Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:57

Чолпон-Атада Ауэзовдун айкели ачылды


Иш-чарага казак президенти Касым-Жомарт Токаев катышты.
Иш-чарага казак президенти Касым-Жомарт Токаев катышты.

Бүгүн 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда белгилүү казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун үй-музейинин алдында ага арналган бюст орнотулуп, ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да катышты.

Мекеменин маалыматына караганда, Ауэзов 1959-жылдан 1961-жылга чейин бул үйдө жашап, иштеген. 1970-жылы анын урпактары үйдү Чолпон-Ата шаарынын музей фондуна өткөрүп берген. Кийин Ауэзовго арналган музей ачуу чечими кабыл алынган.

Токаев Чолпон-Атага Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин кезектеги саммитине катышуу үчүн келген.

XS
SM
MD
LG