Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:19

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

02:25 28.1.2022

Баткен жана Согд облусунун башчылары жолугушуп жатат

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну токтотуу жана жаңжалдын себептерин иликтөө боюнча эки тараптуу комиссия түзүлдү. Бул комиссияны жетектеген Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун губернаторлорунун жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, жолугушууга эки облустун милиция, коопсуздук органдарынын жетекчилери да катышууда.

«Комиссия соңку конфликттин чыгуу себептери, хронологиясы, ок атууну токтотуу, мындан ары кагылышууну кайталанбашы үчүн тартиптерди иштеп чыгышы керек. Дал ушул максатта сүйлөшүү башталды. Эртең эки тараптын күч органдарынын жетекчилери, дипломаттар барып жолугушуу өткөрөт»,-деди Казакбаев.

Министрдин айтымында, жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө карабай, кезек-кезеги менен ок атылып жатат. Казакбаев кыргыз тарап маселени саясий дипломатиялык негизде чечүү позициясын карманарын кошумчалады.

«Кыргыз тарап бирөөнүн жерине көз арткан жок. Ошол эле учурда өлкөбүздүн бир сантиметр жери башкага берилбейт. Биз чек ара жана башка маселелерди коңшулар менен көп тараптуу жана эки тараптуу келишимдердин, эл аралык укуктун негизинде тынчтык жолу менен чечүү принцибин карманып келе жатабыз жана карманабыз»,-деп кошумчалады.

02:50 28.1.2022

«Озоди» 17 тажикстандык жаракат алганын жазды

«Озоди» радиосу Тажикстандын Исфара шаардык саламаттык сактоо бөлүмүндөгү өз булактарына таянуу менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 17 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алганын жазды.

«Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар да бар»,-деп айткан ысымын ачык айтууну каалабаган жаран. Ал ошондой эле жабыркагандардын баары калаанын борбордук ооруканасына жеткирилгенин кошумчалады.

Буга чейин “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазган. Маалыматты Чорку жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди.

02:51 28.1.2022

Көчө-Бою менен Дахмада атышуу токтогону, “Головной” менен Төрт-Көчөдө ок атылып жатканы кабарланды

28-январь, саат 02:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы Көчө-Бою жана Дахма жерлеринде атышуу токтогонун Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Головной” жана Төрт-Көчө деген жерлерде ок атылып жатканы угулууда.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, 27-январда кечки алтыларда Баткен облусундагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын тургундары жолду тосуп башташкан.

“Эки тараптын чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта Чыр-Дөбөдө ок атылган. Тажикстандын аскерлери чагым жасашкан. Кечке жуук эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ок атууну токтотууну макулдашканына карабастан тажик тараптан кайра ок атылган. Кыргызстан маселени чагымга алдырбай, тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенүүдө жана коргонуу позициясын гана карманып турат” деп айтылат кыргыз тараптын билдирүүсүндө.

02:52 28.1.2022

Кыргызстан чек ара окуясын чагым деп атап, жоопкерчилик Тажикстанга жүктөлөрүн билдирди

Кыргызстандын Чек ара кызматы 27-январда кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуяны чагым деп атап, бул үчүн бардык жоопкерчилик толугу бойдон Тажикстандын Чек ара аскерлеринде экенин билдирди.

Мекеме тараткан соңку билдирүүдө акыркы кезде кыргыз-тажик чек арасында чагымчылдык көбөйгөнү, бирок тажик бийлиги кырдаалды жөнгөрүү үчүн эч аракет көрбөй койгону белгиленди жана 27-январдагы окуя тууралуу “Эки тараптан тең курмандыкка алып келген кагылышты тажик тарап атайын козутту” деп айтылды.

Ошону менен катар Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап чек арага аскердик техникасын, курал-жарагын, күчтөрүн жана каражаттарын тартып жатканын белгилеп, “Террордук уюмдардын 8 миңге жакын согушчандары топтолуп турган тажик-ооган чек ара тилкесин бекемдөөнүн ордуна тажик тарап кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты күчөтүүгө бел байлап жатканы өзгөчө тынчсыздандырууда” деди.

Мекеме тажик тарапты ок атышууну токтотуп, көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG