Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Токаев 2026-жылы шайлоого барбай турганын жарыялады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Egemen Qazaqstan гезитинин башчысы Дихан Камзабекулына маек берүүдө.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Egemen Qazaqstan гезитинин башчысы Дихан Камзабекулына маек берүүдө.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституция өзгөртүлөт деген маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ал Egemen Qazaqstan басылмасында 2-январда жарык көргөн кеңири маегинде билдирди.

Токаев 2026-жылы президенттик шайлоого катышпастыгын кошумчалады. Анын айтуусунда, президент бир гана жолу шайлана алат деген мыйзам “мындан ары эч качан өзгөрбөйт”.

Маекте кандуу Январь окуялары тууралуу дагы сөз болгон. Токаевдин пикиринде, көп кишинин өмүрүн алган башаламандыктарга “чечилбеген социалдык-экономикалык көйгөйлөр жана жалпы эле жылыштын жоктугу” алып келген.

Президенттин ырасташынча, анда күч түзүмдөрүнө жана кылмыштуу топторго эбегейсиз таасири бар жогорку даражалуу адамдар бийликти күч менен басып алуу ыкмасын тандашкан.

“Бийликти төңкөрүү аракетин биргеликте экстремисттер, криминалитет жана диний радикалдар көрүшкөн”,-дейт Токаев.

Казакстанда 2022-жылдын январь айында суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG