Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Кыргызстанда жарык жапырт өчтү. Себеби эмнеде?

Кыргызстанда 25-январда түшкө жуук бир катар аймактарда электр жарыгы өчүп, дээрлик төрт сааттан кийин күйдү. Энергетика министрлиги муну Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды туташтырган энергошакекчедеги аварияга байланыштырды.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Анда Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калып, Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

15:00 25.1.2022

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, учурда Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кыймылын кызматкерлер башкарып жатышат. Ишке бардык кызматкерлер тартылган.

“Бишкек шаарында жол чырактары өчкөнүнө байланыштуу азырынча жол кырсыктары катталган жок, бирок мезгил-мезгили менен жол тыгындары пайда болду. Эс алуудагы кызматкерлер да жумушка тартылды”,-дейт Тилек Исаев.

Маалыматка караганда, шаарда үч миңден ашык жол кесилиштери бар, жол коопсуздук кызматкерлери анын баарын көзөмөлдөөгө жетишпейт.

16:04 25.1.2022
Жарыктын жапырт өчүшү боюнча Министрлер кабинетинин маалымат жыйыны

16:10 25.1.2022

Доскул Бекмурзаев: жарык берүү 60% камсыздалды

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан боюнча жарык берүү 60% калыбына келгенин маалымат жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле учурда энергетиктер ички абалды жөнгө салуу боюнча бардык аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

16:14 25.1.2022

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, кээ бир аймактарда, анын ичинде Бишкек шаарында электр энергиясы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу “Бишкек жылуулук”, “Бишкексвет”, “Бишкекшаарлифт” , “Бишкек сууканал” ишканалары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул буйрук шаарда жарыкка байланышкан абал турукташканга чейин күчүндө болору айтылды.

Баш калаадагы үйлөрдө лифтте калып калган 40тан ашык киши куткарылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG