Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

Кепедеги кыргыз фирма чех товарын Орусияга кантип жөнөткөн?


Чехиялык компаниянын Кыргызстанга жолдогон товарлары Орусияга кантип барып калды?

Чехиялык Denik N басылмасы 10-октябрдагы макаласында Орусияга салынган санкциялар темасына, тагырагы жазалоочу чараларды кыйгап өтүү маселесине кайрылды.

“Тыюу салынган товарларды Орусияга түз жеткирүү мүмкүн болбогону менен, аларды Москва менен ымаласы жакшы өлкөлөргө жөнөтүү жетиштүү. Ал жактарда орусиялыктар бул максатта атайын фирмаларды түзүшкөн”, - деп башташат макаласын Михал Томеш менен Лукаш Прхал.

Журналисттер Чехия үчүн алыскы Кыргызстан эч качан ири соода өнөктөшү болбогонун, 2022-жылга чейин майда электроника же учактардын тетиктери экспорттолуп келгенин белгилешет. Көп убакытта ошол эле продукция борбор азиялык өлкөгө СССР убагында эле жөнөтүлчү. Бирок Орусиянын Украинага басып кирүүсү жана санкциялар дүйнөлүк соода байланыштарын олуттуу өзгөрттү.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Макалада баяндалгандай, чехиялык компаниялар жаңы рынокту издеп башташкан. Орусиялыктарга болсо завод, өнөр жай ишканаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо маанилүү болчу. Ошентип тараптардын жолдору бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда кесилишти. Согушка чейинки жылдар менен салыштырганда Чехиядан Кыргызстанга экспорт он эсе көбөйдү.

Авторлор Чехиянын Статистикалык башкармалыгынын маалыматтарын келтиришет. Ага ылайык, былтыркы февралдан тарта негизинен техниканын, химикаттардын, башка товарлардын экспорту өскөн. Анын ичинде аскердик жана тынч максатта пайдалануу мүмкүн болгон товарлар да бар. Андай продукцияны сыртка алып чыгуу үчүн Өнөр жай жана соода министрлигинин лицензиясы керек.

Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Армения, Грузия жана Азербайжанга да экспорт өскөн. Бирок бул жагынан рекордду Түркия менен соода койгон. 2022-жылкы марттан бери Түркия Орусияны сүрүп чыгып, Чехиянын эң ири соода өнөктөшүнө айланды.

Басылма буга чейин чехиялык өнөр жай жабдыктары Түркия же Кыргызстан аркылуу Орусияга жеткен бир нече учур тууралуу баяндаган. Айрымдарын кош максатта колдонуу мүмкүн болгондуктан, аларды полиция иликтеп жатат.

Журналисттер иликтеп чыккандай, кээ бир иштерде согуш башталгандан кийин түптөлгөн кыргызстандык «Интерстайл Плюс» фирмасы маанилүү роль ойногон. Алсак, чехиялык TOS Varnsdorf компаниясы алар менен келишим түзүп, өздөрү чыгарган станокторду Бишкектин жанындагы машина куруучу заводдорго жөнөтүп турууну макулдашкан. Бирок басылма ал фирма кепеде жайгашканын, заводдун өзү болсо бир нече жылдан бери иш жүзүндө жабык турганын аныктаган.

Чехиянын Бажы кызматы сөз болгон өлкөлөргө экспорттун болуп көрбөгөндөй өскөнүнөн кабардар. Бирок мамлекет аны чектей албайт, анткени ал өлкөлөргө санкциялар салынган эмес.

Жураналисттер TOS Varnsdorf компаниясынын мисалы борборазиялык өнөктөштөр менен келишимдер товар Орусияга жеткирилбейт деген кепилдик болуп бере албасын көргөзгөнүн белгилешет. Компаниянын сатуулар боюнча директору Милош Холаковский басылмага айтып бергендей, алар өз ишин мыйзамдарга жараша жүргүзгөн.

“Биз жабдыктарды «Интерстайл Плюс» фирмасына сатканбыз. Продукция багытталган кардар катары Кыргызстандагы заводдордун бири аталган”, - деп билдирген Холаковский, товар Орусияга жөнөтүлбөйт деген тастыктама алынганын кошумчалады.

Журналисттер ал кагазга коюлган кол жасалма болушу керек деген жыйынтык чыгарышты. Ал эми чехиялык компания иликтөөдөн кийин кыргызстандык тарап менен кызматташтыкты токтотту.

Орусия 2024-жылы да согушту улантууга кам көрүүдө

Орусиянын өкмөтү эмки жылдын бюджетинин долбоорун сунуш кылды. “Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фонду” 11-октябрда жарыялаган көлөмдүү аналитикалык материалында Кремль экономиканы түбөлүк согуштун тузагына түшүрүп жатат деген жыйынтыкка келди. Изилдөөчү-эксперттер Павел Лузин менен Александра Прокопенко жазгандай, жаңы тарыхта биринчи жолу Орусиянын аскердик чыгымдары Ички дүң өнүмүнүн 6% жетип, социалдык багыттарга жумшалчу каражаттан ашканы турат.

"Жарыяланган эсептерге караганда Кремль Батыштын санкция, чектөөлөрү өз жемишин бербей жатканын, демек бюджет толукталып турарын түшүнөт”, - деп уланткан авторлор, аскердик чыгымдар 2024-жылы да Украина менен уруш уланат дегенди туюндурарын жазышат.

Авторлор бюджеттин көрсөткүчтөрү жарым-жартылай же толук мобилизацияга, өлкөдө согуштук абал жарыялоого мүмкүнчүлүк берет деген жыйынтык жасашат.

Жаңы бюджетте социалдык чыгымдар да көбөйтүлгөн. Эксперттер бул каражат оккупацияланган аймактардагы “жаңы орусиялыктарга” пенсия, башка төлөмдөргө жумшалат деп боолгошот. Муну менен катар улуттук коопсуздукка кеткен каражат дагы көбөйтүлмөкчү. Ал эми билим берүү жана саламаттыкты сактоого кеткен чыгым ошол эле деңгээлде калат, бирок инфляцияны эске алганда, иш жүзүндө алар азаймакчы.

Макалада айтылгандай, Орусиянын Экономика министрлигинин божомолуна ылайык, эмки жылы баалар 4,5% гана өсөт.

Авторлордун пикиринде, бюджеттин киреше бөлүгү ашыкча көбөйтүлгөн жана реалдуу көрүнбөйт. Себеби, мунайдын дүйнөлүк баасы арзандап кетсе же Батыш санкциялык режимди күчөтсө, аларды буйтап өтүү жолдорун бөгөттөсө, анда казынага пландалгандай киреше түшпөйт.

Маалыматка караганда, согушуп жаткан армияга 2022-2023-жылдары кеткен каражат 2011-2021-жылдардыкынан ашты.

Ал эми эмки жылкы аскердик чыгымдар буга чейин 3-4 жыл ичинде коротулгандан алда канча көбүрөк болмокчу. Демек, бийлик куралдуу күчтөрдү бир жарым миллионго көбөйтүүдөн тышкары болочок жоготууларды да эске алууда, - деген бүтүмгө келишет эксперттер.

Түшкү уйкунун пайда-зыяны

Түшкү уйку адамдын мээсине жакшы таасир этет. Окумуштуулар узак мөөнөттүү перспективада бул – деменция коркунучун азайтат деген тыянакка келишти. Sleep Health журналы жазганына караганда, уругвайлык жана англиялык изилдөөчүлөр 40-69 жаштагы 400 миң чакты адам тууралуу маалыматты анализдеп чыгышкан. Алар түшкү уйкуга генетикалык жактан ыктагандар бар деп эсептешет.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ал эми Массачусетстеги оорукананын адистери уйку адамдардын үч тобу үчүн өзгөчө маанилүү деп санашат. Алар - эрте тургандар, түнкүсүн уйкусу качкандар жана генетикалык себептерден улам көп уктоого зарыл болгондор.

Бирок куш уйку мээнин иштөөсүн жакшыртып-жакшыртпасы белгисиз.

Батыштын көп жерлеринде, Жапония, Кытай же Испаниядан айырмаланып күндүзгү уйку анча жайылган көрүнүш эмес.

Швейцариядагы дагы бир изилдөөгө ылайык, адамдын жүрөгү үчүн күнүгө эмес, жумасына бир-эки жолу күндүз уктап алуу пайдалуу. Муну менен жүрөк-кан тамырлар ооруларын азайтса болот.

XS
SM
MD
LG