Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

02:05 28.1.2022

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кыргыз-тажик чек арасында жараат алгандар боюнча 28-январдын саат 1:30дагы маалыматына караганда, буга чейин ооруканага жаткырылган төрт адамдан тышкары жаңы кайрылуулар жок. Баткен облусунун саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.

Облустук ооруканага түшкөн төрт кыргызстандыктын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат. Алар денесинин ар кайсы жактарына сынык тийип жараат алышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, 27-январда кечки алтыларда Баткен облусундагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын тургундары жолду тосуп башташкан.

“Эки тараптын чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта Чыр-Дөбөдө ок атылган. Тажикстандын аскерлери чагым жасашкан. Кечке жуук эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ок атууну токтотууну макулдашканына карабастан тажик тараптан кайра ок атылган. Кыргызстан маселени чагымга алдырбай, тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенүүдө жана коргонуу позициясын гана карманып турат” деп айтылат кыргыз тараптын билдирүүсүндө.

02:10 28.1.2022

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин расмий билдирүүсү: "27-январда кечки 6ларда Баткен облусундагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын тургундары жолду тосуп башташкан. Эки тараптын Чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймак - Чыр-Дөбөдө ок атылган. Тажикстандын аскерлери чагым жасашкан. Кечке жуук эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ок атууну токтотууну макулдашканына карабай, тажик тараптан кайра ок атылган. Кыргызстан маселени акыркы убакка чейин чагымга алдырбай, тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенүүдө жана коргонуу позициясын гана карманып турат".

02:23 28.1.2022

Чек арадагы ок атышуу үчүн эки өлкө бири-бирин айыптады

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууга байланыштуу билдирүү таратты. Коңшу өлкөнүн “Ховар” мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, чек арадагы окуяга Тажикстан Кыргызстанды айыптаган.

Маалыматта айтылгандай, 27-январдын кечинде, саат 17:20 чамасында Кыргызстандын элүүдөй жараны Хожа-Алъо айылына жакын жерде Тажикстандын жаранынын кум ташып бараткан “Портер” автоунаасын мажбурлап көпүрөнүн жанында токтоткон.

Тажик чек ара кызматы муну жөнгө салуу үчүн кыргыз тараптын расмийлери менен жолугуу демилгесин көтөргөн. Тажикстандын тиешелүү органы ага Кыргызстандын өкүлдөрү келбей койгонун, тескерисинче, кыргыз чек арачылары көпүрөнүн жанында позицияларды ээлеп, тажик жарандарына ок атканын билдирет.

Кыргызстан тараптан ок атуу уланып жатканын, Тажикстандын жарандарынын жана чек арачыларынын арасында курмандыктар бар экенин кабарлайт. Алар да “кыргыз тарап миномёттон ок чыгарып жатат” деп айыптап, Кыргызстандын чек арачылары "учкучсуз аппараттарды колдонуп жатканын" билдирет.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, саат 23:00гө карай тажик аскерлери кыргыз жоокерлеринин позицияларын маал-маалы менен аткылап жатканы тууралуу маалымат берилди. Атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында уланууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, Көчө-Бою аймагында "тажик тараптын аткылоосунан улам кыргызстандык жарандын үйү күйүп кеткен". Кыргызстандын чек ара кызматы "жаңжалды биринчи коңшу өлкөнүн жарандары баштаганын, алардын чек арачылары биринчи болуп ок атышканын" кабарлаган.

Кыргыз тараптан жети адам жарадар болгону маалымдалды. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 17 тажикстандык жарадар болгонун, бир жайкын тургун каза болгонун жазды.

02:25 28.1.2022

Кыргызстан учкучсуз аппараттар боюнча тажик тараптын маалыматын четке какты

“Тажикстан кыргыз тарап учкучсуз аппараттарды колдонуп жатканы тууралуу жалган маалымат таратууда” деп билдирди 28-январда саат 1:50дө Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы.

Мекеменин билдирүүсүндө “Дал тажик чек арачылары соңку кездери чалгындоо максаттары үчүн Кыргызстандын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуп келишкен жана бул тууралуу Тажикстандын Чек ара аскерлеринин жетекчилигине маалымат жөнөтүлгөн” деп айтылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG