Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Президент талаш жараткан тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду


Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду. Ал тапта мамлекеттик желектин айланасында талкуулар уланууда. Тууга байланыштуу Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевди жоопко тартууну суранып, Башкы прокуратурага арыз жазды.

Жаңы туу кабыл алынды

22-декабрь күнү кечкурун президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгону белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты Президенттин басма сөз кызматы таратты.

"Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин - Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн. Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат, ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулат деп каралган" деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын азыркы туусу (солдо) жана желектин жаңы варианты (оңдо).
Кыргызстандын азыркы туусу (солдо) жана желектин жаңы варианты (оңдо).

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Кыргызстанда бул эң талаш жаратып жаткан маселе экенине карабай, сессияда депутат Нуржигит Кадырбековдон башка эч ким сөз сүйлөгөн эмес. Көпчүлүк колдоп, беш депутат "каршы" добуш берген.

Султанбеков Шакиевге иш козгоону суранды

Ал арада Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевди жоопко тартууну суранып, Башкы прокуратурага арыз бергенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда Султанбеков азыркы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеш мамлекеттик символдорго өзгөртүү киргизе албай турганын билдирген.

"Парламент Конституцияда мамлекеттин сыйлыктарды иштеп чыгуудан тарта, чек араны өзгөртүүгө чейин ыйгарым укуктары камтылган. Бирок азыркы Конституцияга ылайык парламент мамлекеттик символикаларды өзгөртө албайт. Ал эми "Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын үчүнчү беренесинде 40тан ашык ыйгарым укуктары жазылган. Анын биринде дагы мамлекеттик символдорду өзгөртүүгө укугу тууралуу сөз дагы жок. Ушуларга карабастан Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун кабыл алды. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевди Кылмыш-жаза кодексинин 337- (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 338-(Бийликтен аша чабуу) беренелери менен кылмыш ишин козгонуу суранам".

Султанбековдун бул арызына Жогорку Кеңештин төрагасы жана прокуратура азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев туу боюнча мыйзам долбооруна добуш берилгенден кийинки сөзүндө “желек өзгөртүлбөй турганын, ага оңдоп-түзөө гана киргизилип жатканын” билдирген:

"Ар кандай ача пикирлер, ачуу сөздөр болду. Айрыкча менин дарегиме коомчулук тарабынан көптөгөн сын-пикирлер айтылды, катуусу, орунсузу да болду. Бирок мен анын баарын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алдым жана жооп кайтарган жокмун, татыктуу жооп мына ушул болду".

Коомчулукта желекти өзгөртүү маселеси кызуу талкууланып, бир катар адамдар парламентти жана президентти демилгеден баш тартууга үндөшкөн. Сунушту айрым маданият ишмерлери сындап чыкса, спортчулар дагы каршы экенин айтышкан. Парламент кабыл алып койгондон кийин президенттин атына да мамлекеттик символиканы өзгөртүү мыйзамына кол коюудан баш тартуу чакырыктары жолдонуп жаткан.

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов 21-декабрда Бишкекте "Кыргыздар" деп аталган китептин ачылышында сүйлөп жатып, бийликти элдин оюн угууга чакырган:

"Мен парламенттин мамлекеттик тууну өзгөртүү чечимин туура эмес деп эсептейм. Мен бир жолу төрагабызга кирип, Улан экөө менен чогуу сүйлөшкөн элек. "Ээрчишип алып бирге президентке баралы, сөзүбүздү айталы" деп сүйлөштүк эле. Ал сөз бойдон калды. "Парламенттеги угууларга мени чакырып койсоңор, ушул желекти бекиткен спикер мен элем" деп канча жолу айттым. Жанагы үч авторго да Нурландын (Шакиевдин - ред.) көзүнчө айттым, "ай, бул желек силердики эмес, меники" дедим. Меники болбой эмине, аны мен башкарган 350 депутат бекиткен. Ал жерде менин колум турат. Кечээ күнү да сурандым, мени чакырып сөз берип койгула деп. Болор иш болду, мен сындагым да келбейт".

"Жаңы желек, эски желек"

Ага чейин 21-декабрда Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын бирине маек берип, туу жөнүндө пикирин айткан.

Жоламан Шаршенбеков
Жоламан Шаршенбеков

"Мен желекти алмаштырууга каршымын. Алар өзгөртүүгө байланыштуу эч кандай чыгым болбой турганын айткан эле. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алуу планым жок".

Социалдык тармакка чыккан бул жаңылыктын алдына атайын кызматтын тарагасы Камчыбек Ташиев мындай деп комментарий калтырган.

"Бир дагы спортчу расмий мелдештерге мамлекеттин желеги жок катыша албайт. Ошентип эле көрүшсүнчү. Мыйзам кабыл алынды, биз, жарандар, ага баш ийүүгө милдеттүүбүз."

Ташиевге удаа эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы алдыда боло турган эл аралык спорттук мелдештерде, Олимпиада оюндарында спортчулар жаңы тууну көтөрүп чыгарын белгилеген.

Ал эми президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекет спортчуларга, акын, манасчыларга шарт түзүп жатканын эскертип, символиканы сыйлабагандар мамлекеттен жообун алаарын айтып, зекиди.

Бийликтегилердин мындай билдирүүлөрү коомчулукта коркутуу катары кабылданууда. Жарандык активист Перизат Сайитбурхан мындай билдирүүлөр элде нааразылык жаратарын белгилейт:

Перизат Сайитбурхан
Перизат Сайитбурхан

"Каршы чыккан кишилерди кекетип, мокотуп, кыргыздын сыймыгы болгон спортчуларды коркутуп жатканы бул туура эмес көрүнүш. "Мамлекеттин акчасын алып жүрүп" дептир, бул мамлекеттин акчасы эмес, элдин чөнтөгүнөн бюджетке чогулган акча. Бул эл арасында чыңалууну күчөтөт. Негизи эле тууну өзгөртүү элди экиге бөлдү".

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кийинчерек фейсбуктагы баракчасына Жоламан Шаршенбеков менен сүйлөшкөнүн айтып, анын сөзүн журналисттер бурмалаган деп билдирүү таратты.

"Мен азыр Жоламан баатыр менен байланышып, сүйлөштүм. Ал Өзбекстанда сбордо машыгууда. Журналисттер сөздөрүн контексттен жулуп алып чыгарып, ал чоң саясат, сенсация болуп кеткенине өзү таң калып жатат. Мен Жоламанга капа болбо, көңүлгө алба деп айттым. Президент Садыр Жапаров дагы, генерал Камчыбек Ташиев дагы Жоламанды колдойт. Баласындай жакшы көрүшөт керек болсо. Балбаныбызга мамлекет жетекчилиги анын пикирине эч кандай терикпегенин, көңүлгө албаганын жеткиздим. Тек гана ийгилик тилешет!"

Желекке өзгөртүү киргизүү идеясы президент Садыр Жапаровго таандык экени Элдик курултайда белгилүү болгон. Ал азыркы туу кабыл алынганда анын жакындары күн карамага окшош болуп калганын айтканын жана чет өлкөлөргө барганда "май өндүрөсүңөрбү?" деген суроолор көп болуп жатканын билдирген.

"Ырым-жырымдар саясий маданиятка ылайык келбейт"

Филология илимдеринин доктору Дайырбек Кенжебаев тууну өзгөртүү үчүн ырымды аргумент катары колдонуу саясий маданиятка туура келбейт деп эсептейт:

"Мисалы, бирөө сизге желегиңиздер күн кармага окшошуп калыптыр десе, сиз түшүндүрүп айтышыңыз керек. Башка арга жок. Биздин турмушубузда болуп жаткан маселелердин баарын тууга байланыштырыштын өзү опурталдуу. Ырымга байланыштыруу, эзотерикалык көз караштарды аргумент катары алып чыгуу саясий маданиятка ылайык келбейт. Анан ниетти тууну өзгөртүү аргументи катары көтөрүү элди ынандырбайт. Кааласаң, каалабасаң да элдин каяша айтып жатканы ошондон".

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен бекитилген.

Туу өзгөрдү: Коомдун каршылыгы, бийликтин каалоосу
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:53 0:00

XS
SM
MD
LG