Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Жазгыч акын Молдо Кайыптын китеби 100 жылдан кийин жарык көрдү


Төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун “Казал-мурас” китеби. 19-ноябрь, 2023-жыл.
Төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун “Казал-мурас” китеби. 19-ноябрь, 2023-жыл.

XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымдын башында Кара-Кулжа чөлкөмүндө жашап өткөн төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун чыгармалары “Казал-мурас” деген аталышта китеп болуп басылып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын чыгармаларын жыйнап, басмага даярдаган Кыргыз Эл акыны Маркабай Ааматов билдирди.

Ааматовдун айтымында, аталган эмгекте Молдо Кайыптын санат-насыят ырлары, казалдары, дастандары, поэмалары жана башка акындар менен айтыштары чогултулду. Материалдар Кол жазмалар фондунан, акындын урпактарынан, эл оозунан, аны менен айтышкан башка акындар жөнүндө китептерден жана изилдөөлөрдөн алынды.

Молдо Кайып Козубай уулу Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы азыркы Кашка-Жол айыл аймагына караштуу Тоготой кыштагында 1847-жылы (айрым маалыматтарда 1848-жылы) төрөлүп, чөлкөмдүн ушул эле Тоготой жана Алтын-Күрөк айылдарында жашап өткөн. Ал бала чагынан Кашкар шаарында билим алып, кийин илимин Бухара жана Кокон шаарларында уланткан. Эс тарткан соң өзү да медреседе жана үйүндө балдарды окутуп, журтту агартууга салым кошкон.

Молдо Кайып өз заманында илим-билимдүү инсан катары, төкмө жана жазгыч акын катары белгилүү болгон. Ал Кокон хандыгынын тушунда Алымбек Датка, Курманжан Датка башында турган мааракелерде жана башка иш-чараларда айтыштарга катышып турган. Акын Ош, Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу, Баткен, Аксы, Бухара, Анжиян, Кокон, Кашкар жана башка аймактарга чейин таанылган. Акындын чыгармалары арап арибинде тери менен кагазга жазып калтырылган жана эл оозунда сакталып калган. Жазгыч акын 1911-жылы 64 жашында кайтыш болгон.

Молдо Кайыптын тарыхый жолу, чыгармачылыгы жана агартууга кошкон салымы жөнүндө буга чейин бир нече илимий изилдөөлөр жүргөн. Ар кайсы китептерде да анын чыгармаларынан үзүндүлөр келтирилип, айрым ырлары жана дастандары “Ала-Тоо” адабий журналына басылып чыккан. Кыргыз Эл акындары Сооронбай Жусуевдин жана Төлөгөн Мамеевдин, тарыхчы Өскөн Осмоновдун, журналисттер Жазгүл Тентиеванын, Аскар Коңурбаевдин, Курманаалы Сарысейитовдун макалаларында, изилдөөлөрүндө жана чыгармаларында да эскерилген.

Жазгыч акындын көзү өткөндөн 112 жылдан кийин жарык көрүп жаткан “Казал-мурас” китеби Бишкектеги “Улуу Тоолор” басмаканасынан 1000 нускада басылып чыкты. Китептин баш сөзүн Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков жазып, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыповдун жана башка илимпоздордун рецензиялары келтирилди.

Кыргыз элинде салттуу төкмө акындык менен чогуу “молдо” лакабын алып жүргөн жазгыч акындар феномени бар. Алар төкмөлүктөн сырткары диний жактан да сабаттуу болуп, өз чыгармаларын арап арибинде жазып калтырышкан. Алардын сап башында Молдо Нияз (Нияз Эрназар уулу) турат. Ошондой эле жазгыч акындар Нурмолдо (Нурмолдо Наркул уулу), Молдо Кылыч (Кылыч Шамыркан уулу), Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу), Алдаш Молдо (Алдаяр Жээнике уулу), Молдо Багыш (Багыш Сарыбай уулу), Молдо Кайып (Кайып Козубай уулу) жана башкалар да өз атына кошумча ушундай лакап алышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG