Украинанын президенти 4-майда Прагада туруп, Орусия менен ок атышууну кайсы маалда болбосун токтотуу мүмкүн экенин айтты. Ошол эле маалда Зеленский аны ишке ашыруу үчүн Киевдин өнөктөштөрүн Москвага басымды күчөтүүгө үндөдү.
Чехиянын президенти Петр Павел менен чогуу өткөргөн басма сөз жыйынында Зеленский эгер Путинге басым сезилерлик күчтүү болбосо орус лидери ок атууну токтотуу үчүн чындап эч нерсе жасабай турганын эскертти.
"Орусиянын алтургай Американын ок атышууну токтотуу тууралуу сунушун көңүл сыртында калтырганына бүгүн 54 күн болду", - деди Зеленский. Ал "чыныгы дипломатияны ишке ашыруу" үчүн макулдашуу бери дегенде 30 күнгө созулушу зарылдыгына токтолду.
Президент Павел азырынча Орусия согушту токтотуу үчүн кандайдыр бир чара көрүп жатканынын белгиси жоктугун айтты. "Согушту токтотуу үчүн карта кимдин колунда десек, аны президент Путин бир чечими менен ишке ашырса болот", - деди журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Өткөн аптада Путин Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңишинин 80 жылдыгынын урматына 8-10-майда үч күнгө ок атышууну токтотууну сунуш кылган. Зеленский Кремлдин мындай сунушун четке кагып, март айында АКШнын ок атууну бери дегенде 30 күнгө токтотуу демилгесин ишке ашырууга чакырган.
Зеленский чех лидери менен жолуккандан кийин телеграм-каналына эки өлкө F-16 истребителдеринин учкучтарын жана авиациялык техниктерин даярдоо максатында окуу борборун түзөрүн жарыялады.
2022-жылы Орусия Украинага ар тараптан басып киргенден тарта чех өкмөтү Киевге колдоо көрсөтүп, Прага украин армиясына чоң калибрдагы курал-жарак жеткирүүдө эл аралык демилгени жетектеген.
Президент Павел былтыр Украина андай курал-жарактан 1,6 миллионду алганын айтты. Зеленский ал демилгенин алкагында Киев быйыл 1,8 миллион снаряд алабыз деп турганын белгиледи.
Украин лидеринин Чехиядагы сапары эки күнгө созулуп, 5-майда чехиялык коргонуу тармагындагы ишканалардын өкүлдөрү менен жолугат.
Быйыл 5-мартта президент Павел Украинага, анын ичинде Одессага барып кеткен.
Шерине