Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Кыргызстанда жарык жапырт өчтү. Себеби эмнеде?

Кыргызстанда 25-январда түшкө жуук бир катар аймактарда электр жарыгы өчүп, дээрлик төрт сааттан кийин күйдү. Энергетика министрлиги муну Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды туташтырган энергошакекчедеги аварияга байланыштырды.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Анда Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калып, Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

16:17 25.1.2022

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев учурда Токтогул ГЭСинде 9 млрд. 300 млн. куб метрдин тегерегинде суу бар экенин маалымат жыйында билдирди.

Ал Кыргызстан учурда ички энергосистемасын жөнгө салып жатканын айтты.

Бекмурзаев Кыргызстан 2022-2023-жылга карата кышкы даярдыктар быйыл март айынан баштап башталарын кошумчалады.

Министр бардык аймактарга жарык берүү жолго коюлуп жатканын, электрэнергиясынын өчүшүнөн улам келтирилген чыгымдар кийин эсептеле турганын белгиледи.

Доскул Бекмурзаев
Доскул Бекмурзаев

16:26 25.1.2022

Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас жана Ош облустарына жарык берилгенин билдирди.

16:48 25.1.2022

Кыргызстандагы бардык энергетиктер чукул абал жаралгандыктан ири объектилерге нөөмөткө чыгышты. Бул тууралуу министр Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.

16:57 25.1.2022

Казакстандын Алматы, Чымкент, Талды-Коргон, Тараз шаарларынын бир катар райондорунда жарык өчтү. KEGOC - электр тармактарын башкаруу компаниясы 25-январда саат 11:59да "Борбор Азиянын энергосистемасында авариялык дисбаланс катталып, «Түндүк-Чыгыш-Түштүк Казакстан» транзиттик электр энергиясына 500 киловаттык кубаттагы күч келген" деп билдирди.

"Натыйжада «Түндүк-Чыгыш-Түштүк Казакстан» транзитинде авария болуп Түштүк Казакстандын керектөөчүлөрүнүн көбүнүн жарыгы өчкөн. Чектөөнүн көлөмү 1500 мегаватты түзөт", - деп жазылган KEGOC сайтында. "Азаттыктын" казак кызматы компания учурда авариянын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын кабарлаганын жазды.

Электр жарыгы өчкөнгө байланыштуу Казакстандын түштүгүндөгү ири шаарларда жол чырактар иштебей калды. Алматынын айрым райондорунун жашоочулары 10-15 мүнөттөн кийин электр энергиясын берүү калыбына келгенин айтышты. Айрым райондордо электр энергиясын берүү такыр токтогон эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG