Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Таржымалы табышмактуу Молдо Нияз


Кызыл-Булак айылындагы орто мектепке Молдо Нияздын аты берилип, бюсту орнотулган.
Кызыл-Булак айылындагы орто мектепке Молдо Нияздын аты берилип, бюсту орнотулган.

«Биз жана дин» түрмөгүн диний ишмер, агартуучу жана ойчул Молдо Нияздын таржымалына арнайбыз.

Тарыхый булактарга ылайык, Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай аймагындагы Кызыл-Булак кыштагында төрөлүп, 1896-жылы көз жумган.

Ал кишинин мусулманчылыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы, дин менен билимди айкалыштырган ишмердиги жана чыгармачылыгы тууралуу эксперт Канатбек Мурзахалиловдун суроолоруна Молдо Нияздын урпагы, жеке ишкер Абдималик Бекмурзаев менен дин таануучу Асан Саипов жооп беришти.

Канатбек Мурзахалилов: - Абдималик мырза, кыргыз маданиятынын тарыхындагы эң табышмактуу чыгармачыл адамдарынын бири, кыргыздын алгачы жазмачы акыны, диний ишмер, ойчул Молдо Нияздын урпагы катары ал киши туралуу эмнелерди айтып бере аласыз?

Абдумалик Бекмурзаев.
Абдумалик Бекмурзаев.

Абдималик Бекмурзаев: Чоң атам азыркы Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын Кара-Дабан деген кыштоосунда жарык дүйнөгө келген. Анын туулган жылы 1823-жыл, 1824-жыл деп ар түрдүү айтылып жүрөт. Алар эки бир тууган болушкан. Бири Кокон хандыгында аскер кызматчысы болуп, «жүз башы» даражасына чейин жеткен Жусупали жүз башы. Андан кийин Молдо Нияз чоң атам.

Молдо Нияз өз заманынын билимдүү кишиси болгон. Биринчи билимди Маргалаңдан, андан кийин Каратегинден алып, анан Кашкарга чейин барып окуган. Дүнүйө, мал-мүлк жыйнаган эмес. Эл кыдырып жашаган киши болгон. Агартуучулук ишин да баштап, медресе ачып, балдарды окуткан.

Мен Молдо Нияз чоң атам окуткан башка чоң аталарымдын көзүн да көрүп калдым. Азыркыга чейин ал киши түптөгөн окуу жай «үңкүр» деп айтылганы менен ошол учурда заманбап болуп жасалган каана болгон. Анын жарымы тоонун боорундагы үңкүр, ал эми жарымы арчаларды кесип келип аябай сонун жасалган каана болгон.

Канатбек Мурзахалилов: - Асан мырза, Молдо Нияз бала чагында айылдык молдодон билим алганы, андан ары Каратегиндеги медреседен окуусун улантканы айтылып жүрбөйбү, азыр мына чебересинен да уктук. Тарыхчылар аны «Маргалаң менен Кашкарда медреседе билимин тереңдеткен» деп айтып жүрүшөт. Чыгармаларындагы адамдардын жүрүм-туруму, тагдыры, турмуштагы кубулуштар, алардын ички маңызын ачып көрсөтүүдө исламдык көз караш, жол-жоболордун дайыма үстөмдүк кылышы анын диний билиминин таасири астында болушу мүмкүнбү? Пикириңиз кандай?

Асан Саипов.
Асан Саипов.

Асан Саипов: - Албетте. Молдо Нияз атабыз кыргыз элинин ошол учурдагы эң билимдүү, Куран менен хадистердин, диндин негизинде элге таалим-тарбия берген, көрүнүктүү акыны десек болот. Себеби, ал жалаң эле жазмакер эмес, динди терең билгендиги тууралуу маалыматтар кыргыз адабиятында да толук камтылган. Кыргыздын ойчул акыны десек болот. Ошол эле учурда динди үйрөнүү максатында атайын жергиликтүү молдолордон билим алып, Каратегинде өзүнүн илимин уланткан. Ошону менен тим калбастан Кокон хандыгы учурундагы бүтүндөй Бухара, Кашкар жактарды кыдырып, өзүнүн терең билимин көрсөтө билген чыныгы чыгармачыл инсан болгон.

Канатбек Мурзахалилов: - Молдо Нияздын өз колу менен жазып, түптөгөн мурастары (кол китептеринин) саны айрым бир маалымат булактарында жети, ал эми акын Эгемберди Эрматовдун жазганына караганда «анын ондон ашуун ыр китеби болгону» айтылат. Абдималик мырза, чындыгында акындын канча китеби болгон? Анын чыгармаларынын баары эле бүгүнкү күндө сакталып калдыбы?

Молдо Нияздын баласы Мурзакул жашаган үй. Урпактары бузбай, сактап келе жатышат.
Молдо Нияздын баласы Мурзакул жашаган үй. Урпактары бузбай, сактап келе жатышат.

Абдималик Бекмурзаев: - Биздин - урпактарынын угушубуз боюнча чоң атабыздын жети китеби болгону айтылып жүрөт. Бирок ал китептер да толук сакталып калган эмес. Бүгүн Илимдер академиясында үч гана китеби турат. Кандайдыр бир түшүнбөстүктүн негизинде калган китептери элдин колунда калып кеткен. Биздин айылдагы китептерин Болот Юнусалиев (илимпоз) 1957-жылы өзү барып чогултуп алып кеткен экен. Азыр китептери Чоң-Алайда, Каратегинде бар деп айтылып жүрөт. Бирок кимде экендигин эч ким билбейт. «Азаттык» аркылуу элге кайрылам: кимде ошол китептер болсо, бизге беришсе жакшы болмок. Балким ал китептерди кимдир-бирөөлөр сактап жүргөндүр. Эгер бизге беришсе, сыйлыгы да белен. Бул китептер элдин казынасы, элдин байлыгы болуп калмак.

Канатбек Мурзахалилов: - Балким Молдо Нияз бабабыз китептерин араб тамгасы менен жазгандыктан, кээ бир адамдар аларды Куранга, шариат илимине такап, үйлөрүндө ошонун негизинде сактап жүргөндүр?

Абдималик Бекмурзаев: - Ошондой болушу да мүмкүн. Негизинен анын чыгармалары чагатай тилинде жазылгандыктан, башында көпкө чейин которулбай турган. Сиз божомолдогондой, бирөөлөр «диний китеп экен» деп да сактап жүрүшү ыктымал.

Көзмө-көз жолугушуп, мен рахматымды айта албай жүргөн Ташкенттен окуп келген Равшан Зулпукаров, тажикстандык тууганыбыз Тайтөрө Батыркулов, Омор агай Сооронов Молдо Нияздын китептерин которуп, элге жеткирүүгө чоң эмгек кылышты. Аларга ыраазычылык билдиребиз.

Канатбек Мурзахалилов: - Молдо Нияздын дүйнөгө болгон түшүнүгү, мамилеси исламдын жана Чыгыш философиясынын нугунда калыптанганын билебиз. Акын эмне жөнүндө жазбасын, исламдык диний мотив, диний мамиле, диний жол-жоболор үстөмдүк кылат. Ушул өңүттөн алып караганда, аны динчил акын деп айтып койсок болобу?

Молдо Нияздын уулу Мурзакул жашаган үй. Урпактары үйдү бузбай, буюмдарын жоготпой сактап келатышат.
Молдо Нияздын уулу Мурзакул жашаган үй. Урпактары үйдү бузбай, буюмдарын жоготпой сактап келатышат.

Асан Саипов: - Албетте. Ал учурда Совет өкмөтү да курула элек болчу. Биз Молдо Нияз атабызды динчил адам болгон деп айта алабыз. Адабий тилде сүйлөй билген, диний билими да жогорку деңгээлдеги адам катары билебиз. Өзү адам баласынын жашоосундагы негизги критерийлерди медреседе окугандыгына байланыштуу изилдөөчү, тарыхчы катары ошол учурдун, доордун талабын аткарган ойчул, философ, аны менен эле катар динди да четке какпаган инсан болгон. Анын чыгармаларынын дээрлик басымдуу бөлүгү ак менен караны айырмалоо темасына арналган. Жети китепти бир жерде отуруп жазбастан, Бухарадан Кашкарга чейин барып, медреселерди кыдырып түптөгөн. Кыргыздын, жалпы түрк элдеринин жашоосу кандай экендигин аңдап, түшүнгөн. Ал мезгилдеги диний түшүнүктөрдү, кыргыздардын тоодо жүрүп да намазды кандай окугандыгын өзүнүн чыгармаларына камтыган.

Молдо Ниязды диний акын дебестен, ошол учурдун прагматик ойчулу, окуяларды алдын-ала көрө билген адам деп койсок дагы болот. Анын өмүр таржымалын биздин дин таануучулар, тарыхчылар иликтөөгө алып, Молдо Нияздын туулган жериндеби же борбордобу чоң илимий иш-чараларды өткөрсөк, мечиттерге анын атын койуп, аны өзүбүздөн чыккан улуу инсан экендигин даңазалап алсак болот.

Х кылымдагы белгилүү ислам аалымы Имам Сарахсийдин атын Бишкектин борбордук мечитине бердик. Ошондуктан, жергиликтүү ислам аалымдарын аттарын чыгаруу, аларды аздектөө, тарыхтагы баасын аныктап, балдарыбызга туура маалыматты калтырып кетүү - биздин милдетибиз деп билем.

Канатбек Мурзахалилов: - Абдималик мырза, жогоруда «акын өзү туулуп-өскөн Кызыл-Булак айылында балдарды сабаттуулукка үйрөтүш үчүн үңкүрдүн ичинде сабак өткөн» деп айттыңыз. Аны ошол доордун мектеби деп атап койсок жаңылбайт болушубуз керек. Кийин медресе ачып, диний–агартуучулук ишин токтоткон жок. Ал эми Совет мезгилинде кээ бир идеологиялык басымдын натыйжасында анын ишмердүүлүүлүгү дээрлик белгилүү болгон эмес. Учурда Молдо Нияздын билим берүүгө, адабиятка сиңирген баалуу эмгектерин изилдөө, үйрөнүү жаатында кандай иштер жүргүзүлүүдө? Анын урпактары бул иштерге кандай кол кабыш кылууда?

Молдо Нияздын үңкүрү деп аталган жай. Жергиликтүү тургундардын айтымында жылдар өтүп, үңкүр кум-ташка толуп калды.
Молдо Нияздын үңкүрү деп аталган жай. Жергиликтүү тургундардын айтымында жылдар өтүп, үңкүр кум-ташка толуп калды.

Абдималик Бекмурзаев: - Молдо Нияз ошол доордо мектеп ачкан. Ал эми «Совет мезгилинде анын эмгектерин таратууга бөгөт коюуга эч ким деле буйрук берген эмес» деп айтылып жүрөт. «Дин жагына көп ыктап кеткен» деген себептен улам китептери чыкпай, тоскоолдуктар болгон. Негизинен тил жагынан да келишпестиктер чыккан. Бул киши анык ичкилик диалектинде жазып, көптөгөн түшүнүксүз сөздөрдү колдонгон. Ошондон улам окумуштуулар да анын эмгектерин изилдөөгө анча кызыккан эмес деп божомолдоймун. Бул менин жеке өзүмдүн оюм. Ошентсе да Молдо Нияздын ишмердүүлүгү боюнча илимий иштер жазылды, мектеп программасына киргизилип сабактар өтүлүүдө. Биз да китептерин басып чыгарууда, башка түрдүү иш-чаралар уюштурулганда дайыма катышып, колубуздан келген жардамды берип жатабыз.

Акындын жазганын окусаң, өзүнүн доорундагы тарыхий инсандардын баары менен кезиккенин байкайсың. Курманжан Датка жөнүндө жазганында «ооматы келип, иши жүрүп турган мезгилин, кийин орустар келип, балдары камалып, атылып, ооматы кеткен учурун», ал тургай ошол маалдагы кыргыз журтчулугун бүт кыдырып, өзүнүн заманындагы улуу адамдар жөнүндө жазган. Бир ырында:

«Арка журттун ичинде абдандарды көргөнмүн,

Жантай баатыр баласы Шабдандарды көргөнмүн.

Ат-Башынын чеп түбү Арпасыны көргөнмүн,

Айбаты улуу Кытайдын шарпасыны көргөнмүн.

Кашкардын үстү гүл бакта ордосуну көргөнмүн,

Кытайдын койгон ордого доргосуну көргөнмүн.

Ашуу кыйын тоолордун кыйынчылыгын көргөнмүн,

Нарын суусу өткөн Курткада Алымбек менен Койчунун үлпөтүнү көргөнмүн», - дейт.

Чоң атабыздын өмүр-таржымалын изилдөө - тарыхчылар, диний аалымдар үчүн да чоң байлык. Учурда изилдене баштады, бирок акырына чейин жетпей жатат. Өзүм илимден алыс киши болгондуктан, эч кийлигише албадым. Кези келип биздин балдар да бул ишке киришет, себеби тарых үчүн, тил үчүн, дин үчүн Молдо Нияз аябай көп нерселерди жазып калтырган деп ойлойм.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG