Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Украинадагы согушка үч ай: өлкө чыгышы үчүн кармаш


Мариуполь шаарынын четиндеги көрүстөн.
Мариуполь шаарынын четиндеги көрүстөн.

Орусия Украинага басып киргенине 24-майда туура үч ай болду. Бул күнү Киевде согушта өлгөн украиналыктардын элесине арналган атайын инсталляция пайда болду. Ал арада орус армиясы өлкө чыгышында чабуулун күчөттү.

Туура үч ай мурда, 24-февралдын таңында орус армиясы эч негизсиз Украинанын аймагына басып кирген. Ошол күнү чабуулдар Киевден башталып, ондогон шаарлар аткыланган.

Бир ай өтпөй баскынчылардын армиясы Украинанын борбордук бөлүгүнөн, анын ичинде баш калаанын тегерегинен чегинген.

24-майда Киевдин борбордук аянтында согушта каза болгондордун элесине арналган инсталляция пайда болду.

"Путин өлтүргөн украиналыктар" деген жазуу алдында набыт кеткен ар бир адамдын элесине арналып бирден желек сайылган. Алардын саны - 7643. Каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүн.

"Киев акырындап калыбына келе баштады, мекеме-ишканалар иштеп жатат. Көчөдө адамдар жүрөт. Калаага кайтып жатышат. Чындыгында, бир аз жеңилдей түштүк", - деди Киевдин тургуну Дарья Борисюк.

Шаардагы почта бөлүмүнүн алдына согушка каршы маркаларды алуу үчүн жүздөгөн адам кезекте турат. Өзгөчө орус аскер кемесине ортоңку манжасын көрсөтүп жаткан украин аскеринин сүрөтү тартылган маркалар эл арасында популярдуу болууда.

Орус аскер кемесине ортонун көрсөтүп турган украин аскеринин сүрөтү тартылган марка калк арасында өзгөчө популярдуу. 23-май, Киев.
Орус аскер кемесине ортонун көрсөтүп турган украин аскеринин сүрөтү тартылган марка калк арасында өзгөчө популярдуу. 23-май, Киев.

Орус армиясы Украинанын чыгышында чабуулун күчөттү

24-майда орус аскерлери Луганск облусунда чабуулун күчөттү. Украинанын президенти Владимир Зеленский алдыдагы күндөр оор болушу мүмкүн экенин эскертти.

Британиянын чалгын кызматы билдиргендей, орус армиясы учурда 100 миң калктуу Северодонецк шаарын курчоого алуу аракетинде. Эгер бул шаарды алса, Луганск облусу толугу менен баскынчылардын колуна өтөт.

Облустун губернатору Сергей Гайдай орусиялык армия 12 500 аскери менен Луганскини басып алууну көздөп жатканын билдирди.
Гайдай билдиргендей, 24-майдын таңында Северодонецкидеги көп кабаттуу үйлөрдү аткылоодон кеминде төрт жайкын тургун каза тапты.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку бир суткада Украинанын курал-жабдыгы турган кампалар бутага алынганын билдирди.

"Анын ичинде Раздоловкадагы америкалык гаубицаларга колдонлучу снаряддардын ири кампасы жок кылынды", - деди министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков.

Украина орус армиясы согуш башталгандан бери 20 миңден ашуун аскеринен айрылганын билдирип келет. Москва болсо март айында 1500дөй аскерин жоготконун билдирген. Андан бери маалыматты жаңылай элек.

Зеленский Батышты орус мунайына эмбарго киргизүүгө чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Давосто өткөн экономикалык форумда онлайн сүйлөдү. Ал Орусияга жетиштүү санкциялар кирбей жатканын баса белгиледи.

"Санкциялар максималдуу болушу керек. Кошунасынын жерине көз арткан агрессор кол салуунун кесепти кандай болорун билсин. Менимче, мындай санкциялар Орусияга толук киргизиле элек. Орус мунайына эмбарго жарыяланып, орус банктары, IT компаниялары толугу менен блоктолушу зарыл. Агрессор менен соода токтотулушу шарт", - деди Зеленский.

Зеленский ошондой эле аскердик жардам убагында берилбегендиктен, көп адам бөөдө өлүп кетиши мүмкүн экенин кошумчалады. Ал украиналыктарга «эркиндиктин жана көз карандысыздыктын» куну кымбат болгонун айтып, ушул айдын башында өлкө түндүгүндөгү Десна шаарындагы аскердик базага жасалган орус армиясынын соккусунан 87 киши набыт болгонун билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский. 23-май, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 23-май, 2022-жыл.

Украин президенти өнөктөштөрдү Москвага басым жасоого чакырып, Киев туткундарды алмашуга даяр экенин ишара кылды.

Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин көбү орус мунайына жана газына көз каранды. Ошондуктан дароо баш тартуу сунушу учурда бардык мүчө өлкөлөрдүн колдоосуна ээ боло элек.

"Биз бир нече күндүн ичинде алдыга жылыш жасайбыз", - деди Германиянын экономика министри Роберт Хабек ZDF телеканалына курган маегинде.

Анткен менен Хабек эмбарго Москвага дароо таасир этпей турганын да кошумчалады. Ал буга дүйнөдө мунай баасынын өсүшү себеп экенин белгиледи.

Хабектин айтымында, Евробиримдик менен Кошмо Штаттар мунайга болгон дүйнөлүк баага чектөө киргизүүнү караштырып жатат. Бул албетте өзгөчө маалда киргизилген өзгөчө чара болуп калат.

Орусия Евробиримдикке газдын 40% жана мунайдын 27% импорттойт. Бул үчүн жыл сайын 426 миллиард доллар алат.

XS
SM
MD
LG