронт деген күнкүл сөздөр күчөп, аз өтпөй “Парижди алдырдык” деген кабар тарады.
Ошол 1944-жылдын күзүндө “Түркстан комитетине” немис чоңдордон буйрук келип, фронттогу легионерлерге баш-көз болчулардын катарында С.А.нын да аты жазылыптыр. Сүйгөнү менен коштошууга бир саат убакыт сурап Эрикага коштошкону келди. Сыртка качып кетүүгө кеч болуп калган эле. Кийин согушта жүргөндө Эрикадан кат алды, анда ал уулдуу болгонун, атын Тяньшань койгонун, “уулуңду көргөнү келесиңби, качан келесиң” деп жазыптыр. Башка кат албады. Анткени С.А. бөөдө кырылып калганча деп ротасы менен НКВДнын колуна түшүп берген.
“Тажадым ошондой татаал жашоодон. Баарын калчап көрдүм да, бир рота солдатты бөөдө окко айдабай, ээрчитип кызылдарга келдим. Айлап-жылдап сурак бердим. Кудай андай сыноону да башка салган тура, НКВДнын кыйноосуна да чыдадым. Таш төшөлгөн түрмөгө камап, сызга жаткырышты. Сүйлөтөбүз деп сабашты. Тиштерим күбүлдү. Чыдадым. Көбүнесе, жазганым үчүн жазам оор болду окшойт. Жазамды Сибирде өтөдүм. Ашык-кеми жок он беш жыл толук өтөдүм. НКВД оңдурбайт эми, атууга кетем го деп ойлогом башында. Баягы “Түркстан комитетине” аралашкан кишилердин бир далайы кармалып, баарыбызды Алматыга чогултушту. Сот болду үстүбүздөн. Далайы атууга кетти. Арасында бу жаанга чанда жаралган мыкты адамдар да бар эле. Текши атууга кетишти. Мен атылбай калдым. Ошондо экинчи калем-кагаз кармасам төбөмдөн кудай урсун деп касам ичтим элем. Азыр Фрунзе деген шаарда жашап жатам. Айылыма кайтып барганым жок. Барууну намыс көрдүм. Үйлөндүңбү дейсиңби? Кимге үйлөндүң дейсиңби? Бала-чакалуу болдуңбу дейсиңби? Гмм… Кантип айтсам?”
Адам жаны таштан да, темирден да бекем жаралган окшойт, “Сибирдин чер токойлорунда карагай жыгып, этап менен айдалып, Колыма-Солыма деген көйтүндүү жерлеринде кен казып он беш жыл жүрдү. Он беш жыл толду дегенде, ”сен эми бошсуң!” дешти”.
Бошогондон кийин поюздан-поюзга илээшип жүрүп акыры Фрунзеге жетти. Айылына барбай, 16-жылкы Үркүн тууралуу аңгемесинен кийин колуна калам албаска ичинен ант берип, эч кимге көрүнбөй, билинбей күн кечирүүгө өткөн. “Кечил сыяктанып жалгыз жашап өтүүнү чечти. Карганды. “Бирөөлөрдүн убалына калганым аздык кылып жатты беле, аял албай, уул-кыз көрбөй мындан ары так жашап, урпаксыз өтөйүн! Баланчанын уулу, баланчанын кызы деген ылаңка сөз артымда калбасын! Убалым тийбесин!” - деп карганды”. Совет бийлигинин катаал жазасынан ашкан өкүмдү өзүнө чыгарды. Убакыт болсо билинбей өтө берди.
Анын Фрунзедеги кечил жашоосу деле аягына чыгып, бир күнү жаш кезиндеги досу маңдайынан чыга калып таанып атпайбы.
Уулуна кат
Ошол досунун кыстоосу менен өзүнө окшоп бул дүйнөдөн так өтүп бараткан бир зайып менен турмуш арабасын тартып келатышкан. Өмүр сааты аягына жакындап калганын сезгенде алыстагы уулуна, Тяньшанга кат жазууну чечип, кыйла жылдардан бери көңүлүндө сактап жүргөн сырын тизди.
“Менин сүйүктүү жана кымбаттуу уулум! Мен акыр түбү сага кат жазууга бел байладым. Мен сенин атаң болом. “Тяньшань” деп атыңды өзүм койгом. Эрика мен тууралуу айтты беле? Менин атым – С… Кыргызмын. Кыргыз ССРинен болом. Сенин өмүрүңдүн узун болушун тилейм. Жашооңдо кыйынчылык болбосун!” – деп жазды.
Башка улап жазууга алы жетпеди. Сөз деле табылбады. Жөтөлгөн сайын, жөткүргөн сайын алы кетип баратты. Дагы жөткүрдү эле, кан аралаш какырык чыкты. Капталындагы айнек банкеге түкүрүндү. Артынан бир кочуш кан кусту эле, банкеге колун созгонго үлгүрбөй калып, өбөктөй берди. Жаба кусту эле, полдун бети кызыл-жаян болуп жатып калды. “Өлөр саатым чукулдап калды көрүнөт,” – деп ойлоду С.А.. “Өлсөм да эт-бетимен кетип кулап түшпөй, керебетте узунуман жатып кишиче өлөйүн,” – деди. Аялы келсе жайын айтып, ката турууну суранып коймок үчүн катты үстөлдүн үстүнө ачык калтырды да, томолоно жата кетти. Кашайып, аялы да кечигип жатты. “Эртерээк келсе каттын жайын айтып койбойт белем. Эмне жазылганын деле ачык түшүндүрүп коёт элем. Ал келгенче үзүлбөй турсам экен!” – деп тиленди”.
Алыскы Европадагы уулуна кат жазып атканда көп нерселер эсине түштү. 16-жылкы Үркүн тууралуу жазган аңгемеси Жазуучулар союзунда жактырылып, бирок ал жерде отургандар жаш автордон бир атанын балдарын жазалоочу отряддын түгөл кырып салганын баяндаган жерин бираз жумшартып, кичинекей бала аман калып, тоо-ташта тентиреп жүргөндө большевиктерге жолугуп, уруятты көргөнүн кошсо “мынабу күндүн талабына куп жарашканы” турганын жаш авторго майдалап түшүндүрүшкөнү жадынан чыга элек экен.
Алманияда калган уулу менен аялы анын эсинен эч чыкпай, күндө болбосо да эсине түшкөндө заманасы куурулуп кетчү. Алыстагы карагы акыры түбү Атажуртун издеп келээр деп үмүт кылчу.
“Тяньшанга кат жазып коёюн, балким, жаза тайып колуна тийип калар, балким, эртегидеги Карачородон бетер тегин кууп келмеги бардыр, балким, бейитимди издеп келип-кеткендин бир ыгын табар, эң башкысы, ың-жыңсыз кетпегеним билинсин!“ деген ой жеңип кетти. Жумуруна бекем каткан бир купуя сырын көрүнө ала кеткенден көрө кагаз бетине түшүрүп коюуну эп көрдү”.
С.А. немисче катасыз, так жазчу. Бала кезинде “Манас” айтып, кийин билимдүү болуп жазуучулукка кызыгып калганданбы же китепти көп окуганданбы, текстке өзгөчө аяр, этият мамиле кылчу. Жазуучулукка кызыгып жүргөн кезинде баш калаанын чок ортосундагы Дзержин бульварында турчу. Анын жазгандарын окугандар “кыргыздын Толстою” деп баалап, биринчи аңгемесин китеп кылып чыгармакчы болушкан. Баарын согуш бузуп “кыргыздын Толстою” немистин туткунуна түшүп, көрбөгөнү көр болуп, “Түркстан легионуна” кошулуп, Берлинде Эрика менен таанышып, экөөнүн алоо сезиминен Тяньшань жаралып, кайра согушка кирип, ал жерден кызылдарга өзү колго түшүп, оор азапты Сибир менен Колымадан көрүп, он беш жылдан кийин Фрунзеге кайтып келип, бул жерден өзүндөй бир боорукер жанды таап, акыркы саатына чейин алыста калган уулун эстеп, ошого кат жазышка чыгынган. Өмүр жиби кыска катын бүтүп-бүтпөй үзүлдү.
Жазуучу Арслан Койчиевдин “Вице-президенттин” соңку каты (“Каяктасың, Тяньшань?”) аңгемесинин кыскача мазмуну ушундай. Чыгарма С.А.нын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арналган. Кеп соңунда С.А. деген ысымдын артында тагдыры татаал Сатар Алмамбетовдун өмүр жолу турганын түкшүмөлдөөгө болот.