Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Орусия абагындагы мусулмандар: диний жамаат, “мыйзамдагы ууру” жана администрация


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Орусиянын түзөтүү мекемелеринде мусулмандардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу ЖМКларда тынымсыз кабарланып келет.

Бул көйгөйдү тарыхчы жана "Кавказ хроникасы" подкастынын алып баруучусу Майрбек Вачагаев Гарвард университетинин илимий кызматкери, колониялардагы жана түрмөлөрдөгү укуктардын бузулушун изилдеп жаткан Вера Миронова менен талкуулады.

  • Маалымат: илимдин доктору Вера Миронова Оксфорд университетинде басылган "Эркиндик согушкерлеринен – жихадчыларга чейин. Мамлекеттик эмес куралдуу топтордун кишилери" аттуу китептин автору. Ал дүйнө жүзүндөгү куралдуу кагылышуу жана чыр-чатак болгон көп аймактарда (Балкан, Чеченстан, Дагестан, Грузия, Сирия, Ирак, Украина жана Өзбекстанда) изилдөө иштерин жүргүзгөн. Сириядагы ашынган радикалдуу кыймылдардын өкүлдөрү менен маек курууга жетишкен.

– Орусиянын түзөтүү мекемелериндеги мусулмандардын абалын иликтөөгө эмне түрткү болду?

Вера Миронова.
Вера Миронова.

– Менин биринчи китебим "Ислам мамлекети" террордук тобу жана Сириядагы террорчулар жөнүндө эле. Ошентип, алар менин экинчи китебимдин да каармандары болду. Себеби алардын жарымы узак убакытка түрмөгө кесилген. Азыр деле алар менен мамилемди үзгөн жокмун. Алар түрмөлөрдө эмне болуп жатканын айтып турушат. Бул маселенин илимий жагы.

Экинчи жагы коронавируска байланышкан. Иракта алты жыл жашап келдим. Үйдө эле отурчумун, бирок ушунчалык орчундуу тема болгондуктан, сыртка чыкпай деле иштей алмакмын, анткени Орусияга эми такыр барбай калганмын. Демек, түрмөгө барып көрүү мүмкүн эмес, бирок менде камактагылардын дээрлик баарынын телефондору бар. Андыктан иликтөө ишин үйдөн аткарууга абдан ыңгайлуу болду. Коронавируска байланыштуу эрежелер күчөгөн соңку эки жыл ичинде бул эмгекти жазып бүтүрө алдым.

– Мурда Сирия жана Иракка байланыштуу өзүңүз билген адамдар менен маектешүүгө кандайча кызыгып калдыңыз?

– Түрмөлөргө тиешелүү эки нерсеге кызыктым. Ислам же диний жамааттар жөнүндө сөз кылбай эле коёлу, жөн гана түрмөдө отургандардын тагдыры кызыктырды. Ушул өңүттөн караганда, мен түрмөдөгүлөрдүн ички эрежелерин иликтеп, анан кыйла динчил балдар киргенден соң алардын таасир талашы башталганын карап көрдүм. Бул эки топтогу эле адамдар эмес, эки бөлөк идеология экендигин түшүнөбүз да. Түрмөлөрдө алар өз ара кандай мамиле кыларын билебиз. Түрмө – өзүнчө эле аквариум. Ага кире да, андан чыга да албайсың. Өзүнчө ушундай эксперимент. Чычкандар менен тажрыйба жүргүзүп жатканда, аквариумга камап, ар кандай шарттарда эмне болорун, өз ара кандай мамиле кыларын көрөбүз. Алар тышкы чөйрөдөн толук обочолонуп, ички боштукта отурушат.

Мен түрмөнү дал ушундай деп билем. Бул лабораториялык шарттагы ушундай эксперименттин мисалы. "Уурулардын" (түрмөдө отуруп, камактагыларга үстөмдүк кылган адамдардын) идеологиясы ХХ кылымдын 30-жылдарынан бери болуп келген. Андан кийин кайдан-жайдан башка идеологиядагы адамдар келишти. Алар кантип мунаса кылып же кагылыша баштаган эле?

– Сиз "исламчы" деген сөздү көп колдоносуз. Себеби, орус тилинде бул термин өтө терс мааниге ээ.

– "Исламчы" дегенде мен динди эмес, исламды идеология катары колдонгон уюмга мүчө болгондорду айтам. Биз "Имарат Кавказ", "Ислам мамлекети" террордук тобу сыяктуу уюмдарды сөз кылдык. Бул уюмдардагы балдар ошол идеология үчүн күрөшүп, ошон үчүн түрмөгө түшкөн.

Түрмөдө жамааттар, б.а. диний уюмдар бар. Мен түрмөлөрдө мындай уюмдарга кирбей эле "уурулар" менен отуруп, мамиле кылган көптөгөн мусулмандарды билем. Түрмө жөнүндө сөз кылганда биз мусулмандар менен диний уюмдарга киргендерди айырмалашыбыз керек.

“Жамаат” – арабчадан келген сөз, коом, биримдик дегенди билдирет. Түндүк Кавказда бул терминдин башка маанилери да бар. Дагестандын айыл жерлеринде жамаат деп мусулман коомчулугун, жума намазга жыгылуу үчүн борбордук мечитке келген элди айтышат. Ал эми коңшу Чеченстанда бул термин көбүнчө салафиттердин жарым-жартылай аскерлешкен түзүмүн билдирет. Орто Азиядан келгендер көбөйгөн сайын Орусиянын түрмөлөрүндө бейформал мусулман жамааттары түзүлө баштады.

Орусиянын түрмөлөрүндөгү шарт.
Орусиянын түрмөлөрүндөгү шарт.

– Азыркы кезде "мыйзамдагы уурулар" басымдуулук кылган жерлерде ислам динин туткан адам кандай абалда болот?

– "Уурулардын" эрежелери бекем болсо, мусулман динин туткандар үчүн эч кандай көйгөй жок. "Уурулардын" түшүнүгүнө ылайык, жашоо мүнөзүнө эч кандай талап коюлбайт. Бардык эле диндерге урмат менен карашат. Ар кимдин адебине жараша мамиле болот. Ошондуктан "уурулардын" намаз окууга уруксат сураган, адал тамакты талап кылган учурларын так билем. Ырас, орозо кармоого жетиштүү шарт түзүлө бербейт. "Уурулар" ар дайым мусулмандардын укуктарын катуу коргошот.

Колониялардагы же тергөө изоляторлорундагы жамааттардын көйгөйү бар. Аларды диний уюм деп атоого болобу? Билбейм. “Имарат Кавказ” же "Ислам мамлекети" террордук тобун диний уюм деп атасам болобу? Менимче, болбойт. Себеби, булар – өз укугун коргогон, диний идеологиянын артында жашынып жүргөн адамдардын тобу.

Жамаат деген эмне? Конкреттүү түрмөнү атабай эле, кененирээк карап көрөлү. ХХ кылымдын 90-жылдары чечен согушунун катышуучулары бул жакка киргенде, баары жакшы болчу. Алар өзүнчө жашап, эч кимге тоскоолдук кылышкан эмес, "уурулар" менен өз ара сый-урмат болгон. Бирок убакыт өткөн сайын бул топтогулар көбөйө баштады. Эгер сен түрмөдө бийликти алгың келсе, анда тарапкерлериң көп болууга тийиш.

Ошол жылдары ар кайсы колонияларда жамаат уюштурган балдар, алар көптөн бери чыгып келишкен. Бүгүн биз экинчи же үчүнчү муундагылар жөнүндө сөз кылып жатабыз. Таасириңди арттыруу керекпи – анда жамаат мүчөлөрүнүн санын көбөйтүшүң керек. Кимдерди кошобуз? "Уурулар" менен чогуу жүргөн жигиттерге жакшы эле. Кимдер үчүн шарт начар болгон? Жашоодо катуу адашкан, мисалы, баңгизат саткандар үчүн. Мындай адамдар орток корго чоң салым кошушу керек. Ал исламчыларга кошулууну чечет. Ошентип, ал кыйла жогорку даражага көтөрүлөт. Эми эмне кылуу керек? Күнүнө беш жолу намаз окуу керекпи? Бул мен үчүн оңой.

Жамаатта мындай адамдардын саны кандайдыр бир чекке жеткенде, бул балдардын жүрүм-туруму, адеп-ахлагы анча жакшы болбой калды. Андан кийин бийлик, таасир талашып, "уурулар" менен тирешүү башталды. Бул жагдай бүтүндөй аймак үчүн коркунучтуу, анткени "уурулардын" идеологиясы профсоюзга окшош. Эгер алар баары бириксе, колониянын жетекчилигине каршы туруп, бир нерселерди уюштура алышат, жашоосун өзгөртө алышат. Арматуралар менен чабышып, өлүмгө чейин барышат. Бул баарына жаман. “Кайраштыр да, бийлей бер” деген ушул. Калмакстандагы 2-түзөтүү колониясында даана ушундай болгон.

– Орусиянын түрмөлөрүндөгү мусулмандардын санына байланыштуу статистикалык көрсөткүчтөр барбы сизде?

– Мындай конкреттүү статистика жок. Мен сот өкүмдөрүнө көбүрөөк көңүл бурам. Алар интернеттен табылат. "Терроризм", "Имарат Кавказ" ж.б. деп жазсаң эле тийиштүү сот иштеринин кандай жүргөнүн көрөсүң. Мындан тышкары, бул жагынан жагдайы олуттуу болгон балдар бар, аларды карабайбыз – алар коргоого алынган, көпчүлүккө кирбейт. Менин Сирияда, Ооганстанда согушуп келген тааныштарым бар, Алтайда, Мордовияда, телефон жетпеген жерде отурушат. Ооруканага жаткан болсо, жылына бир жолу чалып сүйлөшө алышат. Булар согушка барышкан, бирок салгылашууга катышкан эмес. Же “Имарат Кавказ” мүчөлөрүнө бир баштык азык жеткиргени үчүн эң узак мөөнөткө кесилип кеткен.

– Түрмөлөрдө чиркөөлөр, сыйынуу жайлары бар экендигин билебиз. Мусулмандардын намазканалары кандай абалда?

– Ооба, мен азанга да уруксат берилген колонияларды билем. Булар көбүнчө “кара” тартиптеги колониялар деп аталат. Уктап жаткандарды ойготуп ийбеш үчүн азанды акырыныраак айткыла дешет. Башкаларды да сыйлайлы дешет. Мен азыр шайтандын жактоочусунда көрүнүшүм мүмкүн, бирок кээде намазканалар ушунчалык жаман абалда болгондуктан, аларды жаап салууга туура келчү. Ошондой жамааттарды сөз кылалы. Алар катуу туруп, намазкана ачтырууга жетишкен. "Уурулардын" өзүнчө ордосу бар. Менимче, бул динди шылдыңдоо, бирок тим коёбуз.

Эгер кечээ эле ислам динин кабыл алган адам шариятка ылайык жашайм десе, ал айткандай болбойт. Ал наркоманга окшош. Шарият менен жашайм десе да, тилекке каршы, баӊгизат колдонгон адатын таштай албайт. Намазкана ачтырып алган жигиттер аны ийне сайынуу жайы кылып алган түрмөлөр да бар эле. Ал жерде таң калычтуу окуялар боло бергендиктен, акыры жаап салышкан же "ууруларга" берип коюшкан.

– Сиз жогоруда "уурулар" жамааты менен мусулмандардын ортосунда, айрыкча, жамааттар ортосунда түшүнбөстүк бар дедиңиз. Кандайча болот бул?

– Мен мусулмандар (динге ишенгендер) менен диний уюмдарды айырмалап карайм. Асман менен жердей ажырым бар. “Көз салуучу” ("мыйзамдагы уурулардын” маселелерин тескей турган “жолу бош” киши – ред. эск.) дагестандык же кабардин, б.а. мусулман болсо да, өзү караган зонадагы жамааттар менен тирешкен көптөгөн колонияларды билем.

– Эмне үчүн?

– Жолтоо болгондуктан. Бийлик үчүн күрөшүшөт. Жамаат түрмөнү колго алды дейли. Бүтүндөй түрмө шарият (өздөрү билген шариат) боюнча жашай баштайт. Көпчүлүгү Куранды такыр окуган эмес. Беш убак намазга жыгыл, ошондо сен жамаатка жазыласың дешет аларга. Алар жарайт деп макул болушат. Мындай зонада отуруу өтө кыйын болот, анткени 30-жылдардан берки уурулар башкарат, аларга сырттан чоң колдоо көрсөтүлүп турат. Бир нерсени алып келүү, макулдашуу керек болсо, колониянын администрациясына да кысым көрсөтүшөт. Жамааттардын колунан бул келбейт! Азыр ушундай. Дагестандагы колониянын мурунку башчысын атып салса болобу? Болбойт. Артык кылам деп тыртык кылат. Жамааттар жакшы иш алып барып, колонияларды тартиптүү кармаган учурларды билем. Бирок андайлар аз.

– Биз "мыйзамдагы уурулар" жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бийликтен камалгандарга, т.а. "уурулар" чөйрөсүнө кысым канчалык азайды же көбөйдү?

– Өтө күчөп кетти. Азыр, менимче, түрмөлөрдүн көпчүлүгүн "кызылдар" тескейт "("кызылдар" – мекеменин администрациясынын толук көзөмөлүндө болсо, “каралар” – "уурулардын" эрежелери колдонулса. – редакциянын эскертүүсү).

– Бул бийликтин саясатыбы? Кээ бирөөлөр "мени бул жакта эч ким тааныбайт, атам сууруп чыгат" деп ойлоп келишет эмеспи?

– Ооба. Эмне үчүн биздин өлкөдө диктатура болсо, түрмөдө андай болбошу керек? Жок, түрмөдө да болушу керек. Түрмөнү "кызылдарга" которуу өтө кыйын, бирок баягы эле Калмакстандагы 2-ТКдагыдай жамааттар күнөөлүү болуп чыгат. Башкача айтканда, алар түздөн-түз күнөөлүү эмес, бирок жардам беришкен. Ал жерде "кайраштыр да, бийлей бер" деген эреже иштейт. Башкача айтканда, булар "Ислам мамлекети" террордук тобуна катышы барлыгы үчүн камакка алынып, узак мөөнөткө кесилген (алар интернеттен "ИМ" террордук тобунун үгүтүн жүргүзүшкөн, кимдир бирөөлөр акча жөнөтүп турушкан). Бирок алар "уурулар" менен чырдашып, кагылышып калган – ушул эле колониянын ичинде бир нече адамды өлтүрүшкөн. Колониядагы адамдарды бөлүп ийгенде, оңой эле кызылдарга баш ийдире болот.

Бир нече жылдан бери Ростов-на-Донудагы Түштүк райондук соту Калмакстандагы 2-ТКда террористтик топтун түзүлгөнү боюнча иштерди карап жатат. Тергөөчүлөрдүн айтымында, 2013-жылы туткундар жүзгө жакын адамдан турган жамаат түзүшкөн. “Кавказ.Реалии” редакциясы бул иш боюнча прокуратуранын айрым катышуучулары менен сүйлөшүүгө жетишти. Алар көмүскө топтун бар экендигин такыр танып жатышат. Алар намаз окуу үчүн эле обочолонуп, колонияда башкаларга тоскоол болбогон өз бурчтарды түзгөнбүз дешет. Ошентсе да, жаза мөөнөтүн өтөп чыккандар бул жамаатты түзүү фактысы боюнча кайрадан соттолду.

– Калмакстандагы 2-ТКда жамаат уюштургандарды бийликтер бир нече жылдан кийин гана соттой башташтыбы?

– Жамаат ал жерде көптөн бери болгон. Кызыл колония болчу, анан дагестандыктар алып келинип, кайра “жандантышты”. Бир күчтүү жолдош бар эле. [Колонияда] маданият үйү өрттөлгөн. Бул жолдош "Имарат Кавказдан" эле, зона кайсы бир убакта толугу менен жашыл (ислам динин тутуу үчүн эркин – ред. эск.) болгон, бирок "уурулардын" кичинекей уюгу бар эле, кадимкидей тил табыша алган. Кийин алар жарымы "кара", жарымы "жашыл" болуп бөлүнүп кетти. Жамаат телефон аркылуу кылмыш жасачу – "Сбербанкты колдоп" турчу (уурулар банк кызматкерибиз деп акча тоногон алдамчылыктын түрү. Бул адат кайсы топко таандык экенине карабастан жалпы туткундар арасында кеңири таралган. – ред. эскертүүсү). Ал жерден жетекчилер (ФКБ менен бирге) пара алышчу. Баары тынч, тымызын жасалчу. Түрмөдө отуруп эле акча таба беришчү.

Андан кийин администрацияда коррупциялык чуулгандуу окуялар башталды. "Уурулар" ортосунда катуу тирешүүлөр болгон. Бир нече киши өлтүрүлгөн – адамдар таң калычтуу жагдайда өлгөн да, баары жаап-жашырылып кала берген. Бир кызыктай “чалмакей” башталган. Жигиттер "Ислам мамлекети" террордук тобуна опоңой эле акча жөнөтүшү мүмкүн эле деп анык ишенем. Өтө кеңири кулач жайып калышкан. Түрмөдөн чыккандарды дарбазанын алдынан күтүп, сабашчу да, баарын телефонго тартып алышчу. Ошондуктан баарын камап, кесип ийиш керек деп чечилди.

2-ТКдагы бул калайманга "Имарат Кавказдан" мурдагы кадыр-барктуу жигиттер аралашкан эле. Алар: "Биз жамаатка басып бара албайбыз, анткени уялабыз", – дешчү. Мага уурулар менен отурган бир адам мындай деген: "Уурулар менин динимди сыйлачу, ал эми бул адамдардын динди ушунчалык бузуп салганына уялам!"

– Сиз тааныган Жакынкы Чыгыштагы (Сирия жана Ирактагы) көптөгөн адамдар азыр түрмөдө. Эмне үчүн алар Орусияга кайтып келишти? Өздөрү бул тууралуу эмне дешет?

– Айрымдары эмне болгонун түшүнгөн эмес, кээ бирлери айтмакчы, депортацияланган. Кээ бирлери: "Мени ал жерде эч ким тааныбайт, атам куткарып алат", – деп ойлошкон экен.

– Өз алдынча келгендер менен депортацияланган адамдардын ортосунда кандай байланыш бар?

– Өздөрү келгендер көп эмес. Так санын билбейбиз. Менин беш досум бар. Бул статистикабы? Жок. Алардын баары коргоого алынган. Бул балдар абдан жашыруун турушат. Жакынкы Чыгышка ким барган? Абдан олуттуу жигиттер бар, алар эч кандай түрмөдө эмес, башка, керектүү жерде. Мен бул жерде Амниат ("Ислам мамлекети" террордук тобунун ички коопсуздук кызматында. – ред. эскертүүсү) тууралуу айтып жатам. Алар түзүк эле турушат. Андай болсо кимдер түрмөдө отурат? Дагестандандагы классташыныкына үч күнгө келип, анан Сирияга барганда, баары такыр башкача экенин түшүнүп, кайра кетишти, кудай сактап! Аларга боорум ооруйт, анткени алар түрмөгө түшпөшү керек эле.

– Азыркы кезде Орусиянын басма сөзүндө кимдир бирөөлөр ИГИЛге акча жибериптир же ал жакка өзү жөнөт кетиптир деп жатышат. Кайдагы “Ислам мамлекети”, эгер жок кылынган болсо?

– "Ислам мамлекети" террордук тобу бар, бирок ал жакка Орусиядан кимдер кантип бармакчы болгону күлкүңдү келтирет. Бул беймаани сөз. Акча чын эле жөнөтүлгөн, мисалы, мен өзүм сотто күбө өткөм. Ал эми Сирияга аялдарды террористтик уюмдарга жиберүү өзүнчө эле "улуттук" спорттун бир түрүнө айланды. Интернеттен карасаңыз, жихадга канча акча сурап алып жатышат! Ал жакта бирди жарым майыптар калды, бардыгы Инстаграмдагы баракчаларды ачып, акча суранып жатышат. Булар чет өлкөлүктөр.

– Украинада жана Орусияда отургандарды салыштырып көрүүгө болобу?

– Ооба, менин Украинада Лукьяновскидеги тергөө изоляторунда отурган досторум бар. "Жашыл" аймак бар. Аларда баары жакшы. Түрмөдө андан жакшы болушу кыйын. Балким, коррупцияга көңүл буруу керек чыгар.

Федералдык жаза аткаруу кызматынын булактарында көрсөтүлгөндөй, ар кайсы убактарда түрмөлөрдөгү диний жамааттардын саны 300гө жетип, 10 миңден ашуун жактоочуларды бириктирген. Бул мекеменин маалыматы боюнча, колонияларда жана изоляторлордо 61 мечит, 230дан ашык намазкана бар. Түрмөлөрдө 950дөн ашуун "расмий" мусулман жамааттары бар, алардын курамына 9 миңге жакын мусулман кирет.

***

Подкастта талкууланган маселелер жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалагандар үчүн бул эмгектерди сунуштайбыз: "Эркиндик үчүн күрөшкөндөрдөн – жихадчыларга чейин: мамлекеттик эмес куралдуу топтордун кишилери", Oxford University Press, 2019. (From Freedom Fighters to Jihadists: Human Resources of Non State Armed Groups (Oxford University Press) 2019).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG