Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:18

ЖКда орус абактарындагы кыргыз жарандарынын маселеси айтылды


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев балдары орус абактарында отурган ата-энелердин көйгөйүн айтты. Ал 26-апрелде Бишкекте ондогон адам чогулганын, бийликтен жардам күтүп жатканын билдирди. Мындан улам депутат президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Кечээ бул жерге 200дөй ата-эне келиптир. Мен аларга жолугуп, эки сааттай сүйлөшүп келдим. Президентке киребиз деп кире алышпады. Өкмөттөн дагы жооптуу адамдар чыгып жолуккан жок. Алар бүгүн дагы жүрүшөт. Алар абакта отурган балдарын "Вагнер" мыяктуу уюмдар азгырып, балдары көздөрүн жалдыратып, согушка алып кетеби чочулап жатканын, Кыргызстандан жардам күтүп отурганын айтышты. Башкы прокуратура бул жаатта ыкчам аракеттерди көрбөсө болбойт. Жакында президент Орусияга барып, бийлик өкүлдөрү сүйлөшкөндө эң башкы маселе ушул болушу керек деп ойлойм",-деди Акаев.

Бишкекте 26-апрелде Бишкекте уул-кыздары Орусиянын абактарында отурган ондогон ата-эне акция өткөрүп, бийликке кайрылуу жолдогон. Анда президент Садыр Жапаровго кайрылуусунда алар “маңзат ташыган” деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого көмөк сурашкан.

“Балдарыбыздын көбү Орусиянын ар кайсы шаарларында иштеп жүрүп, курьердик кызматтын айынан милициянын колуна түшкөн. Орус полициясы аларды кармап, кийин сот көбүн алты жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыраткан. 3-4 жылдан бери тергөө абактарында, колонияларда жатышат. Экстрадициялоо боюнча бийликке бир нече жолу кайрылганыбыз менен жыйынтык болбой жатат. Украинадагы согушка аларды тартуу аракети болуп жаткандыктан экстрадициялоо шартын жеңилдетип, тездетип берүүсүн кыргыз бийлигинен өтүнөбүз”, - деген уулу Орусиянын абагында жаткан, өзүн Гүлбүбү деп тааныштырган аял.

Ошондой эле алар экстрадицияга уруксат алгандардын чыгымы 180 миң сомго чамалап жатканын, бул өтө чоң сумма экенин белгилешкен.

Орусияда курьердик кызматтан маңзат менен кармалып калган кыргызстандык мигранттар соңку жылдары аябай көбөйгөнү, бир үй-бүлөдөн бир нече адам кесилип кетип жатканы буга чейин парламентте айтылган.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG