Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Кыргыз тилинин сакталбаган эрежеси


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Учурдагы жаңылыктардын толгон чордонунда, илимий, техникалык ачылыштардын күрдөөлдүү агымында, адам акылы калчап биле алгыс, таң калтырчу көрүнүштөрдүн алкагында кыргыз тилинин эрежелеринин абалы, дарамети, кызматы улам төмөндөп бара жатат.

Кыргыз тилинде ат деген омоним сөздүн үч мааниси бар:

  • Жаныбар
  • Адамдын аты
  • Кыймыл-аракет (мылтык ат).

Оозеки кепте "Атың ким?" деп сурайт. Экинчи тарап ысымын айтат. Биздин пикирибизче, ат деген сөздүн эки маанисин калтырып, адамдын аты деген сөздү омонимдик мааниден бөлүп, ысымы деп колдонсок болбойбу?

Професор К.К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө (Москва, 1965, 76-бетте) мындайча белгиленет: Ат. Имя, названия, атынан айт - называть по имени; ат кой - дать имя, наименовать; атың ким? Как тебя зовут? Как твоё имя? Аты жок - неимеющий имени.

Ушул эле сөздүктүн 940-бетинде: ысым - имя; ысмы - его имя; ысмыңыз ким? Как ваше имя? Как вас зовут?- деп берилген.

Мисалы: Ат койдук. Ат таптык. Жакшы ат ыйгаруу керек. Бул сүйлөмдөрдө эки маани билдирилип, ойдун даана эместиги айкын аныкталып турат.

"Ысым койдук. Ысым таптык. Жакшы ысым ыйгаруу керек" деп айтылса, түшүнүктүү, так да болот. Негедир сүйлөшүү кебинде ысым, ысмы деген сөз колдонулбай, унутта калып жатат.

Түрк тилдүү элдердин ичинен өзбек тилинде: Исми шарифлари ким болади? Казак тилинде: Исими ким? - деп сурашат. Кыргызча: Ысмың(ысымың) ким? -деп кайрылса туура болот го.

Академик Л.В. Щерба: “Орфографиянын эң негизги максаты жана анын өзгөчө баалуу касиети – элди сабаттуулукка үйрөтүү. Зор аймакты ээлеген 150 миллион орус элинин бардык өкүлдөрү бир түрдүү сүйлөшүү эч бир мүмкүн эмес, бирок бир түрдүү жазууга милдеттүү. Орфографиянын эң негизги баалуулугу - анын биримдүүлүгүндө”,- деп жазган.

Профессор Х.Карасаев мындай деп айткан: “Орфографиянын бир эле эрежесин же болбосо алфавитиндеги бир эле тамгасын өзгөртсөк, окууда да, басмада да аябаганда чоң бүлүк түшөт”.

Эми күндөлүк жашоодо кездешип жаткан ысым, фамилиялардын жазылышына көңүл бөлөлүк. Мисалы; Гүлнара-Клара-Самат(элчи), Абай Нур Большевиков (журналист), Мансур-Бек Канназар (журналист), Элиана-Мариям Саматова, Ой-Талбек Осмонов (жетекчи), Байгазиев Болот-Адыл Нурмухамедович (ишкер) ж.б. мындай энчилүү аттардын жазылышы эрежени бузуп, олдоксондук жаратканы жалганбы?

Эзелтен ата-бабаларыбыз жарык дүйнөгө келген ымыркайга азан чакырып, бир эле ысым койгон. Ал адамдын мүнөзүн, ниетин, тилегин, максатын чагылдырган. Өзүм билемчилик, текебердик кылуудан жазуу эрежелери одоно бузулуп, буга көңүл бура турган уюм, окуу жайы, илимдер академиясы кош көңүлдүктүн сазынан чыкпай, сабаттуулук, эрежелер күндөн-күнгө таасири жоголуп, көңүл бурулбай жатат.

Көркөм чыгармалардын, илимий иликтөөлөрдүн ж.б авторлорунун ысым, фамилияларынын жазылышы да бирдиктүү эрежеге дал келбейт. Мисалы: Х.К. Карасаев. Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү. Бишкек, 2009. Ички бетинде Карасаев Х.К... деп жазылган.

Профессор Т.Аширбаев “Орфографиялык эрежелер” (Ош, 2005, 58-бетте) деген эмгегинде мындай белгилейт:

  • Адамдардын аты, атасынын аты жана фамилиялары баш тамга менен жазылат. М: Чыңгыз Айтматов, Калык Акыев ж.б.
  • Адамдардын фамилиясын уюштурууда кошо келген уулу, кызы деген сөздөр кичине тамга менен жазылат: Касым Тыныстан уулу, Бактыгүл Уран кызы ж.б.
  • Дүйнөлүк тажрыйбада ысым, фамилиялардын жазылышы окшош. М: Франклин Рузвельт, Леонель Месси, Муслим Магомаев ж.б. Рузвельт Франклин, Месси Леонель, Магомаев Муслим дегенди кездештирүү мүмкүн эмес. Ушул негизден эле кайдыгерлик, кенебестик кылбай үлгү алсак болот.

Ысым, фамилиялардын жетекчилердин кабыл алуу канасында, ардак тактада, иш кагаздарында ж.б. учурларда жазылышы бирдей эмес.

М: Орозбеков Манап Жакыпович, Асанова Жамила Белековна.

Жогорку Кеңештин жыйындар залындагы мандат тапшыруу аземинде (2021.30.12) депутаттар отурган орундагы ысым, фамилиясы жогоркудай тизмектелип, жадагалса, Самыйкожо Мирлан деп жазылган. ЖКнын аппаратындагы сабатсыздыкка ушулар далил болуп турат.

Билим берүү тармагында (ЖОЖдо, АООЖдо ж.б.) студенттер окутуучунун ысмын кошпой, фамилиясын гана айтышат. Себеби, өзүбүз туура эмес жазып, ошого жагдай жаратып жатабыз.

Орус тилинде Александр Сергеевич Пушкин, Владимир Владимирович Путин деп жазышат, айтышат. Кыргыз тилинде Кадырбек Асанович Бегматов, Сара Жамаловна Давлатова деп жазса неге болбосун?

Орус тилинин үлгүсүн, таасирин совет доорунан бери колдоп, туурап келип, көз карандысыздык алгандан кийин эрежеге ылайык жазуудан дале жалтактап жатабыз. Зарылчылыкка, муктаждыкка жараша иш кагаздарында, тизме түзгөндө, алфавиттик тартипте жогорудагы үлгү (фамилиясы, ысмы, атасынын ысмы) колдонулат.

Жекелик мааниде, маалымат бергенде, иш кагаздарында (арыз, түшүнүк кат, протокол ж.б) ысмы, фамилиясы бирдей үлгүдө жазылса, сабаттуулукту арттырат. Башаламан, чаржайыттыкка бөгөт болот. М: Медетбек Аскаров (М.Аскаров), Нарсулуу Гургубаева (Н. Гургубаева) ж.б.

Ымыркайга ысым коюуда да демократиянын шарапаты деп башаягы жок, батышты туурган, диний радикализмдин күч алган таасиринде чектен чыгуулар кездешүүдө. Келечекте кыргыздын насилин, санжырасын, наркын, касиетин, улут экендигин мүнөздөп турган ысымдардан кол жууп калуу коркунучу билинип калды. Айрыкча, арабча ысым коюу көбөйүп барууда. Бул өзгөчө сөз кылууга арзый турган маселеге айланып калды.

Кыргызстанда белгилүү молдокелердин бири жамаатка сабак өтүп бүткөндө, сураныч боюнча ымыркай кызга Сунзу (айтылышы Суньзу) деп ысым ыйгарды. Ушундан өзүңүздөр жыйынтык чыгара бериңиздер.

Татарстандын муфтийи К. Самигуллин: “Эне тили жана каада-салттар исламда кудайдан берилген аманат катары эсептелет. Ким эне тили менен каада-салтын жоготууга жол берсе, ал Жараткандын каалоосуна каршы барган болуп эсептелет”-деп белгилеген (“Кыргыз тили” гезити. 2021.21.22. 10-бетте).

Кыргызча ысым коюуну каалагандар профессор Шералы Жапаровдун “Адам аттары – эл байлыгы” (Бишкек, 2017-ж.) деген китептен пайдаланса болот. Анда уулдарга, кыздарга, эгиз балдарга коюлчу ысымдар тизмектелип, түшүндүрмөсү менен берилген.

Асылбек Айтманбетов.
Асылбек Айтманбетов.

Паспорт, диплом, айдоочу күбөлүк өңдүү адамдын кимдигин тастыктаган документтердеги ысым, фамилияларды өзгөртүү кыйынга турат. Себеби, ал көп мүшкүл иш жаратат. Ал эми күндөлүк турмушта бирдиктүү жазуу эрежелерин, каада-салтты сактап колдонууга (тилчилерге гана түртүп койбостон) жалпы коомчулук бирдей аракет кыла турган мезгил келди.

Кыргыздын улут экендигин сыпаттап, далилдеп турган - ысымы экендигин эсибизден чыгарбай, аны сактап калууга, өркүндөтүүгө чогуу чаран камкордук көрөлү.

Асылбек Айтманбетов, ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучусу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG