Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:17

Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлар жыйнагы жарыкка чыкты


Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу, белгилүү төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлар жыйнагы жарыкка чыкты.

“Булбулум, булбулум ай” деп аталган жыйнакка Иманалиевдин 20га жакын обондуу ырлары тексти жана нотасы менен камтылды. Ошондой эле айрым ырларынын тарыхы жазылган. Акындын ырларын нотага композитор, Эл артисти Атайбек Бөдөшов түшүрүп, китепке Эл артисти Нурлан Нышанов редакторлук кылган.

“Айтыш” коомдук фондунан “Азаттыкка” маалымдашкандай, обондуу жыйнактын бет ачары 20-апрелде Улуттук тарых музейинде өтүп, Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө жана концерттик программа менен коштолот. Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, "Айтыш" фонду жана "Эл акыны Элмирбек" эл аралык коомдук фонду бергилекте уюштурууда.

2020-жылдын октябрь айында Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” жана “Ак таңдагы ак бата” аттуу китептери жарык көргөн.

2022-жылдын күз айында “Аманат” китеби казак тилинде басылып чыккан. Аны белгилүү казак төкмө акыны Айбек Калиев которгон. Китептин бет ачары Алматы шаарында өткөн.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу чыгармаларды жараткан. Ошондой эле мурунку белгилүү акындардын чыгармаларын аткарган.

"Айтыш" коомдук фондунда көптөгөн жаш акындардын устаты болгон таланттуу акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан каза болгон. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG