Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Кыргызстанда жарык жапырт өчтү. Себеби эмнеде?

Кыргызстанда 25-январда түшкө жуук бир катар аймактарда электр жарыгы өчүп, дээрлик төрт сааттан кийин күйдү. Энергетика министрлиги муну Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды туташтырган энергошакекчедеги аварияга байланыштырды.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Анда Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калып, Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

14:32 25.1.2022

Кыргызстандын Энергетика министрлиги канча аймакта, канча абонент жарыгы жок калганын азырынча тактай элек. Мекеменин басма сөз өкүлү Жийде Зоотбекова авария болгондон кийин электр жарыгы жарым сааттын аралыгында берилерин билдирген.

“Жарык Борбор Азия боюнча өчтү. Казакстан менен Өзбекстандагы свет жок. Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып 30 мүнөттө өзүбүз жарыкты калыбына келтиребиз. Ошондуктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр”.

Көп өтпөй эле аталган министрлик электр жарыгын калыбына келтирүү бир канча саатка созуларын кабарлады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына авария Кыргызстандын аймагында болбогонун, электр жарыгы 1-1,5 жарым сааттын ичинде берилерин жазды.

14:33 25.1.2022

Социалдык тармактарда колдонуучулар Нарын, Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынын дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчкөнүн билдиришти.

Электр энергиясынын жоктугунан улам Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда суу берүү, мобилдик байланыш, интернет үзгүлтүккө учурады. Жолдордо светофорлор күүйбөй машинелердин тыгыны болуп, жол кырсыгына кабылгандар катталды. Социалдык тармактарда көп кабаттуу үйлөрдө айрым тургундар лифттен чыга албай калышканын жазып жатышат.

Таласта ооруканада генератордун жардамы менен иш уланып жатат. Бул тууралуу облустук бейтапкананын жетекчиси Нурдин Усупбеков "Азаттыкка" билдирди.

"Бизде ооруканада электр энергиясы өчөрү менен автоматтык түрдө генератор иштей баштайт. Бүгүн дагы ошондой болду. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарга, атайы аппараттарда жаткан бейтаптарга залакасы тийбейт. Бир гана учурда абал кандай болот билбейбиз. Генераторго күйүүчү май даярдап, кам көрүп жатабыз".

Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалга көзөмөл жүргүзүп жатканын, ооруканаларжын "кызыл зоналары" генераторлор менен камсыз болгонун билдирди.

14:34 25.1.2022

"Манас" эл аралык аба майданда дагы айрым каттамдар убактылуу токтоду.

Коңшу өлкөлөрдөгү басылмалар Казакстандын түштүгүндө, ал эми Өзбекстандын бир катар аймактарында дагы жарык өчкөнүн жазышты. "Азаттыктын" казак кызматы жергиликтүү тургундарга таянып, Алматы, Чымкент, Тараз, Талдыкоргон шаарларында жарыгы жок калганын билдирди. Өзбекстандын Энергетика министрлиги өлкөнүн бир катар аймактарында ири авария болгонун ырастап, адистер иштеп жатканын кабарлады.

14:36 25.1.2022

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздаган системасын чукул арада колдонушу керектигин айтты.

"Жыл сайын январдын 20сынан баштап февраль айынын 10уна чейин Борбор Азиянын энергосистемасында чоң ири авариялар болуп турат. Ошого биз даярдык көрүшүбүз керек болчу. "Датка-Кемин" көмөк чордонунун курганбыз да. Ошол курулганда айтышкан, "Кыргызстандын" энергетика тармагын толугу менен көз карандысыз кылабыз деп айткан. Тилекке каршы андай болгон жок".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG