Бишкектин Биринчи май райондук сотунда парламенттеги оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун соңку соттук жараяндарында жабырлануучу деп таанылган бир адам жана күбөлөр көрсөтмө берди.
Процесс жабык жүрүп жатат. Өткөн айда Бишкек шаардык соту оппозициячыл саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруудан баш тарткан. Мадумаровдун адвокаты билдиргендей, күбө катары ондогон адам суралышы керек болгондуктан, процесс узакка созулушу ыктымал.
Мадумаров былтыр сентябрда "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталып, камакка алынган.
Адахан Мадумаровдун адвокаты Гуляна Убалиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, саясатчыга козголгон кылмыш ишин тергөөдө бир адам жабырлануучу деп таанылып, 60тан ашык адам күбө болгон. Сот жараянынын жүрүшүндө алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Убалиева соңку сот жараяндарында суралган жабырлануучунун, күбө катары сурак бергендердин ысымын иштеги жашыруун деген белгиден улам атай албасын билдирди.
"Сот процесси уланып жатат. Азыр күбөлөрдү суроо этабындабыз. Иште тергөө тарабынан суралган 62 күбө бар. Андан сырткары дагы кошумча күбөлөр болот. Мурунку, 16-январдагы сот отурумунда эки күбө менен бир жабырлануучу суралган. Кечээки сот отурумунда болсо төрт-беш күбө суралды. Биз кимдер суралганын, алардын фамилияларын, сурак тууралуу айта албайбыз. Себеби бизден ушул этапта тил кат алышкан. Биз иштин жагдайын айта албайбыз. Процесс жабык болуп жатпайбы. Сот ачык өтсүн деп өтүнүч келтиргенбиз, ал канааттандырылган жок. Анын ден соолугу жакшы эмес, мурунку эле диагноздору белгилүү. Ал өзү даттанбайт. Сурасаң, жакшымын деп коёт, бирок 15-20 жылдан бери келаткан өнөкөт оорулары мындай учурда күчөйт да".
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Мадумаровдун соңку сотунда мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов, Чек араны тактоо боюнча мурдагы өкмөт өкүлү Курбанбай Искандаров болгонун жазышты. Буга байланыштуу судьялар, мамлекеттик айыптоочулар комментарий беришкен жок.
Өткөн айдын аягында Бишкек шаардык соту Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ага ылайык, оппозициячыл саясатчы 9-февралга чейин абакта калтырылган. Анын алдында Жогорку Кеңештин ондогон депутаттары сотко кайрылып, Мадумаровду үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев сот жараяны тууралуу аларга дагы маалымат берилбей жатканын айтып берди:
"Биз, 80ден ашык депутат, кол топтоп, "үй камагына чыгарыңыз" деген катты сотко жөнөткөнбүз. Бирок андан майнап чыккан жок. Бул иш азыр "жашыруун", "өзгөчө купуя сыр" деген белги менен кетип жатат. Бизди эч кимибизди киргизбейт. Адвокаттары дагы бизге айтпай жатат. Бирок мен билгенден азыр эки иш жүрүп жатыптыр. Биринчиси - бирөө "50 миң доллар алган" деген жалган жалаа менен арызданган, ошол каралып жатат. Экинчиси болсо - чек ара маселеси, азыр экөө тең каралып жатат".
Учурда Мадумаровдун соту жумасына эки жолу - шейшемби жана бейшемби күндөрү өтүп жатат.
Ал былтыр Бишкекте 2-сентябрда жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен аны милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен.
Жогорку Кеңеш былтыр июнда Башкы прокуратуранын Мадумаровду 2009-жылы ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартуу боюнча сунушуна макулдук берген. Анда “кызматтык укугунан аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. "Бүтүн Кыргызстандын" лидерин Кемпир-Абад маселесинен улам жоопко тартуу сунушу четке кагылган.
Жогорку Кеңештеги "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Кундузбек Сулайманов ошол Мадумаровго байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон жана аны жоопко тартууга макул болуп кол койгон.
"Мен анын иши менен таанышкам. Биз аны чек ара протоколуна кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук бергенбиз. Анын ошол протоколго кол койгонго укугу жок болчу. Ал жерден мен ага карата саясий куугунтукту көргөн жокмун. Анткени ошонун негизинен чыр чыккан учурлар болгон. Канча жолу адам өлүмү катталды. Канча адам көчүп, кайра кирди. Мамлекет канча материалдык чыгым тартты. Тажик тарап "бизде ошол протокол турат" деп айтып жатат. Кол койгонго укугу барбы же жокпу, иши кылса ал кызматта турган деп жатат. Ошол депутаттык комиссиянын жети мүчөсүнүн бешөө макул болсо, демек анын негизи болсо керек", - деди Сулайманов.
Мадумаров чек ара протоколуна байланыштуу коюлган айып-дооматты четке кагып келет. Ал мындан 14 жыл мурда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгонун билдирген. Бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин белгилеген.
Мадумаров сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр жыл башынан тартып күбө катары сурак берип жүргөн. Ал талаштуу документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып, тагылган айыпты “жомок” деп атаган.
“Болбосо андай протоколдор жүздөп саналат". Балбак Түлөбаев “пандора жашыгын ачпагыла” деп айтып кетти. Анткени бул өтө коркунучтуу эскертүү. "Ким ыңгайсыз болсо, аны протоколго такап туруп, алып кете бергенге жол ачылып жатат. Бул бир жагы. Экинчиден, жумушчу топтун протоколун ушундай деңгээлге чыгаруу - бул жеткен сабатсыздык. Болгондо да Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 2011-жылы муну толук жокко чыгарып, 2012-жылы өкмөт аны толук чакыртып алган. Ошондуктан бул 100% эмес, 1000% куугунтук”, – деген Мадумаров камалганга чейинки интервьюларынын биринде.
Былтыр ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Мадумаровго кайрылган. Анда саясатчыны кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маселеде "улуттук кызыкчылыгына каршылык көрсөтөйүн деген" деп айыптаган.
"Жогорку Кеңештеги эң тажрыйбалуу депутат катары, мамлекеттүүлүгүбүз үчүн жооптуу позицияны кармоонун ордуна, бир канча маселеге келгенде тарыхый, мамлекеттик жоопкерчиликти сезбей, элди удургуткан позицияны кармап туруп алдыңыз. Өзгөчө Кемпир-Абад боюнча билип-көрүп, түшүнүп турсаңыз да элди удургутканга аракет кылганыңыз так эле көрүнүп турду. Бир тууган эки элдин, кошуна эки мамлекеттин чиеленишип калган маселесинин жолу табылганда маргинал саясатчылар менен, көк мээ тилекматтар менен улуттун түпкү кызыкчылыкка каршылык көрсөтөйүн дедиңиз. Бул тарыхый ишке элибиз дагы, Орто Азия, керек болсо Европа, АКШ дагы суктанып, мактап, кыргыз-өзбек президенттерине жогору баа берип жатканы чын", - деп жазган Байсалов.
Президент Садыр Жапаров эки жыл мурдагы маектеринин биринде Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протоколду “чыккынчылык” деп атаган.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Мадумаров кармалган маалда Фейсбуктагы баракчасына "мамлекетке чыккынчылык кылгандарга аёо болбойт" деп жазган.